Өкмөт башчы Абылгазиевдин мүлкү текшерүүгө алынбайт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын прокурору Кумар Байдылдаев маалымат жыйынында билдирди.
Айтымында, Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкү экономикалы кылмыштарга каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматы тарабынан текшерилет. Ал эми өкмөт башчы боюнча кандайдыр бир материалдар Башкы прокуратурага келген эмес.
Депутат Ирина Карамушкина Сооронбай Жээнбеков, Мухаммедкалый Абылгазиев жана Райымбек Матраимовдун мүлктөрүн текшерүүнү талап кылган.