Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин кызынан пара талап кылуу фактысы боюнча айыпталып жаткан президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевди Жогорку сот камакта калтырды. Мындай чечимди бүгүн, 9-сентябрда аталган иш боюнча соттук коллегия кабыл алды
Учурда партиялар биринен сала бири жарышып, курулай убадаларды берип, региондорду кыдырып, салмактуу сүйлөп, калың элди чогултуп шаан-шөкөт болуп жаткан кези. 
"Бүтүн Кыргызстан Эмгек" партиялары да баш кошкондон бери абдан ынтымактуу өмүр сүрүп келе жатат. Бирок, саясый аналитиктер бул экөөнүн бактылуу күндөрү узакка созулбастыгын айтып жатышат. 

Бишкек, «Саясат.kg».  Аталган эки партиядан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлигин койгон Зоорбек Бийзаев менен Дүйшөн Сатыбалдиев талапкерлер тизмесинен чыгышат.

Бишкек, «Саясат.kg». Атаандаштар арасындагы  бири биринин баннерин «уурдай» качмай, жыртып салмай бул шайлоонун башкы куралы болууда.

"Элдердин ортосуна бүлүк салган, бейкүнөө адамдардын канын агызган, өмүрүн алган адамдын аялын катарларына кошуп алып эмне максатты көздөшкөндөрүн билүү кыйын"

Өз элиңдин ким экенин билгиң келсе – алар добушун берген саясатчылар тууралуу бил. (Сергей Лозунько)

Замандаштагы чаң тополоңдон... Эсил кайран Мухтарбек Өмүракунов түптөп, мээнетин төгүп кеткен "Замандаш" пар­тиясы ушу тапта Маркум Мухтардын эмгегин баалай албады. Мухтар Өмүракунов кезинде бийликке сатылбай, партиясын таза кармаган. 

“Кыргызстан” пар­тиясы дагы эмненин ичинен чыгат? Желек таба албай казактарга жабышып, ураан таба албай дагы бирөө менен талашып эле жаткан "Кыргызстан" партиясы жалан акчасына таянып жер-жерлерде шоу менен алектенип атышат. 

Бишкек, «Саясат.kg».  Акыркы учурларда Жалал-Абад облусунун аймагында автоунаа каражаттарынын саны өсүп, айдоочулар тарабынан жол кыймылынын эрежелери сакталбай, андан тышкары өзгөчө кырдаалдар учурунда, атайын үн чыгаруучу, жарык берүүчү (маяк) каражаттарын колдонуп бара жаткан өрткө каршы кызматынын автоунаасына жана медициналык тез жардам автоунаасына айдоочулар тарабынан жолдо ар түрдүү тоскоолдуктарду жаратууда.

 

Бишкек, «Саясат.kg». Бүгүн, 2015-жылдын 9-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы көзөмөл иретинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мурдагы жетекчиси Нарымбаев Данияр Ильичке карата бөгөт коюу чарасын карап

 

Кыргызстандын курама командасына Олимпиада оюндары үчүн буга чейин алгачкы лицензияны жөө күлүк Юлия Андреева утуп берген
Балбан Арсен Эралиев Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында 2016-жылы өткөрүлө турган Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды. Бул тууралуу Олимпиаданын расмий сайты кабарлады.
Бишкек шаарындагы "Мурас ордо" конушунун окуучулары жакын жайгашкан Степное айылындагы "Келечек" мектебине барып окушат. 
Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу көлөч фабрикасы ишке кирди. Бул «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын “61” экономикалык программасынын алкагындагы 15-мекеме болуп эсептелинет. Фабрика 200 адамды жумуш менен камдай алды. 
Ушул жылдын аягына чейин өлкө боюнча 17 айыл ичүүчү суу менен камсыздалат. Бул тууралуу КР Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев “Кабар” агенттигине билдирген.

Бишкек, “Саясат.kg”. Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев көрүнүктүү коомдук-саясий ишмер Турдакун Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты.

2015-жылдын 9-июнунда КРнын өкмөтүнүн мугалимдердин айлыгын көтөрүү жөнүндөгү токтому чыккан. Анын негизинде башталгыч класстардын мугалимдеринин, бала бакча тарбиячыларынын айлыктарын жогорулайт. 

Бишкек, “Саясат.kg”. ТИМден  Үркүн апааты боюнча коомдук комиссиянын Россия, Казахстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттерине кайрылуусуна дөөдүрөгөн жооп келди. Бул тууралуу 1916-жылкы окуяны (Үркүндү) иликтөө боюнча коомдук-саясий комиссиясынан билдиришти.

Шайлоо мыйзамына ылайык, 4-октябрда болчу парламенттик шайлоонун үгүт иштери 4-сентябрда расмий түрдө башталды. Үгүт иштери старт алган алгачкы күнү эле “Республика-Ата Журт”» партиясы парламенттик шайлоого баруудагы программасын элге жарыялап, Бишкек шаарындагы А.Малдыбаев атындагы опера-балет театрында жыйын өткөрдү. 

Ош шаарынын борбордук стадионунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып жаткан “Республика - Ата Журт” партиясынын жолбашчылары Камчыбек Ташиев, Өмурбек Бабанов жана бул саясий уюмдун талапкерлери шайлоочулар менен бетме-бет жолугушту. Башка партиялар өңдөнүп партиянын лидерлери чоң үмүт менен топтолгондорго каат-каат куру убадаларды беришкен жок. Алар менен Кыргызстанды туташ кризистен чукул арада куткаруунун жана өлкө экономикасын кыска аралыкта көтөрүүнүн жолдорун масилет курушту.