Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда милиция кызматкери катышкан жол кырсыгы болду. Кербен шаарында тартип сакчысы башкарып бараткан автоунаа төрт адамды коюп кеткен.
ИИМдин билдиргенине караганда, жергиликтүү мектепте мугалим болуп иштешкен төрт адам кырсыктаган.
Аймактык ИИБдин маалыматына караганда, милиция кызматкери ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү менчик унаасында бараткан. Рулду башкара албай калып, жол жээгинде бараткан төрт адамды сүзгөн. Айдоочу карама каршысында келаткан автоунаадан качуу автоунаасын үчүн жол жээгине бурганын айткан.
Милиционер кармалып, иликтөө иштери башталды.