Жогорку Кеңештин эларалык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин башчысы Арсен Закиров УКМКнын абагына 8-апрелге чейин камакка алынды.
Анын баш коргоо чарасын Биринчи май райондук соту карады. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.
Эске салсак, Жогорку Кеңеште КМШ парламенттер аралык ассамблеясынан Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка деп которулган 30 миң доллар жеке кызыкчылыкка коротулганы белгилүү болгон.
Башкы прокуратура Арсен Закировго карата кылмыш ишин козгогон.