Картинки по запросу нуралы базарбаев  

Бөбөктөрдү тиш оорудан алыс кармап өстүрүүгө энелердин камкордугу биринчи орунда турат. Баланын  бүйлөсүн жарып чыккан тиштерин  биринчи күнүнөн  тартып кантип камкордукка алуу керектигин    «Нурали» стоматологиялык   борборунун жетекчиси, КР «Эмгек сиңирген дарыгери» Нурали Базарбаев айтып берди.

 

 

***

 

 

Баланын биринчи тиши алты айынан чыгат. Айрым балдар төрөлгөндө эле бир, же эки тиши менен төрөлсө, кээ бириники эки айынан баштап алгачкы тиши башбагат. Бирок,   чоочулоонун кереги жок. Табият ушундай, эрте тиши чыккан балдардын сүт тиши эрте түшөт.  Бала 14-16 жашка чыкканга чейин түбөлүк тиштери толугу менен чыгып бүтүшү керек.

 

 

****

 

 Баланын алгачкы тиши чыгаары менен энелер абдан көңүл бурушу зарыл. Алты айлык бала ңеткалап жуудурганга оозун ачып бербейт. Андыктан, күнүнө эки жолу, эртең менен жана уктаар алдында эне таза марлини туздуу сууга малып алып, баланын тишин сүртүп койсун. Бала чоңойгон сайын тиш пастасына өтүп, ңеткалап жууп, «Тишти убагында жуубаса микробдор чогулуп калат да, курт түшөт. Ал ашказанды, ичеги-карынды оорутат, баш ооруйт», - деп түшүндүрүп,  көндүрүү керек. Баланы тишин жууганга кызыктыра турган кооз тиш ңеткалар, таттуу пасталар бар. Ошолорду пайдалануу туура болот. Бала беш жашка чыкканга чейин өз алдынча тишин жууп калышы кажет.

 

 

 

Похожее изображение  

 

Таттуу азыктарды бербөө, же аз өлчөмдө берүү туура. Бала таттууну жебесе билбейт, а кокус бир-эки жолу жеп, даамын татып алса, анда артка жол жок. Таттуу жегенде ашказандан «соляная» кычкылы бөлүнүп чыгат. Тиштин ортолоруна кыпчылып калган азыктын калдыктары кычкылданып, шилекейге кошулат да, ашказандан чыккан кычкыл менен биргеликте кальцийди кубалашат. Кока-Кола суусундугу да кальцийди жууп салат. Бул тиштеги кариестин пайда болушун шарттайт. Бала таттууга көнүп калса, айла жок, анда таттуу азыкты жегенден кийин колуна алма, же сабиз карматып койгула. Бул «өзүн өзү тазалоону» жүргүзүп, тиштин кычыктарындагы азык калдыктарын алып чыгат.

 

 

***

 

 

Эгер бала менен конокко барып, тиш ңеткасын алууну унутуп калсаңыз, такыр жуубай койгондон көрө сода менен чайкап коюңуз. 2-3 жаштагы балдар оозун суу менен чайкаганды билишпейт. Сода кошулган сууну жутуп алышы мүмкүн. Ошондуктан, кадимки эле аш содасын сууга кошуп, марли менен тишти жана бүйлөлөрдү абайлап аарчып салыңыз.

 

 

***

 

 

 

Жаш балдардагы кариес биринчи маңдай тиштерден башталат. Балдарды жылына эки жолу стоматологго алып барып туруу керек. Биз кичинекей пациенттерге укол сайып, дарылай албайбыз. Андыктан, атайын жабдыктын жардамы менен алардын тиштерин жууп, артынан «күмүш пломба» салабыз. Күмүш пломба – кара түстө. Ал баланын тишин карайтып көрсөтөт. Бирок, кариестин тарап кетишинин алдын алып, тишти оорутпайт. Бул сүт тиш, түшөт деп кош көңүл кароо болбойт. Анткени, сүт тиш кандай болсо, түбөлүк  тиш да ошондой акыбалда кармалат.

 

 

Картинки по запросу научить ребенка чистить зубы 

 

 

 

Биздин заманда тишти чайкоого эликсирлердин түркүн түрү бар. Бирок, аны сатып алууга бардык эле ата-энелердин мүмкүнчүлүгү болбой калышы  ыктымал да. Мындай учурда Кочкор, Шамшыкал туздары жардамга келет. Бул туздарды сууга кошуп ээритип, аны менен ооздун ичин чайкатып коюу – тиштин таза, бүйлөлөрдүн бекем болушун камсыздайт.

 

 

***

 

 

Айрым балдардын тишинин үстүнө тиш чыгып калат. Муну медицинада «аномалия» деп атайбыз, кыргызча «ууру тиш» деп коет. Анын алдын алуу үчүн эне кош бойлуу кезде өзүн жакшы карашы керек. Түйүлдүктүн ооз көңдөйү кош бойлуулуктун 5-7-жумаларында калыптана баштайт. Эне бул убакта катуу капаланбай, чоочубай, сасык тумоого кабылбаса, баланын ооз көңдөйү туура өөрчүйт. Кош бойлуулуктун 1-3 – айында жана 7-9 айларында кальций ичүү да зарыл. Ал эми кош бойлуу эненин тиштеринде кариес болсо, ал балага өтөт деген кеп туура эмес. Эненин кариеси балага өтпөйт, организминде кальций жетишсиз болгон учурда гана терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

 

 

 Баланын түбөлүк тишинин саламаттыгы сүт тиштерге көрүлгөн  камкордукка байланыштуу болоорун унутпаңыздар.