Кара-Балта шаарында подьездине кире берээрде киши травматикалык тапанчадан атылган окко туш болгон.

 

Окуя 9-февралда болгон. Аталган шаардагы Кожомбердиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жашоочусу подьездден чыккан кезинде белгисиз адамдар аны травматикалык тапанча менен атышкан.

 

Жергиликтүү тургундардын айтымында, саат 14,30дар чамасы болгон. Жабырлануучу  1988-жылы туулган Н. Тариэлдин ок башына тийген, ошондо да ал өзү автоунаасын айдап, ооруканага барган.

 

Учурда жандандыруу бөлүмүндө.