Бишкектеги №73 мектептин завучунун билдиргенине караганда, мектепте эч кандай педофил кармалган эмес.   Мектеп аймагына кирген мас абалындагы кишини милиция кызматкерлери кармап кетишкен.

 

Укук коргоо кызматы аталган мектептин аймагынан кармалган кишиге кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.

 

Октярбь райондук ИИБинин кызматкерлери 9-февралда мектептин аймагынан мас абалындагы кишини кармашып, убактылуу кармоочу жайга киргизишкен.

 

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

 

Эске салсак, интернет тармагында аталган мектептен педофил кармалды деген маалымат тараган.