Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында 9-февралда кылкы Олимпиадалык оюндар – 2018дин ачылышы болду. Анда Кыргызстандан барган делегация кызыл түстөгү кийим менен чыгышты.

 

 Кыргыз делегациясы 6 адамдан турат. Анын экөө спортчу, экөө тренер, дагы эки адам Улуттук олимпиадалык комитеттин өкүлдөрү. Спортчулар: тоо лыжачысы Евгений Тимофеев жана лыжачы Тариэл Жаркымбаев.