Табигый кырсыктардын болуу коркунучу жогору аймактардын жашоочуларын башка жерлерге көчүрүү боюнча мыйзамдолбоору даярдалды.
Анда, андай аймактын тургундарына башка жерден үй алууга, же жаңы үй курууга жер бөлүп берүү маселелерин алдын ала кароо керектиги айтылган.
Белгиленгендей, Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдардан улам жыл сайын 900 млн сом чыгым пайда болот.
Мыйзамдолбоордун авторлору турак-жайды камсыздандыруу боюнча мыйзам ар кандай табигый кырсыктардан улам жарандарга келген чыгаша мамлекет тарабынан төлөнүп берилет.
Эске салсак, өлкөдө жер көчкүсү жүрүү кооптуулугу бар аймактардан айрым тургундар башка жерлерге көчүп кетүүдөн баш тарткан учурлар катталган. Мисалы, Өзгөн районундагы кооптуу аймактардан көчүүгө 40 үй-бүлө баш тарткан.