Ош облусундагы балдар ооруканасында 2 жаш 8 айлык бала чарчап калды. Аны өз энеси эсин жоготкуча катуу сабагандыктан, комага түшкөн.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Эске салсак, 4-февралда 24 жаштагы Ош шаарынын тургуну 2,8 жаштагы баласын Ош облустук ооруканага жеткирген. Бала катуу жараат алган. Энеси баласы тепкичтен кулап кеткенин айткан. Бирок, текшерүү учурунда баланын денесинен көп сандаган көгала тактар табылып, ички органдарынын жараат алуусу жана баш мээге кан куюлганы да аныкталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө, баланы энеси кепкир менен сабаганы белгилүү болгон. Энесинин айтымында, бала шымына сийип койгону үчүн урган.
Аялга карата КР Кылмыш жаза кодексинин «Бейбашчылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.
Шектүү эки айга камакка алынган.
Баланы аман алып калууга дарыгерлер колдорунан келген аракеттерди көрүштү. Бирок, 11-февралда бала чарчап калды.