Коомдук ишмер Кадыр Кошалиев президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду.

 

Ал кайрылуусун Фейсбуктагы баракчасына чыгарды.

 

Коомдук ишмер учурда кургак ачкачылык кармап жаткан саясий туткундар тууралуу айткан:

 

 

Картинки по запросу бектур асанов 

 

«КЫЗМАТ КЫМБАТПЫ...? ЖЕ АДАМ ӨМҮРҮБҮ?!

 

Урматтуу Президент Сооронбай Шарипович! 


Кечээки сиз өткөргөн Коопсуздук кеңеште коомдогу эң бир көйгөйлүү маселе болгон сот-прокуратура,укук коргоо, күч органдарынын ишмердүүлугу каралыптыр. Эл ичинде аз болсо да сизге болгон ишенимдин оту жанды. Эл акыркы мезгилде жогорку мамлекеттик кызмат адамдарынын бирине да ишенбей калган эле. Сиздин баяндамаңызда бул тармактагы башаламандыктарга туура баа берилди.Абалды оңдоодо сиздин бекем позицияңыздын мааниси чоң. Айтылган жакшы ойлордун ишке ашышын эл күтүүдө.

 

Жөнөкөй элди мындай койгондо да азыр камакта жатып он күндөн бери кургак ачкачылык жарыялашкан Б.Асанов, К.Кадыров, Э.Карабековдун (Бүгүн Д.Сарыгулов да кошулуптур) абалдарына кайдыгер кароого акыбыз жок. Айрыкча Б.Асановдун абалы абдан оор дешүүдө. Буларга мамлекеттик түзүлүштү күч менен өзгөртүү боюнча күнөө тагуу -арык аттап, суу кечпеген куру жалаанын деңгээлиндеги иш болуп калды.Анткени, азыр жок эле дегенде элдин 50%тен көбү булардын телефондо суйлөшкөн кептерине окшогон пикирлерди кадам сайын айтышат. Күч колдонуу менен төңкөрүшкө баруу үчүн куралдуу топторду түзүп, чоң суммадагы акчаларды чачып, калың элди кан төгүлгөн кармашка баштап чыккан реалдуу кадамдардан сон кармалышканда айтса бир жөн эле. Мейли,  эми алардын иш аракетинде кылмыштын белгилери барбы, же жокпу адистер аныкташсын, айтайын дегеним, алар койгон дагы бир талап КРнын Улуттук коопсуздук кызматынын башчысынын отставкасы жөнүндөгү маселе менен төрт адамдын өмүрү чийе байланып калды. Ушул маселени кеч болуп кала электе саясий эркти көрсөтүп, А.Сегизбаев мырза өз каалоосу менен кетпесе, сиз кийлигишип, түйдөктүн түйүнүн чечүүңүз керек болуп калды.


Андан Кудай сактасын, эгер адам өмүрүнө залака кете турган болсо дүйнөлүк коомчулуктун алдында кыргыз бийлигинин жүзүнө көө жабылат. Жаңыдан жандана баштаган сиздин ишке да кедергиси тиет. Демек, сиз тараптан чечкиндүү  кадам жасалышын коомчулук күтүүдө!!!»