Подмосковьеде «Саратовдук авиалиния» компаниясынын учагынын кыйроого учурады. Жабыркаган жүргүнчүлөрдүн арасында кыргызстандыктар жок.
Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-февралда учак «Домодедово» абамайданынан көтөрүлүп, Орск каттамы менен багыт алганда, Раменск районунун үстүнө кулаган.
Учактын ичинде жүргүнчүлөр болгон. Ан-148 радар экранынан Москвадан чыгып кеткенден 7 мүнөттөн кийин көрүнбөй калган. Бортто 71 дам болгон. Анын 65и жүргүнчүлөр (бири наристе), экипаждын алты мүчөсү.
Болжолдуу маалыматтарга караганда, жүргүнчүлөрдүн баары Оренбург облусунун тургундары. Каза тапкандардын арасында кыргыз жарандары жок.