Бул тууралуу жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров билдирди.
Айтымында, камактагы саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбековдорду колдоо акциясын өткөрүү ниетинде турат. Ал кургак ачкачылык кармаган саясатчылардын ал-акыбалы тууралуу маалыматты алууну талап кылат.
Ошондой эле жарандык активист Өмүрбек Текебаевдин камерасына орнотулган видеобайкоону алып салууну талап кылат.
Эске салсак, абактагы оппозиционер Бектур Асановдун ачкачылык кармаганына 14 күн болду. Карыбеков 13, ал эми Кадыров 12 күндөн бери кармоодо. 9-февралда алардын адвокаты коомчулукка саясатчылардын акыбалы начарлай баштаганын билдирген.
Аталган саясатчылар «Бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо» беренеси боюнча соттолушкан.