Аксыдагы жолдогу кырсыктан жабыркап, ооруканага жеткирилген эки мугалимдин биринин акыбалы оор бойдон калууда.

 

Эске салсак, 10-февралда Кербен шаарындагы Үмөталиев көчөсүндө милиция кызматкери башкарып бараткан машине жол жээгиндеги төрт аялды коюп кеткен. Аялдардын баары мектепте мугалим болуп иштешкен. Экөө окуя болгон жерде каза табышса, экөө ооруканага жеткирилген.

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда ооруканага жеткирилгендер:

 

А. М. 1983-жылы туулган. Жабык-мээ травмасы, баш мээнин катуу жараат алуусу. Травматикалык шок. Жандандыруу бөлүмүндө жатат. Акыбалы абдан оор.

 

Т.Г. 1983-жылы туулган.  Травматология бөлүмүнө жайгаштырылган. Акыбалы орточо оор.

 

 

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Аксы районундагы Мамай айылындагы №52 мектептин каза тапкан мугалимдеринин жакындарына көңүл айтты.