Ош шаарындагы энесинен катуу таяк жеп, комага түшкөн 2,8 жаштагы наристе чарчап калгандан кийин энесине карата кылмыш иши да өзгөртүлдү.

 

 Укук коргоо кызматы баласын  эс-учун жоготкуча сабаган энеге «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш ишин ачкан, эми ал «Киши өлтүрүүгө» өзгөртүлдү.

 

Маалым болгондой, мындай чечим бүгүн, 12-февралда кабыл алынды. Укук коргоо кызматынан билдиришкендей, башында соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыга элек болгондуктан, кылмыш иши «Бейбаштык» менен ачылган.  

 

 Учурда шектүү Ош ИИБинин убактылуу кармоочу жайында. Бирок, жакынкы күндөрү ал Жалал-Абаддагы №53 аялдар абагына которулат.