Татарстанда кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов тууралуу документалдуу тасма тартылат.
Чыңгыз Айтматовдун уулу «Татарстан» мамлекеттик телеканалына интервью берди. Бул тууралуу кино Департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жазуучунун уулу Аскар Айтматов атасынын 90 жылдыгына карата тартылган тасманын Татарстандын эки районундагы сьемкасы кандай өткөнүн айтып берген.
Сьемкалык топ Татарстандын жазуучулар Союзунда да болушкан, ал жерде Аскар Айтматов атасынын кесиптештери менен баарлашып, алар улуу жазуучу менен болгон достугун айтып беришкен.
Аскар Айтматов таятасынын кичи мекенине биринчи жолу барган. Ал жерде жазуучунун аты менен аталган музей жана гимназия бар.
Тасма күзгө карата тартылып бүтөт.