Мейли уюм, кыймыл же партия болсун, адеп сөзсүз түрдө өзүнүн жобосун иштеп чыгат. Андан аркы аракетинде дал ушул алкакты негиз кылып алууга тийиш. Чындыкта уюмдар уставында эмне жөнүндө жазылгандыгы тууралуу унутуп калгандай сезилет.  Бийликтин партиялары жоболорунда көрсөтүлгөн коомдук багыттары боюнча иш алып барып жатабы? Албетте, бул суроого көңүл бурбаса да болот. Бирок, учур көңүл бурууну талап кылып жаткандай. Төмөндө ушул тууралуу азыноолак сөз кылсак.
 
Президент А.Атамбаевге кош канат бүтүргөн Кыргызстан социал-демократиялык партиясы учурда мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче өлкөнүн кош тизгинин өз колуна кармап, Кыргызстанды кайдадыр жетегине алып жаткансыйт. Калкты түйшөлткөн жери кайда барабыз? КСДПчылар партиясынын аты айтып тургандай, коомдук багыты социал-демократияны куруу. Мурдагы СССРдин курамына кирген мамлекеттерде “социал” деген сөз кадимки бейпилчиликти, арзанчылыкты элестеткен өзүнчө доор болуп биздин элесибизде түбөлүккө калды. “Социал” деген сөз жашоо-шарттын деңгээлин аныктоочу термин катары колдонулса да, биз аны теңчилик жашоо-шартынын мыкты үлгүсү деп айтып жүрөбүз. КСДП партиясынын иш-аракеттери Уставында жазылган багыттарга коошпой жатканы коомго белгилүү эле болуп турат. Либерал экономиканы (ээн-эркин баш аламан өнүгүү, мамлекеттин көзөмөлү жок, күчтүүсү алсызын талкалаган) мындайча айтканда, капиталисттик ири монополисттерди жаратуучу коомду өнүктүрүп жатканын көрүп турабыз. Коом ошол үчүн баш аламан. Адамдар да башкача болуп бара жатат. Демек, капитализмдин, ушул коомдун келечеги жок десек туура болгудай. Капитализм ааламдашуу учурундагы капкан экенин түшүнгөн саясатчылар күндөн күнгө элдин жашоосун оорлотуп, мамлекеттин коопсуздугуна болгон коркунучу чоңойуп жатат. Парламенттеги фракциялар мамлекеттин башкы мүлктөрүн эч кандай эске албай, мисалы, жерди биз канткенде туура пайдалана алабыз, ири мамлекеттик мекеме, завод-фабрикалар, айыл чарбасы жөнүндө ойлонбой, өздөрүнүн бактысын өздөрү чектеп, мурдагы президенттердей кимди кайсыл жерге жумушка орноштуруп, бийликти бекемдесем деген жасалмалуулукту жаратып жатат.
 
“Республика” саясий партиясы - коомдогу аткаруу иштерин өздөрүнүн күч аракетине жараша жазып алышкан. Эч кандай социалдык жана коммунисттик деп айтпай, туура эле саясий партия деп айткандыгында кеп жатат. Демек, кандай гана партия болбосун максаты элдин жашоо-шартын оңдоо деп саналат. Виктор Гюго айткандай, “ар дайым коомдо чолок ойлорго кооз уйкаштар балдак катары кызмат кылышат”,- деген сыяктуу. Партиянын уставына дагы бир көңүл бурсак, өлкөнүн маданиятына жана тилине кам көрүү жөнүндө да айтылат. Келген жаңы өкмөттүн жана президенттин улуттук кыргыз тили жөнүндө эч кандай аракеттер болбой жатканын коом көрүп турат. Жакында Бишкектеги бир гимназиядагы окуучулардан “Кайсыл сабак силерге кызыксыз?”,- деп сурамжылоо жүргүзгөндө “кыргыз тили бизге эмне кереги бар, ал сабакты алып салгыла” деген окуучулардын сунушу эң көп түшкөн. Бул улут үчүн эң эле уят нерсе. Келечек тилден танып жатса, аларга ким кам көрүшү керек? Эмне үчүн “Республика” өз уставында жазылган орчундуу болуп турган улуттун башкы көйгөйүн колдобой жатат? Бул сыяктуу көйгөйлөр көп, аларды чын ниеттери менен оңдоону ойлобосо, анда алар өздөрүнүн жанынын жыргалчылыгы үчүн жашаган киши болуп, кыргыз тарыхында төмөн баа берилген саясатчыларынын катарында болуп кааларынан шек жок. Дагы убакыт бар, кантсе да адамды сүйлөгөн сөзүнөн, кыймыл-аракетинен кыргыздар бат эле билип коёт эмеспи. “Кишинин маңдайынан карап сөз узат”,- деп айтат. “Республика” партиясы социал-демократ дагы эмес, элдин саясий гана абалын курутуучу партия болуп калабы?
 
“Ата-Мекен” социалисттик партиясы аты айтып тургандай, социалисттик коомго жетелөөчү партиялардын алдыңкы сабында турат. Бул партиянын кылган иш-аракеттерине карап биз социалисттик жашоону элестете алабызбы? Же, Социалисттик “Ата-мекен” партия деген жазуу социалисттерди жөн гана куру сөз менен азгыруучу лозунгбу? Кооздук үчүн жазылып калганбы? Бул ойлор эмне үчүн айтылып жүрөт? Себеби, “Ата-Мекен” партиясы социалисттик жашоо үчүн балким, колунан келгенин жасап жаткандыр. Эмне үчүн бул партиянын ишеничтүү кишилери эсептелген Равшан Жээнбеков сыяктуулар коомдо жаштарды чогултуп, “биз либерал экономиканы түзөбүз”,- деп жар чакырып жүрүшөт. Өзүнүн тарыхында туруктуулугу менен эл оозунда алынып жүргөн партия үчүн бул чоң уят. Анткени, партиянын ичиндеги биримдик менен идеянын тактыгы жок болуп ишенимсиздикти жаратат. Же уставды өзгөртүп, КСДП, “Ата-Мекен” партиялары социалисттик жашоонун наамын булгабай, партиялардын уставына өзгөртүү киргизип, либерал экономика же капиталисттик деп өзгөртүп алса иштери мындан да жүрүшүп кетет беле.
 
Бул партиялар өз максаттарын так аткарбаса, Кыргызстанга ал партиялар чындыкты, улуттук-идеологиялык башкарууну, тилдин абалын, мамлекетин келечегин түзүп бере алаб?. Сын эч кимге жакпайт, бирок, сынды көтөрүп, аны жүрөк менен кабыл алып, өз катачылыгын сезүү, коомдук пикирлерге көңүл коюу - бул адамдагы эң бийик сапат болсо керек. Күчүнө ишенип, “Эмне мен жөнүндө жаман маалымат таратасың?”,- деп куугунтука алган Бакиевди да көрбөдүкпү.
 
Булак: "Майдан.kg" гезити
 

 Оштогу митингде оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылып, 15-мартка чейин талап аткарылбаса, өлкө боюнча нааразылык акцияларын баштай тургандыгын жарыялады.
 
Митингде оппозиция ошондой эле 4-мартка белгиленген шаардык кеңешке шайлоодо Ош шаар мэри Мелис Мырзакматовдун "Улуттар биримдиги" партиясын колдоого чакырып, 1993-жылкы Баш мыйзамга кайтып баруу демилгесин да көтөрдү. 

"Ата-Журт", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Улуттар биримдиги" партиялары биргелешип уюштурган митинг Ош шаарынын борбордук аянтында өттү. Байкоочулар акцияга чогулгандардын саны 15 миңге чукулдаганын айтса, уюштуруучулар аянтка 25 миңдей адам катышты деген ишенимде. 
 
​​Митингде сөз сүйлөгөн “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев азыркы бийликтин тышкы саясатын айыптап, Орусия менен өнөктөштүк мамиле бузуп алуу коркунучунда экенин айтты. Ошондой эле ал учурда өлкөнүн башкы оорусу жердешчилик болуп аткандыгына токтолду:

Акыркы жылдары мамлекетибизде регионалдык, жердешчиликке бөлгөндөр көбөйдү. Сен башка облустан, сен башка региондон деген сөздөр болуп атат. Бул туура эмес. Кыргызстандын бардык аймагы бирдейбиз. Биз бир бүтүнбүз, биз бирбиз. Себеби Ысык-Көл да менин жерим, Нарын да менин жерим, Ош, Жалал-Абад да менин жерим. Бардык жер кыргызстандыктардыкы.

Митингге адамдар Кыргызстандын булуң-бурчтарынан келгени айтылды. Ысык-Көл облусунан келген, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров учурда өлкөгө биримдик суудай зарыл болуп турганын билдирди:

Кыргыз түндүк-түштүк болуп эч качан бөлүнгөн эмес, бөлүнбөйт дагы. Мен маселен ушул демилгени колдоп, атайын Ысык-Көлдөн келип отурам. Бийликте турган саясатчылар өздөрүнүн амбициясын күчөтүп, кызматында отуруп туруш үчүн ушундай бөлүп жаруучулукка барып жатат. Биз мындайга жол бербейбиз.
 
​​Өзбек тектүү тургун Набитжан Маратжанов митингдегилерди улуттар аралык маселеге этият мамиле жасоого чакырды:

Учурда кыргызга да, өзбекке да тынчтык керек. Ушул жердегилерге да, бул жерге келбегендерге да, баарыбызга нандай зарыл болуп турган нерсе тынчтык. Кыргызстанда адамдарды улутуна карап бөлбөшүбүз керек, анкени биздин мекенибиз бир, жерибиз бир.

Ал эми "7-апрель баатырлары" коомунун жетекчиси Турусбек Сагынаевазыркы бийлик элге берген убадаларын аткарбай жатканын белгиледи:

- "Ырыстуу чочконун мурдунан бок кетпейт" болуп, баатырлар 7-апрелде булардын колуна бийликти салып берди эле. Бирок ошондон бери бизди кордоп келатканын көрүп келатасыздар. Же сот иши ишке ашпайт, же күнөөлүүлөр камалбайт. Апрель окуясы да, июнь окуясы да терең изилденип, айыптууларга жаза бериле элек.

Митингде 4-мартта өтө турган Ош шаардык кеңешине шайлоодо Мелис Мырзакматовго тиешелүү делген “Улуттар биримдиги” партиясын колдоого чакырган ураандар да айтылды.
 
​​"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров да шаар мэри Мелис Мырзакматовду кызмат ордунда кармап туруу учур талабы экенин белгилеп, элди ал жетектеген партияга добуш берүүгө үндөдү:

Келе жаткан шайлоодо аткаминерлер да кийлигишип, анын жыйынтыгына таасир этип жатканын көрүп, биз келип отурабыз. Болду, эми жетишет. Биз баарын элдин эркине коюшубуз керек. Эл өзү билет, кимди шайлап кимди коюш керек экенин. Ошондуктан жыйынга Нарын, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен, Чүй жана Оштун өзүнөн келип, Мырзакматовду, «Улуттар биримдигин» колдойбуз деп турабыз.  

Мадумаров келе жаткан шайлоодо бурмалоолор орун алса, добуш берүү күнүнүн эртеси 5-мартта эл кайрадан митингге чыга турганын айтты.

Митинг соңунда алты пункттан турган кайрылуу кабыл алынды. Анда башкы нерсе катары “1993-жылкы Конституция кайра кайтарылсын” деген талап киргизилди. Бийлик мындагы талаптарды 15-мартка чейин аткарбаса, нааразылык акциялары өлкө аймагы боюнча башталаарын оппозиция жар салды:
 
​​- Оштогу "Тынчтык жана биримдик" митингинин катышуучулары бүгүнкү саясий-экономикалык жана социалдык оор абалды кескин өзгөртүү максатында, учурдагы өкмөттүн отставкасын талап кылабыз. Эл ишенимине ээ болгон, профессионал өкмөттү түзүүнү талап кылабыз. 2010-жылкы апрель жана июнь окуяларынын күнөөлүүлөрү табылып, 2012-жылдын 7-апрелине мыйзам чегинде жазаланышын талап кылабыз. Бул талаптарды аткарууга биз бийликке 15-мартка чейин убакыт беребиз.

Нааразылык акциясына, Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев, “Ата-Журт” партиясынан Акматбек Келдибеков, Жылдыз Жолдошева сөз сүйлөштү. Чогулган элдин арасында “Мелис Мырзакматов биз сени менен!”, “Эл “Улуттар биримдиги” партиясын колдойт!” деген сыяктуу плакаттарды кармагандар болду.

Ички иштер министрлиги митинг учурунда эч кандай тартип бузуу катталбаганын, шаарда кырдаал тынч экенин кабалады. Митинг учурунда коомдук тартипти 2 миңге жакын милиция кызматкери жана элдик кошуундардын өкүлдөрү камсыз кылып турду.
 
Азаттык

Бишкек, “Саясат.kg». Коргоо Кеңешинин отурумунда президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик бийликтин коррупцияга каршы жүргүзүп жаткан саясатын, аны менен күрөшүүнүн ыкмаларын жана жолдорун аныктап, талкууга салды.

Коррупциянын Кыргызстанга тийгизген залалын акчалай эсепке салганда, бул өнөкөт өлкөбүздү бир эле жылдын ичинде 30 миллиард сомдук жоготууга алып келгенин Кеңештин катчысы Бусурманкул Табалдиев билдирди. Мындан сырткары, учурда өлкөбүздө орун алган тымызын экономикада 130 миллиард сомго чейинки акча каражат айланып жатканын да жашырганы жок.

“Коррупция Кыргызстанды түп-тамырынан бери ээлеп, каныбызга сиңген илдет болуп калды”,- деген пикирге кошулбаган адам болбосо керек арабызда. “Жыгачтын жумшагын курт жейт, адамдын жумшагын адам жейт”, деген сөзгө, “коомдун жумшагын коррупция жейт” деп кошумча кылсак тура болчудай. Мындай дарттан кантип арылса болот, аны менен күрөшүүнүн ыкмалары барбы деги?

Барынан да кызыгы, коррупция менен күрөшүүнү коррупцияга белден батып, мамлекеттин казынасына беш саласын бирдей малып алган чиновниктердин колуна берип койгондорунда болуп жатпайбы. Бөрүгө кой кайтарткандай, бул маселеде жылт эткен жылыштарды күтсө болобу? Коррупцияга каршы күрөшүү керек  деген атка минерлердин сөзүнө кантип ишенсе болот. 20 жыл бою жеп-ичип, бюджетти тоноп, карапайым элдин эсебинен капчыктарын кампайткан адамдар бир күнү эле, уйкудан чочугансып келип, коррупцияны жок кылыаарына көз жетпейт.

«Кыргызстандын өкмөтүнүн өзү коррупцияга малынган болсо, коррупция менен күрөшүү жөнүндө кандай сөз болмок эле», деген оюн Коргоо Кеңешинин отурумунан кийин «Ата Журт» фракциясынын лидери Камчыбек
Ташиев билдирди. Анын айтымында, Президент Атамбаев коррупция менен күрөшүүгө чындап бел байлаганы билинип жатат, бирок ал аракеттер кагаз жүзүндө эле кала бербей, иш жүзүндө ашырылса жакшы болор эле. Ушуга чейин атту-баштуу аткаминерлердин бирөөсү да айыпталып, соттолгон эмес.

Кызматдарга дайындоолор дагы эле болсо таныш-билиш, тууган-урук, акчанын күчү менен бүтүп жатканын жашыруу кыйын. Демек, “коррупция өлмөк түгүл, өсүп-өнүп жатат”,- дейт Камчыбек Ташиев. Жөнөкөй, карапайым элдин арасынан чыккандардын илим-билимине карабастан бийликтин бутагына илиниши оңой эмес, бул да болсо коррупция.

Депутат Камчыбек Ташиевдин пикиринде, бүгүнкү өкмөттүн коррупцияга чыныгы каршылык көрсөтүүгө күчү да, мүмкүнчүлүгү да жок. Анткени өкмөттүн өзү коррупцияга белчесинен өйдө батып жатканы белгилүү. Өткөн жылы Өмурбек Бабановдун коррупциялык схемаларга аралышып калганы жөнүндө «Ата Мекен» фракциясы бир нече жолу айтып чыккан эле. Анан кантип ушундай күмөндөр чиновник коррупцияга каршы күрөшүүнү башкара алат.Коррупцияга каршы күрөшүү жемиштүү болушу үчүн президент мындай отоо чөптү түп-тамыры менен жулуп жок кылууга аракет кылышы зарыл. Мисалы, бүгүнкү өкүмөттү толугу менен отставка кетирип, парламенттик коалицияны кайрадан түзүп, жаңы өкмөт дайындалышы абзел. Ошондо гана коррупцияга каршы күрөштүн алгачкы кадамдары жасалды десе болот. Ага чейин, атка минерлер оң колу менен өтө чөп жулуп, сол колу менен пара алып жата бериши турган кеп.

Бирок Президенттин мындай радикалдуу кадамдарга күчү да, саясий эрки да жетер бекен? Же коррупция менен күрөшүү урааны элге арналган кезектеги «короз кант» бойдон кала береби?


                                     


 

Бишкек, “Саясат.kg”. Өздөрүн айга-күнгө канча теңебесин, чндыгын айтканда, бийлик башындагылардын абалы суктанарлык эмес. Башкасын айтпаганда да, элдик казынанын кырмычыгы гана калып, социалдык төлөмдөрдү, айлык акыларды төлөө ушу жазга жетпей чоң маселеге айланчудай. 2011-жылдын тартыштыгынын өзү эле 20 млрд. сомго жеткенинен деле көп нерсени байкаса болот. Ошондуктан, экономика жаатындагы эксперттер абалдын мындан ары кандай өңүттө өнүгөөрүн айткысы келбей, журналисттерден желмогузду көргөндөй качышууда.
 
Мындан тышкары, бийлик быйылкы кышка даярдыкты үзгүлтүккө учуратты. Ош окуясынын, 7-апрелдеги ыңкылаптагы кан төгүүлөрдүн чыныгы күнөөкөрлөрү жазасын ала элек. Азыртан эле “7-апрель баатырлары” бийликке ыдык көрсөтүп, апрелде күнөөкөрлөрдү жазалагысы келбеген аткаминерлерге катуу талап коюуга камданышууда. Аларга Ош окуясында бир тууганынан ажыраган адамдар кошулууга даяр. Ошону эске алганда, жазында абалдын курчушу толук ыктымал.
 
Бизге түшкөн маалыматка караганда, президенттик администрацияны тегеректеп жүргөн кеңешчилердин бири элди алаксытуу максатында парламентке бүт күнөөнү оодарып, таркатып, жаңы шайлоону дайындоону сунуштаптыр. Азырынча Атамбаевдин кандай чечим кабыл алары белгисиз.

Бишкек, “Саясат.kg”. Сыягы, экинчи ирет революция жасаган карапайым кыргызстандыктардын жакшы жашоого жетебиз деген үмүтү бул ирет да таш капты окшойт. Макстына  жетүү үчүн эки кандуу окуянын күнөөкөрү болгон азыркы эл башчылары шайлоо алдында адаттагыдай эле «алтын тоону» убада кылышкан менен эч бир чеке жылытарлык иш жасала элек. Адатта ар бир бийликке жеткен президент же премьер-министр алгачкы кадамын экономикалык реформадан баштоого тийиш болчу. Айрыкча жумушсуздук кара тумоодой каптап турган Кыргызстандын азыркы абалына кичи ишканаларды ачып, жергиликтүү өндүрүштү жандандыруу аба менен суудай зарыл. Болгондо да Бажы союзуна кирүү алдында турган биз үчүн алып-сатарлыктан акыры өз продукциябызды өндүрүүгө өтпөсөк, биротоло «банкрот» болуп, мамлекеттүүлүгүбүздүн түбү түшүп калышы мүмкүн.
 
Тилекке каршы азыр бизде кай жагыңды карабагын кыскартууга туш болосуң. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кыскарбаган иттин куйругу эле калды окшойт. Ооба, балким чиновниктердин армиясын азайтып, бири-бирин кайталаган, жеке ишкерлерге бут тосуп, коррупцияны гүлдөткөн айрым мамлекеттик структураларды оптималдаштыруу, аларга кеткен тейлөө, кызматтык автомашиналардын чыгымын азайтуу керектир. Бирок биздин «билермандар» элди алагды кылуу, башын айландыруу амалында  кадыресе эле бул көрүнүштү чоң шоу компанияга айландыруу менен алектенишүүдө.
 
Мамлекеттик мекемелердеги «ашка жүк, көчкө жүк» болгон «мите курттардан» арылуу өнөктүгү ушунчалык күч алып, кудум эле беш жылдык планды аткарып жаткандай шардана кылышууда. Эгер алдын ала айтылган цифраларга ишенсек, бир эле өкмөттүн курамындагы мамлекеттик мекемелердин өзүнөн жаңы жылдын алгачкы иш күнү 2300 кызматкер көчөдө калды. Эгер алардын ар биринин артында 5-6дан адамды түзгөн үй-бүлөсү бар экендигин эске алсак, 15 миңдин тегерегиндеги жарандарыбыз эртең кантип жашайбыз деп жегени желим, ичкени ирим болуп отурушат. Мындан тышкары казинолордун жабылышынан да жумушсуздардын катарына дагы 15 миң адам  кошулду.
 
Ошол баарыбыз жерден алып, көргө, көрдөн алып жерге уруп жамандаган Акаев менен Бакиевдин тушунда деле өздөрүн бийликке алып келген (биздеги шайлоолордо жеңишке негизинен мамлекеттик чиновниктердин күчү менен жетишет эмеспи…) бюджеттик кызматкерлерди «иши бүтүп, эшеги ылайдан өткөн соң» кереги жок буюмдай көчөдө калтырышкан эмес. Ал кездерде кызматынан кыскаргандар  жеке ишкердүүлүк менен алектенем десе кредит, ссуда берилип, жок эле дегенде үч айлык маянасын алчу. Бирок бүгүнкү «Остап бендерлер» башына келген амалкөй бийлик оозуна кум куюп алгансып унчукпайт.
 
Менимче бир дагы мамлекетте өз жарандарына, болгондо да өлкөнүн күрөө тамырын кармап турган ишке жарамдуу жаштарга мындай кайдыгер мамиле жасалбаса керек. Коррупция менен жердешчилик, эки жүздүүлүк менен шылуундук салтанат курган азыркы Кыргызстанда башканы элестетүүгө мүмкүн эмес деңизчи. Бирок тирүүлөрдү ойлобой эле коюшсун, баарынан да жакшы жашоого артыбыздагылар жок дегенде жетип калсын деп  Ак үйдүн алдында жаны кыйылган 90 азаматыбыздын убалы кимге?
 
Мындай көрүнүш кайра эле бүгүнкү бийликтин компетентсиздигин, мамлекетти башкарууга жөндөмсүздүгүн жана орто, төмөнкү  звенодогу кызматкерлерди керек учурда пайдаланып, «соодасы бүткөндөн» кийин көчөгө кууп чыгарууга жөндөмдүүлүгүн далилдеп турат. Эгер алар ошондой эле элдин эртеңин, мамлекеттин экономикасын көтөрүүнү ойлошсо, анда административдик реформаны шайлоонун алдында эле башташпайбы (парламенттик, президенттик шайлоолордон мурда деле ушулар бийликте болчу).
 
Мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин кыскартуу өзүнчө эле өнөктүк экендигин ушундан билиңиз, Ак үйдөн ар бир министрлик менен ведомстволорго алдын ала канча кызматкерди кыскартуу тууралуу «план» берилген. Орто эсеп менен ар бир министрликтен 300гө жакын адам жумушу менен кош айтышууда. Бирок ушунча адамдын мурда аткарып келген жумушун калгандарга жүктөп коюп, аларга кошумча иштегендигиүчүн кошумча маяна төлөп берүүнү да «унутуп»  коюшкан. Бул эмгек кодекси менен келишимин бузгандык болуп саналат. Кыскарууга туш болбогондор да бул жагдайды билген менен ичинен сызып, айласыз унчукпай турушат.
 
Болгону ошол кыскартуулардан өкмөт өнтөлөп отуруп 1  миллиард сом үнөмдөйт экен. Мамлекеттик деңгээлде алып караганда бул сумма болбогон эле каражат. Баса, өткөн жылы, шайлоонун алды, артында алар бюджеттеги 26 миллиард сом тартыштыкты толтуруп койдук деп сурнайын тартып, барабанын даңкылдатып жатышпады беле. Эми шайлоодон кийин эле зыкымданып, ушул болор-болбос акчаны санап калгандары таң каларлык. Акаев, Бакиев бийлигинен айырмаланып, коллективдүү, жоро-жолдоштор менен достор  же региондук кландар башкарган бийлик эси болсо жок дегенде жаз алдындагы митинг «сезонун» ойлоп, тез арада жеке ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө шарт түзүп, жумушсуздукту тап душмандай жоюуга шымалана киришүүгө тийиш. Антпесе коомдогу ансыз деле жарылуу абалында турган жагдай оорлоп кетери айтпаса да түшүнүктүү.
 
Дүйнөлүк практикада 20% тегерегиндеги жарандары жумушсуз калган мамлекет банкрот, бийлик башындагы өкмөт компетентсиз деп таанылат экен. Ал эми бизде азыр жумушсуздардын саны канча? Менимче, мамлекеттин кагаз жүзүндөгү «расмий» статистикасын эмес, турмуш чындыгын алып караганда 50%дан кем эмес. Түштүктөгү ар бир үй-бүлөдө бирден, көпчүлүгүндө экиден адам Россияда же Казакстанда мигрант болуп, ит ичпестин суусун ичип, көрбөгөн азапты көрүп, бала-чакасын, демек мамлекетти багып жатат. Эми жаңы жылдан кийин күнүмдүк жашоосуна араң каражат таап иштеп жүрүп кыскартууга туш болгондор Россия, Казакстанга кетишеби же митингчилердин катарын толуктайбы…
 
Асан Тилеков
 
 
 
 

 
 
 
Бишкек, “Саясат.kg”. Өткөн жылдын акыркы күндөрүндө (29-декабрь) карапайым калк  жаңы жылды тосуу түйшүгүн  тартып, жаңы кызматка дайындалган чиновниктер майлуу ордун майлап бүтөлбай жаткан мезгилде Лейлек районунун Андарак айылында кыргыз, тажик улутундагы жаштардын мушташы аз жерден улуттар аралык жаңжалга айланып кете жаздады.
 Бишкек, “Саясат.kg”. Биз, өз окурмандарыбыздан “Өкмөттүн кышка даярдык боюнча ишин кандай баалайсыз?”,- деген суроого жооп берүүсүн суранганбыз. Сайтыбыздагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жалпы элдин бул маселе боюнча көз карашына дал келгендигин белгилеп коёлу:
 
Канаттандыраарлык - 5%
 
Канаттандыраарлык эмес - 25.3%
 
Жооп берүү кыйын - 69.7%

Добуш берүүгө жалпысынан 502 окурман катышкан.
 
Биздин комментарий: Ансыз деле өкмөттүн кышка даярдыкты үзгүлтүккө учуратканы көптөгөн фактылар менен далилденип турган. Жарыктын туруктуу берилбегендигинен калк ичиндеги нааразычылык ого бетер арбыды десек аша чапкандыкка жатпайт. Добуш берүүнүн жыйынтыгы деле ошону далилдеп турат, буга болгону 5 пайыз гана окурмандын “канаттандырарлык” деп жооп бергени таасын далил.
 
Иш жүзүндө, бул нааразычылыктын чеги жок, эмне менен бүтөрү да белгисиз. Себеп дегенде, 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик ыңкылаптын башкы талабынын бири да ушул жарыктын өчүшү, баалардын кескин асмандашы болгон. Жаңы бийлик деле башкы энергетик Аскарбек Шадиевдин оозу менен, “бааны көтөрбөсөк, энергетика тармагын өлтүрүп алабыз”,- деп жатпайбы. Дал ошондуктан, бийликте кичине бет болсо, элге карай бурулуп, коомдогу үйүлүп калган маселелелерди чечүүнүн жолун издеши керек. А бирок, булар дагы деле, эскиче, элдин түйшүгүн элдин акчасына чечүүгө кам ургандай. Буларга не дейбиз: бали, баракелде... Бакиев заманын эске салганыңар үчүн рахмат!
 

Бүгүн эртең менен,  "Сасаят.kg" маалымат агенттиги: «Бул атактуулардын кимиси “Жылдын саясатчысы – 2011” наамына татыктуу?» аттуу электрондук добуш берүүнү жыйынтыктады. 1-декабрдан 25-декабрга чейин өткөрүлгөн  электрондук баракчада добуш берүүнүн негизинде төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарылды:

 

 Роза Отунбаева - 3.3%
Алмазбек Атамбаев - 8.8%
Камчыбек Ташиев - 33.8%
Адахан Мадумаров - 13%
Феликс Кулов - 15%
Өмүрбек Суваналиев - 5.8%
Темирбек Асанбеков - 7.5%
Азимбек Бекназаров - 5.5%
Ахматбек Келдибеков - 4.4%
Өмүрбек Бабанов - 2.5%
Өмүрбек Текебаев - 0.5%
 
Добуш бергендердин саны: 1247
 
Окурмандарга белгилүү болгондой, "Сасаят.kg" маалымат агенттигинин негизги барагында өткөрүлгөн электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгында:
 
1.      Биричи орунга 33,8%  добуш менен  белгилүү саясатчы Камчыбек Ташиев чыкты.
2.      Экинчи орунга  – Феликс Кулов –  15% добуш менен.
3.      Үчүнчү орунга – Адахан Мадумаровв – 13% добуш менен.
4.      Төртүнчү – Алмазбек Атамбаев – 8,8% добуш. 
5.      Бешинчи – Темирбек Асанбеков – 7,5% добуш.
6.       Алтынчы – Өмүрбек Суваналиев – 5,8% добуш.
7.      Жетинчи – Азимбек Бекназаров – 5,5% добуш.
 
“Жылдын саясатчысы” электрондук добуш берүүнүн калган катышуучулары 5 пайыздан төмөн добуш алышкан. 
 
 

 

Бишкек – “Саясат.kg”. Президенттик шайлоого саналуу гана убакыт калды, коомчулукту кызыктырган бир эле маселе ким төртүнчү президент болот, кимге добуш беребиз?
 
Өлкөнүн кайсы бурчу болбосун баарын ушул суроо кызыктырууда. Кимиси болсо да тартип, тынчтык болуп, заманыбыз оңолгону болсо экен деп тилешет.
 
Ага деле карабай бийликтин жасакерлери кокуй төртүнчү президент азыркы премьер болот, анда шанс бар деген сыяктуу алдын ала жооруп, болуп калса устукандан кемирчеек ашар бекен, эптеп илешсем болду  деген пикирде эксперт да, саясатчы да болушуп, тим эле сурамжылоонун жыйынтыгы дешип өздөрүн өздөрү алдап турган кези.
 
Бирок, ар бир адамдын маңдайына жазган жолу бар ошол жол менен барасың, калганы колуңдан келбейт, Ала-Тоонун чокусуна чыга албайсың, Ысык-Көлдүн түбүнө жете албайсың ар нерсенин мыйзамы бар дегендей, эл өз баласын шайлап алат.
 
Чыныгы талдоочулардын пикирин уксак,  укук коргоочу Чолпон Жакупованын айтымында,  2011-жылдагы шайлоонун өзгөчөлүгү, кимдин президент болоору белгисиз болуп жатат. Ал эми 2009-жылдагы жана андан мурдагы шайлоолордо 90 процент Курманбек Бакиев же Аскар Акаев шайланат деген кепилдик бар эле. Бул ирет андай кепилдикти Алмазбек Атамбаевге ыйгарууга мүмкүн эмес. Мындайча айтканда эртең ким президент болуп калаарын айта албайбыз.
 
  Ал эми  административдик ресурс жакшылап эффективдүү иштеши үчүн күчтүү бийлик болушу керек. Ал эми Кыргызстанда мамлекеттик бийлик жокко эсе. Баарынан дагы шайлоонун алдында шашылыш түрдө шаарлардын мэрлерин кайра шайлоо, сотторду алмаштыруу процесстери жүрүп жатканы дагы кокустук эмес. Мына ошол кызматтан кеткен адамдар дагы Атамбаевге чечкиндүү түрдө каршы иштешээри бышык. Ал эми түштүк эли былтыркы кандуу коогалаңды унута элек. Мына ушундай жагдайда шайлоого бара жаткан премьер-министр утуп чыгат деп айтыш өтө эле кыйын.
 
Бул туура, апрелден кийин көпчүлүк мекемелерде күчтүү адистер Бакиевге иштебесе деле, бакиевчил ат менен тазаланып, кызматтарга тажрыйбасыз, ал түгүл эл менен иштегенди билбеген эле тааныштарын ишке койушкан. Алар кайсы жумушта эмне кылып жүргөнүн азыр да толук биле элек. Ошол себептүү президентти, премьерди жана башка чоң кызматтагыларды ушундай абалга алып келишти. Бул торго мурдагы эки президент да кандай түшкөнүн байкабай калышкан. Тарых кайталанат деген ушул да.
 
Бийликте күчтүү адистер жокко эсе, баары эле убактылуу маанйда. Эртең башка президент келсе кетишет, себеби азыр мамлекеттик кызматкерге эч кандай кепилдик берилген эмес. Мындай шартта административдик ресурсту колдонуунун деле мааниси жок. Кечээ Бакиев ресурс колдонду деп кыйкырып келип, бүгүн өздөрү колдонгонун эл көрүп жаткандан кийин айтат да, “ай сенин эмнең артык?” деген суроо туулат деп да ойлош керек. Тазалануунун бир эле жолу таза шайлоо өткөрүү, эл кимди шайласа ошого жол берүү, эч кандай тоскоолдук кылбоо. Болбосо кыйын болуп калат, элди эки жолу алдашты, эл азыр даанышман, баарын көрүп турат.
 
Төртүнчү президент ким болбосун, башкаруу системасына күчтүү, таза жана тажрыйбалуу адистерди чакырып эл үчүн иштөөгө толук шарттарды түзүп берүүсү керек. Ансыз ал деле мурдагылардын кейпин бат эле кийет. Элди алдайт, же аны алдагандай кылып көрсөтүшөт, кечээ жакында премьер-министр шайлоодо администрациялык ресурс колдонулбайт деп айтса, эки күн мурун анын партиялашы Бишкек мэри президенттикке талапкердин үгүт материалдарын автобустардан чапталган жеринен тытып алдырыптыр, болгондо да түн жарымда, кимден бекинип жасаганы белгисиз.
 
Макул, автобуска чаптаса болбойт дейли, анда калган автобустагы рекламаларды эмнеге тыта албайт? Эл көрүп турбайбы.
 
Кызыгы ошол материалдары тытып койсо эле маселеси чечилип калабы, чынында эл талапкерди тандаганда алардын үгүт материалдарына же берген акча, убадаларына деле анча кызыгышпайт. Эл өзү ким президент болорун жана кандай иштерин сезет.
 
 
 
 

 

Бишкек – “Саясат.kg”. Ошентип алдыдагы 20 күндүн ичинде 78 талапкердин канчасы калып, канчасы шайлоого чыгары белгилүү болот. Президентти шайлоо кампаниясынын биринчи этабы аяктады. Баары болуп 80ден ашуун талапкер өзүнүн президенттик шайлоого чыгаарын ачыктап, алардын кээ бирөөлөрү кайра тартты. Азыркы күндө 13 талапкер шайлоого катышуу үчүн белгиленген 100 миң сом акчасын төгүштү. Кийинки этапта, ушул эле 100 миң сомдон акча, 30 миң кол топтоп, мамлекеттик тил сынагынан өтүү шарттары каралган. Бул тепкичтерден кимиси өтөт, кимиси өтпөйт аз убакытта коомчулук баарына күбө болору шексиз.

 

Үчүнчү этабы үгүт иштери менен аяктайт. Бул эң маанилүү жана жыйынтыктоочу этап. Үгүт иштери жүрүп жатканда талапкерлердин чыныгы мүмкүнчүлүктөрү, элдин маанайы жана бийликтин иш-аракеттери белгилүү болот.
 
Президенттик шайлоо эки жол менен өтөөрү күтүлүүдө. Биринчиси – бул Кыргызстан үчүн тынч жана адилет шайлоо, эгерде ар-бир талапкер өз алдынча катышып, өз күчүн шайлоодон тактап алышы.
 
Экинчиси – талапкерлер тандем түзүп, бири-бирин колдоого алуусу. Бул жол деле Кыргызстан үчүн тынч шайлоо болушу мүмкүн, бирок, мындай жолдун жыйынтыгы тандемге баруучу саясатчылардын жеке жоопкерчилигине байланыштуу. Эгерде тандем түзүлүп, эки саясатчы бири-бирин колдоп, жакшы программа менен чыгып, эл биримдигине доо кетирбегидей болушса, албетте бул туура жол. Бирок айрым саясатчылар өз кызыкчылыгы үчүн мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирип, эки киши түзгөн тандемди, түндүк-түштүк тандеми деп чыгышса, анда ал тандемдин түзүлүшү Кыргызстан үчүн олуттуу.
 
Саясатчы Топчубек Тургуналиев айткандай, тандем түзүү түндүк-түштүк бөлүнүүсүн мыйзамдаштыруу болуп калышы ыктымал. Андыктан тандем, жеке эки талапкердин ортосундагы келишим катары каралып, ал региондук жа аймактык бөлүп жарууга багытталбаса, анын жыйынтыгы жана келечеги максатка ылайыктуу болмок.
 
Акыркы кездерде, массалык маалымат каражаттарында талапкерлерди каралоо же болбосо буйуртма материалдар орун алууда. Бирөөсүн эмдигиче программасы жок десе, экинчисин убадачы популист, үчүнчүсүн наркобарон кылып көрсөтүүдө. Албетте, ар бир макала такталбаган, же болбосо анонимдик булактан, башкалары болжол менен аткарылган. Чын чынына келгенде элибиз жыйырма жылда сасатты жакшы таанып, кайсынысы жалган, кайсынысы чын экендигин баамдап калды. Бирок ошентсе да, кээ бир саясатчылардын колдоочу топтору “кир” технологияларды кенен колдонууда.
 
Кир кол менен таза колдун айырмасындай эле бул технологиялардын да акыр аягы эмне менен бүтөөрү журтубузга белгилүү. Элде илгерттеден келе жаткан кеп бар: “эмне менен баштасаң, ошону менен бүтөсүң”. Демек, ким таза баштап, жеке өзүнүн гана үгүт иштери менен болуп, башкаларды каралабаса, башкалардын жылдыздары да ошого ооп түшөт.
 
Ошол эле мааалымат каражаттарына көз жүгүртсөк, көпчүлүгүндө талапкерлердин Россия мамлекетине жагынып колдоо телектери байкалса, айрымдары батыш тарапка ыктаганы да көрүнүүдө. Канткен күндө да талапкерлерибиз биринчи кезекте кыргыз эли жана мамлекетинин кызыкчылыгын жогору коюшса, чыныгы президент шайланышына ишенүүгө болот.
 
Маселе - эртең ким президент болгонунда эмес, бүрсүгүнү ал кандай иштейт? Мына ушул суроодо болуп турат. Кыргызстандын эгемдүүлүгүнүн түптөлүүсүнүн 20 жылдыгында, бир эмес эки президент башкарып, эмне менен бүткөнү кыргыз элине али да өкүнүчтүү. Парламенттик башкарууга өткөнүбүзгө бир жылдан ашуун убакыт өттү бирок, өнүгүү жок.
 
Демек, Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн башкаруунун формасынын эч кандай тиешеси жок. Ал башкаруучунун жеке жоопкерчилигине гана көз каранды. Мамлекет президент үчүн иштебестен, президент  мамлекет үчүн гана иштесе, ошондо өнүгүү болушуна кепилдик түзүлөт. Ал эми мамлекет жеке адамдын жашоосуна, анын келечегине жана өнүгүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүп берүүсү керек.
 
Ошондуктан алдыдагы президенттик шайлоодо, кыргыз элине күйгөн, мекенчил, жоопкерчиликтүү, курч патриот жаштардын шайланышы Кыргызстандын өнүгүүсүнүн негизги шарты катары байкалууда. Себеби өлкөдө тартип жок. Паракорчулук күчөп кеткен. Бийлик алсыз. Болочок президенттин биринчи иш-аракети: өлкөдө тартипти, стабилдүүлүктү орнотуп, паракорчулукту жойуу болуп турат.

Кечээ эртең менен,  "Сасаят.kg" маалымат агенттиги Эгерде эртең Президенттик шайлоо болсо, кимге добуш бересиз? аттуу электрондук добуш берүүнү жыйынтыктады. Үч ай бою  электрондук баракчада добуш берүүнүн негизинде төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарылды:

 

1.      Биричи орунга 36,5%  добуш менен  Камчыбек Ташиев чыкты.
2.      Экинчи орунга  – Адахан Мадумаров –  22,1% добуш менен.
3.      Үчүнчү орунга – Өмүрбек Текебаев – 15% добуш менен.
4.      Төртүнчү – Темир Сариев – 4,6% добуш. 
5.      Бешинчи – Алмазбек Атамбаев – 4,3% добуш.
6.       Алтынчы - Роза Отунбаева – 3,5% добуш.
7.      Жетинчи – Мелис Мырзакматов – 3% добуш.
8.      Сегизинчи – Аликбек Жекшенкулов – 1,4% добуш.
9.      Тогузунчу – Феликс Кулов – 1% добуш.
10. Онунчу – Өмүрбек Бабанов – 0,8% добуш.
11. Баарына каршы – 7,8% добуш, баары болуп 628 окурман добуш берген.
 
Ал эми орус тилинде добуш берүүгө коюлган баракчанын жыйынтыктары:
 
1.      Биринчи орунга 30,2% добуш менен Камчыбек Ташиев чыкты.
2.      Экинчиде – Адахан Мадумаров – 19,3% добуш.
3.      Үчүнчүдө – Алмазбек Атамбаев – 12,1% добуш.
4.      Төртүнчүдө – Өмүрбек Текебаев – 8% добуш.
5.      Бешинчиде – Роза Отунбаева – 3,7% добуш.
6.      Алтынчыда – Мелис Мырзакматов – 2,7% добуш.
7.      Жетинчиде – Өмүрбек Бабанов – 2,5% добуш.
8.      Сегизинчиде – Феликс Кулов – 2,3% добуш.
9.      Тогузунчуда – Темир Сариев жана  Аликбек Жекшенкулов –  2% добуштан.
10. Баарына каршы - 14,7%. Баары болуп 1429 окурман добуш берген.
 
ДОБУШ БЕРҮҮ АЧЫК ЖАНА КИЙЛИГИШҮҮСҮЗ ӨТКӨРҮЛДҮ
 
Өзүңүздөр көрүп тургандай, орусча жана кыргызча барактарды салыштырмалуу суммада добуштарын эске алганда, Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлердин ичинен - биринчи орунда Камчыбек Ташиев, экинчиде - Адахан Мадумаров, үчүнчүдө – Өмүрбек Текебаев жана Алмазбек Атамбаев, төртүнчүдө - президент Роза Отунбаева, бешинчиде – Мелис Мырзакматов.
 
Кыскача мунөздөсөк, Камчыбек Ташиевдин биричи орунга чыгышы (36,5% жана 30,2%), анын принципиалдуулугу, элдин кызыкчылы үчүн тайманбастыгы, Кыргызстандын бүтүндүгү жана бөлүнбөстүгү жөнүндөгү позициясы, өткөн жылкы апрелдеги жана июньдагы коогалардын күнөөлүүлөрүн жазага тартуу талабы, бийликтин кемчиликтерин ачык сынга алуусу жана июнь коогасында эки тараптуу кан төгүүнү токтотуусунун таасиринен. Мындан тышкары, ал Кыргызстандын жаңы муунунун, кири жок, иш билген башкаруучуларынан. “Ата-Журт” партиясынын лидери, ушундай аттагы парламенттик фракцияынын жетекчиси. Парламенттик шайлоодо анын партиясы биринчи орунду алган.
 
Экинчи орунда – Адахан Мадумаров (22,1% жана 19,3%), элде айтылгандай, Акаев жана Бакиевди алып келебиз, дегенден кийин, акаевчилер жана бакиевчилер учурда колдоо көрсөтүп жатышат. Мыкты оратор, убудачыл жана Путин колдоо көрсөтүудө, ага машиналар, жансакчылар келүүдө жана ушундай такталбаган маалыматтар көп таркалууда. Өткүр саясатчы, мурдагы муундагы чоң кызматтарды аркалаган. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери. Парламенттик шайлоодо партиясы өтпөй калган.
 
Үчунчү орун Текебаев менен Атамбаевдин ортосунда.
Өмүрбек Текебаев атаандашынан орусча баракчада бир аз артта калганы менен кыргызчасында 3,5 эсе алдыга чыккан (15% жана 8%). Тажрыйбалуу саясатчы, Конституциянын атасы, өмүр бою адилеттүлүк үчүн күрөшүп келет, Акаевдин башкаруусунан бери  биринчи оппозиционер. Анын “Ата-Мекен” партиясы чоң муундун туруктуу жана активдүү партиясы болуп эсептелет. Парламентте эмгеги сиңирген депутат. “Ата-Мекен” партиясынын лидери жана ушундай аттагы парламенттик фракциянын жетекчиси. Парламенттик шайлоодо анын партиясы бешинчи орунду ээлеген.
 
Ушул эле даражада Алмазбек Атамбаев, атаандашынан орус барагы боюнча бир орун жогору турса, кыргыз баракчада эки орун төмөн позицияны ээлеген (4,3% жана 12,1%). Сыягы, аны премьер-министр катары, бюджет кызматкерлери көбүрөөк колдосо керек. Анын абройуна тамак –аштын, күйүүчү-майлоочу заттардын, бензиндин жана ушундай керектелүүчү заттардын бааларынын кымбаттоосу, бийликтеги жетекчилердин алсыздыгы таасирин тийгизип жатса керек. Ал тургай анын командасы да аны көбүнэсе жаман көрсөтүп жаткандай. Ачык эле үгүт иштерин жүргүзүүдө деген сөздөрдүн келип чыгышына аша чаап мактап шарт түзүп жатышкандай. КСД партиясынын лидери, иштеп жаткан премьер-министр, анын партиясы парламенттик шайлоодо экинчи орунду алган.
 
Төртүнчү орунду перзидент Роза Отунбаева татыктуу ээледи (3,5% жана 3,7%). Мындай даражага, анын өткөн жылкы кандуу бийлик алмашууда, эч ким президент катары башкарууга даай албай турганда, чоң жоопкерчиликти мойнуна алып, өлкөдө башаламандыкка жол бербөөсү жана мен шайлоого барбайм, жаңы шайланган президентке бийликти тынч жана мыйзамдуу өткөрүп берем деп айтып чыгуусу оң таасирин берди.
 
Ал эми бешинчи орунга Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов чыкты. Өткөн жылкы июнь коогасында Ош шаарынын тургундарынын алдында эмгеги сиңирген, ал окуялар тууралуу китеп чыгарды, бирок, шайлоого өз талапкерлигин койгон жок. Мурдагы парламенттин депутаты.
 
Добуш берүүнүн жыйынтыктарын эске алуу менен, 80ден ашуун талапкерлер катышып жаткан президенттик шайлоодо негизги саясий күрөш алардын  ичинен ушул тизмедеги биринчи төрт талапкердин ортосунда жүрөт десек болот.
 
Мындай талдоону кечээ россиялык эксперт Алексей Власов да айтып чыкты.
 
Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыктарын алдын ала талдоо катары карай турган болсок жана президенттик шайлоо да ушундай ачык жана эреже бузуусуз өтө турган болсо, анда шайлоонун жыйынтыгы аныкталгандай.

 

Бишкек - "Саясат.kg". Алдын ала талдоолор боюнча президенттикке талапкерлердин саны  аябай көп болуп, көпчүлүгү расмий каттоо мезгилинде кайра тартаары белгилүү болуп калды.
 
Чынында ким эле президент болгусу келбесин, бирок, президент болуу үчүн бир эле адамдын жеке каалоосу жетиштүү болбой турат. Анын каражаты, күчтүү тарапкерлери жана элдин колдоосу биринчи кезектеги шарттардын бири. Экинчиси – оппоненттердин канчалык мүмкүнчүлүгү бар жана аларды ким колдойт, үчүнчүсү – канчалык деңгээлде шайлоо таза өтөт жана тышкы күчтөр канчалык деңгээлде шайлоо процессине таасир тийгизе алат.
 
Адатта алты-жети талапкердин ортосундагы шайлоодогу күрөш эң жөнөкөй, анда атаандаштар да анчалык чоң тоскоолдук бере албай, жыйынтыгында бир эле жеңүүчү болору анык.
 
Ал эми, күчтүү атаандаштар катышып жаткан үчурда шайлоо татаал жана анын өтүүсү да ар кандай жолдорго туш келиши мүмкүн. Ошондуктан мындай шайлоолордо, атаандаштар мүмкүн болушунча көбүрөөк тарапкерлердин катышуусун көздөйт. Биринчиден бул добуштарды бөлгөнгө ыңгайлуу эсептелсе, экинчиден көпчүлүктүн арасында атаандашты одарууга шарт тузүлөт деп эсептелет. Мындай ыкмаларды көбүнчө бийлик тарап колдонуп келген.
 
Эгер шайлоого көпчүлүк катышуучулардын ичинде бир нече  күчтүү талапкерлер туш келсе, шайлоо эки тур менен өтүүгө туура келет. А эгерде шайлоого катышуучулардын ичинде эки күчтүү талапкер туш келсе, шайлоо үч тур менен өтүүсүнө да туура келип калышы ыктымал.
 
Кандай жол менен канча жолу өткөндө да шайлоого таза ниет менен келип, эч кимге кошулбай, адилеттүүлүктү көздөгөн талапкер жеңип  чыгат. Ал эми канчалык элдин көзүн боеп, ар кимди кошулууга үндөп, күчкө салган талапкер ошончолук максатынан алыстап, үч тур менен да жеңилет. Бул көпчүлүк мамлекеттердин тарыхынан түзүлгөн эреже.
 
Эми Кыргызстандагы шайлоону алсак, бүгүнкү күндө шайлоого катышуунү ачыктагандардын саны 24кө жетип, дагы күн сайын өсүүдө. Демек шайлоого катышуучулардын саны көп болот.
 
Борбордук шайлоо комиссиясы эч нерсе баштала элек туруп, маалымат агенттиктер үгүт иштерине катышпайт деп айтып чыгышып, кийинчереек катышса болот деп чыкты. Ал эми бүгүн Т.Абдраимов катышса болбойт, эгер катышса айып төлөөгө мажбур болот деди "Азаттыкта". Анда кайсы мыйзамдын негизинде маалымат агенттиктери айып төлөшөт? Же БШК адашып жатабы?
 
БШКнын электрондук маалымат түйүнү, Мамалекеттик автоматташтырылган “Шайлоо” системасы мунун  баары электрондук маалымат түйүнүн түзөт, эгерде булар маалымат каражаттарына кирбесе, анда БШК өзүнчө гезит же журнал чыгарып, күнүмкүсүн күндө, же түнкүсүн түндө элге жүгүрүп жеткире алабы?
 
Жакында жаңы мыйзам боюнча президенттик шайлоого катышуучу башка мамлекеттин президенти же салмактуу саясатчылары менен сүрөтүн колдонууга тыйуу салынат деп жазып чыгышты. Бирок, бийлик тараптан катышуучу талапкерлер  бул мыйзамды бузбайт деген кепилдикти бирөө бере алабы?
 
Себеби жөнөкөй талапкер башка өлкөнүн президенти же салмактуу саясатчысы менен сүрөт турсун, аларга жакын жолой албайт да...

 

 

 

Бишкек – “Саясат.kg”. Мына, коомчулук көптөн күткөн шайлоо күнү да белгилүү болду. Ашыгып, шашылып, чалагайым саясатчылардан чала пикир, кам талдоолор да бирин-экин гезиттерде пайда боло баштады.
 
Кызыгы, эмнегедир айрым талдоочулар боло турган шайлоодо түштүк-түндүк маселесинин козголушуна кызыкдар. Кыргызстан түпкүлүктүү бир эл, аны түштүк-түндүккө, уруу-урууга же кокту-колотко бөлүүнүн өзү эл алдында кечирилбес чоң кылмыш!
 
Р.Отунбаева, А.Атамбаев, К.Ташиев, Ө.Текебаев, Ф.Кулов, О.Бабанов,  А.Мадумаров, Т.Сариев, А.Жекшенкулов, М.Султанов, Ө.Суваналиев, А.Жапаров, Т.Акун, М.Мырзакматов, Т.Уметалиева жана башка көптөгөн кыргыздын уул-кыздары, бүгүнкү күндө, президенттикке татыктуу талапкерлер. Ар биринин өзүн колдогон журту, ишенген адамдары, сиңирген эмгеги жана иштөө жөндөмү бар.
 
Эч качан ал андай, бул мындай деген сөздөр туура эмес. Аны бөрк ал десе баш алып, жасакер жагынчуулар кылат. Өздөрүнүн кыска мансабын таңуулап, чоң саясатттагы адамды кичине акырдан чоң олжого түртөт. Ошол жерден жем жегизип, башын буруп, жоопкерчиликке келгенде качып жоголот.
 
Ал элибизге бир эмес эки жолу белгилүү болду. Үчүнчүсүн көрсөтпөсүн.
 
Акыркы кездерде, көпчүлүк учурда тигил же бул талапкерди тандемге таңуулоолор пайда болду. Мисалы: Атамбаев Мырзакматов менен, Мадумаров Ниязов менен, Суваналиев Эшимканов менен жана башка ушундай сыяктуу тандемде барат деген сөздөр жүрүүдө.
 
Кыргызстандын келечегин, кыргыз элинин тынч жашоосун жана шайлоо ачык, таза жүрүп, акыйкаттулук орундалышын көздөсөк, ар бир талапкер өз алдынча шайлоого барса эң жакшы жолду тандаган болоор эле. Себеби тандем бул жеке кызыкчылык менен түзүлгөн бир максаттуу келишим. Ал эч качан туруктуу биримдик боло албайт. Эртеби, кечпи, экөөнүн биринин айланасындагылар экинчисин тээп түшөт.
 
Бул мындан миңдеген жылдар мурун эле империялардын түзүлүшүндө колдонулуп, бүгүнкү күнгө чейин келе жаткан саясый ыкма. Эки мамлекеттин башчысы биригип, үчүнчүсүн жеңгенден кийин, бир мамлекет башчысы үч мамлекетти бириктирип империя түзүп келген.
 
Кыргызстандын тарыхында Бакиев менен Кулов тандеми президенттик шайлоодо жеңип чыккан, бирок жогоруда айтылгандай, кийинчерээк Кулов хан сарайдан четтетилген.
 
Ошондуктан, ар бир перзиденттикке талапкер тандеми жок, өзүнүн программасы менен жеке ат салышууга чыкса, кыргыз эли татыктуу талапкерди тандап алмак. Мындай жолдун эки жакшы жагы бар, биринчиси - ар бир талапкер жеке ат салышууда өз абройунун деңгээлин жана келечекте эмнеге көңүл бөлүү керек экенин тактап алса, экинчиси - шайлоо тынч өтүп нааразычылык кылууга же митингдерди уюштуруп чыр салууга негиз жок болуп калмак.
 
Албетте, президенттик шайлоого кантип барууну ар бир талапкер өзү тандашы керек.
 
 
 

 

 

 

Азбы, көппү бир нече күндөн кийин, тагыраак айтканда ушул айдын аягында же кийинки айдын башында шайлоо күнү белгилүү болоору күтүлүүдө.
 
Бирок ага деле карабастан, туш тараптан талапкерлер штабдарды түзүп, программалар чиймелеп, массалык маалымат каражаттарына байланышып, шайлоо аракеттерин кызуу жүргүзүүгө киришкендери акыркы жумада өзгөчө байкалуууда.
 
Маалымат каражаттарында түрлүү берилиште партиянын логотиптери, же болбосо Кыргызстанды өнүктүрүү программалары жана жеке электрондук баракчаларда ар кандай мүнөздөгү сүрөт баяндамалар пайда боло баштады.
 
Алдыдагы президенттик шайлоого 15тен ашуун талапкер бел байлаары аныкталууда. Башка шайлоолорго караганда, бул шайлоо өзгөчө деморатиялык принциптер менен мүмкүн болушунча ачык айкын өтүүсү күтүлүүдө. Талапкерлердин көп болгонуна байланыштуу бул президенттик шайлоо эки тур менен өтөөрү белгилүү болуп калды.
 
Себеби 15тен жогору талапкер катышкандан кийин ошонун ичинен тийиштүү добуш алып озуп чыгуу мүмкүн эместигин серепчилер эмес, карапайым калк да жакшы түшүнүп турат. Анын үстүнө азыркы заман Акаевдин же Бакиевдин бийлиги эмес, мындан сырткары бийлик башындагылардын өздөрүнүн шайлоого катышуусун эске ала турган болсок, анда шайлоодо административдик русурстун, же күчкө салуунун канчалык кооптуу экенин талапкерлердин баары жакшы түшүнүп турат.
 
Республикадагы коомдук-саясий абалды күчөтпөстөн мыйзам жолу менен ар-бир талапкерге бирдей укук берилип ачык шайлоо өткөрүлсө, шайлоо тынч жана адилеттүү өтүүсүнө толук ишеничтер бар.
 
Ал эми, мурдагы бийликтегилердин жолун жолдоп, туш тараптан талапкерлердин укуктары бузулуп, бийлик тарабынан күч колдонула турган болсо, анда эл ичинде нааразычылыктар күчөп, шайлоо тынч өтүүсү мүмкүн болбой калат...
 
Ошондуктан Кыргызстандын келечеги жана мамлекеттүүлүгү үчүн, мындан ары Кыргызстан ар кандай саясий жана экономикалык оор түйшүктөрдөн арылып, стабилдүү өнүгүүсү үчүн, партиялардын лидерлери, бийлик өкүлдөрү жана парламент депутаттары кыргыз коомунун алдында саясий чечим кабыл алып алдыдагы президенттик шайлоого таза барып, адилеттүү шайлоо өткөрүүгө ант берүүсү туура болуп турат.

 

 

Ошентип президенттик шайлоого да саналуу күндөр калды, ар жак бер жагы бир ай ичинде шайлоо күнү да жарыяланат. Президент болууну көздөгөн кыргыздын чыгаан уул кыздары даярдыктарын күчөтүп турган кези.

 

 

Маалымат каражаттарында ким чыгат да, ким ким менен барат негизде бир катар алдын ала талдоолор берилүүдө, айрымдары КСДПК  партиясы  “Бүтүн Кыргызстан” менен барса жеңишке ээ болот деп айтса, башкалары “Ата-Журт”  партиясы “Республика” менен барганы оң, жаштарга да кезек берели, жаңы муун келип, жаңыча башкарып, эл ичинде болуп, элдин деми менен кошо дем алып,  “эски доордон”  бошоноорбуз деген үмүттөрүн айтууда.
 
Чынында эле, Кыргызстанда бир эмес эки жолу бийлик алмашты, бирок майнап чыккан  жок. Бийлик алмашууну “Революция” деп миң жолу айканда да чыныгы революциянын өзүнүн мыйзамдары жана шарттары бар, ошол эрежелер толук аткарылганда гана аны революция деп, башкаруу мааниси жана анын башында турган жаңы коомдун же жаңы муундун адамдары келип, “биз таптакыр башка жол менен башкарып, мамлекетибиздин келечеги, өнүгүүсу үчүн акыркы демибиз калганча чын дилибизден эмгектенебиз” деген күндө гана андан үмүт кылууга болоор эле.
 
Революциянын шарты качан “эскилер жаңыча башкарууну каалабай, ал эми жаңылар эскиче жашоону каалабай калганда гана пайда болот” деген эрежени кабыл алсак, анда замандаш, бүгүнкү күн мына ушул эрежеге дал келип жаткан жокпу?
 
Бийлик алмашуу, же революция, же коомдогу жаңылануу  эч убакта күч колдонуу менен, энени чыркыратып баласынан ажыратпай, жубайын жалгыз таштап, балдарын жер каратпай коомдун жана адамдардын аң сезиминде  чын жүрөктөн туура кабыл алынып, ар бир адам өзүн  же мансабын эмес, Кыргызстандын  келечегин ойлоп, терең баа берип, эл үчүн күйгөн эр-азаматтарыбызга ишенип колдоп берсе болоор эле.
 
Карапайым элдин тилегинде президент ким болот деген суроо эмес, Кыргызстанды ким өнүктүрөт, ким биздин элдин кулуну жана адилет башкаруучусу  болот деген көйгөй, элге ким президент  болоору эмес, эртеңки күн кандай болоору маанилүү.
 

 

 

 
Учурда иштеп турган парламенттин келечек тагдырын сиз кандайча көрөүз?
 
-       Биричиден, бул парламент мыйзамсыз, андыктан, анын чечимдери да президентти шайлоо да мыйзамсыз. Бийликтин эки  бутагы азыр ичара согушуп жаткандай болуп жатат. Мунун арты жамандык менен бүтөт. Азыр акаевчил көпчүлүк Бакиевдин тарабында, бирок реформатордук азчылык да бар. Бирок көпчүлүк азчылыкка алдыга жылууга жол бербей жатат.
 
Эгерде парламент кетчү болсо, анда жападан жалгыз жаңы хан калгыдай болуп турат. Андыктан бийликтин эки бутагынын тең кеткени оң, жана жогоруда айтылган шайлоолорго, 1993-жылдагы Конституцияга кайра кайтып, “таза барактан” баштоо керек. Парламент болсо, сөссүз кетет, аны жок кылыш үчүн баарын жасашат....
     
Деп жооп берген Бегиш Аматов “Чоң казат” гезитине берген маэгинде.
“Чоң казат”, маэктен үзүндү