Бишкек, “Саясат.kg”. Өткөн жолку Оштогу митингде оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылып, 15-мартка чейин талап аткарылбаса, өлкө боюнча нааразылык акцияларын баштай тургандыгын жарыялаган.
 
Анда коюлган алты талаптын ичинде, Конституциялык реформа, эл ишениминдеги Өкмөттү түзүү, ошондой эле 2010-жылдын апрель жана июнь каргашалуу окуяларынын күнөөлүүлөрүн жазага тартуу жана алдыдагы жергиликтүү шайлоолордү таза, адилет өткөрүү бар. Эгерде бийлик бул коюлган талаптарды аткарбаса, өз элинин сөзүн укпаса, анда өлкөдө нааразычылык акциялары уланаары айтылган.
 
15-март эмес, 28-март да келди, Баткендеги оппозициянын үлкөн митингине үч күн калды, бийлик тараптан сүйлөшүүгө чакыруу же расмий түшүндүрмө берүү аракеттери массалык маалымат каражаттарында байкалган жок. Анысы аз келгенсип, жергиликтүү шайлоо боюнча али да соттошуулар болууда.
 
Өткөн кыш узун болгондуктан, калкыбыз чоң кыйынчылыктарга туш келди, алыскы райондордо тоют жетишсиздигинен кара мал жутка кулады. Эми жаздын кечигүүсүнөн улам мөмө – жемиш, жана эгин – чөп өз убагында бышып жетилеби, эл күзгө чейин азык - заттарды тиешелүү деңгээлде камдай алабы? Мамлекеттин азык – зат коопсуздугун деле ойлогон жан барбы? Мына ушундай орчундуу маселелерди же Өкмөт, же парламенттеги көпчүлүктүн коалициясы чечүүгө кудурети жетеби?
 
Чынында эле кырдаал оппозициянын куйгөнүнчө бар чыгаар. Сыягы ийри отуруп, түз чечип, мамлекеттин келечегин жана эл турмушун ойлоого убакыт жетип келген чамасы. Бирок, ушул маселелерди туура баалап, бийлик элди угабы? Оппозиция менен бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып иш жүргүзө алабы, маселе мына ушунда...