Бишкек, “Саясат.kg”. Өткөн жылдын акыркы күндөрүндө (29-декабрь) карапайым калк  жаңы жылды тосуу түйшүгүн  тартып, жаңы кызматка дайындалган чиновниктер майлуу ордун майлап бүтөлбай жаткан мезгилде Лейлек районунун Андарак айылында кыргыз, тажик улутундагы жаштардын мушташы аз жерден улуттар аралык жаңжалга айланып кете жаздады.
 
Бул кезде ансыз деле Ош аэропортундагы авиакырсыктан эси оой түшкөн кыргыз өкмөтү айласын таппай турган. Андыктан өрт өчүргүчтөй дайыма балакеттин алдын алууну эмес, артын ойлогон бийлик  күч органдары менен жергиликтүү аксакал-көксакалдарды ортого салып жатып жаңжалды араң баскандай болду. Окуяга баа берүү үчүн парламенттик жана өкмөттүк комиссиялар түзүлүп, Андаракка жөнөп кетишкен. Азырынча алар  чатактын чоо-жайын иликтеген тыянагын чыгара элек. Адатта жокту бар, кенедейди төөдөй кылып көбүртүп-жабыртып чагылдырган маалымат каражаттары да Андаракка барып, маселенин аки-чүкүсүн иликтебей, күч органдарынын куш тилиндей пресс-релизине гана таянып, коёндой окшош маалымат менен чектелишти. Бир гана жамандын да жакшы жагы бар демекчи, Кыргызстанда Андарак деген айыл бар экендиги дүйнөгө билинип,  толгон-токой көйгөйлүү маселелери айтылып калды. Деги чатак эмнеден чыкты? Балким, бир эмес, эки бийлик бутагынан түзүлгөн абройлуу комиссия маселенин чоо-жайына калыс баасын беришер.
 
Биздин маалыматка ылайык, ошол 29-декабрда Лейлек районунун  Андарак айылында 11-класстын үч окуучусун улуу жаштагы эки тажик жарандары сабап коюшкан. Болгону тиги окуучу балдар мектептен чыгып, жолдо турушса, машина менен ошол туштан өтүп бараткан тажиктер “эмнеге колуңарды көтөрүп басасыңар, эмнеге жол бошотпойсуңар?”,- деп үч баланы каттуу сабашкан. Алардын бири катуу жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бул окуяга күбө болгон бир мектеп мугалими арага түшкөндө ага да “силердин баарыңарга көрсөтөм, кыргыздын чиновниктерин сатып алабыз”.- деген. Үч баланы сабагандар кечирим сураштын же аларды ооруканага жеткириштин ордуна ушундай шылдыңдаган сөздөрдү айтышкан. Ал эми сабалган окуучулардын ата-энеси райондук ички иштер бөлүмүнө арызданышып, зөөкүрлөрдү милиция райондун борбору Исфанага алып кеткен. Бирок, жаалданган анын жүзгө жакын жердештери артынан барып, бошотуп кетишкен. Ушул жерден таң каларлык жагдай - эмне үчүн кылмыш жасаган адамдарды милиция убактылуу кармоо жайынан чыгарып жиберген? Адаттагыдай акча күчтүүлүк кылдыбы же жаалданган жүз адамдын сүрү болдубу? Айрым маалыматтарга ылайык, ошол учурда министр болгон бир мырза райондук милиция бөлүмүнүн начальнигине телефон чалып, коркуткан, үстөмдүк кылган сөздөрдү айткан. Мына, таза бийликтин кечээги депутатынын, бүгүнкү министринин кылганы. Алар Кыргызстандын мыйзамын чымындай да көрүшпөйт тура...
 
Ал эми райондун акими Н.Сайдуллаев Андаракка жетип барганда жергиликтүү кыргыздар аны кубалап жиберишкен. Милиция менен бийликтин мындай алсыздыгына кыжыры кайнаган андарактык жаштар кошуна айылдардагы тааныштарын чакырышып, 500дөй кыргыз, 1000дей тажик улутундагы жаштар чогулушуп, чоң казатка аттанып калышкан. Каш карайганда тажиктер жашаган айылдын жогор жагындагы эки там, эки кичи дүкөн, бир машина өрттөлүп, дагы эки үйгө өрт коюлууга аз калганда токтотулган. Лейлек районунда бензин кымбат эмеспи, бензиндин жоктугунан гана калган имараттарга от коюлбай калган (дизел майын аткезчилик жол менен ташып, бааны көтөргөндөргө ырахмат).
 
Чуулгандуу кабар Баткен облусунун губернаторуна да жетип, А.Бурканов жетип келип, милициянын күчү, аксакалдардын акылы менен тирешкен эки тарап араң токтогон. Ошондон кийин гана чоң муштум, чатакты баштаган көпкөндөр милицияга жеткирилген.
 
Андаракта беш миңге жакын тажик, үч миңдей кыргыздар жашашат. Жергиликтүү элдин айтуусунда, бир кезде тажиктер ал аймактагы бир кыргыз байына мандикер (жалданып) болуп келип калган экен. Ошондон бери ал төмөндөгү (лейлектиктер Тажикстандын Ходжент аймагын ушинтип коюшат) туугандарын чакырып отуруп, жергиликтүү элден да саны көбөйүп кеткен. Бир айылдагы эки эл аралашпай, тажиктер өйдө, кыргыздар ылдый тарапка отурукташып, өзүнчө эле анклав болуп калган. Айрыкча жайында суу талаштан көп чыр чыгат. Мурда деле ушундай майда чатактар болуп келген. Бирок, өткөн жылдагы президенттик шайлоодон кийин бир айылдагы эки элдин ортосундагы ажырым биротоло кеңейип, ушул окуяга жетип отурат. “Азаттык” радиосуна айылдын тажик тектүү тургуну Тажидин ажы Бобоев буга чейин да жаштар арасында мындай майда чыр - чатактар болуп келгенин, бирок өткөн президенттик шайлоодон тарта эки элдин ортосунда ажырым күчөп отуруп, акыры ушундай окуяга алып келгенин айткан: “Анча-мынча жаштар арасындагы талаш-тартышпы, же суу талашпы, боло келген мындай майда жаңжалдарды айыл ичинде эле чечип келгенбиз. Турмуштук маселелерде боло берет экен. Ал эми мына бул акыркы болгон чыр президенттик шайлоонун астынан башталды. Эл ар тарапка бөлүнүп калды да”...
 
Эмне үчүн Андарактагы чатакка президенттик шайлоонун да тиешеси бар? Ал боюнча өзүнчө сөз кылабыз...
 
Ошентип бул жаңжалдын себептерин иликтөө максатында түзүлгөн парламенттик жана өкмөттүк комиссиялардын өкүлдөрү айыл калкы менен жолугуп, дооматтарды укту. Эл негизинен айылдагы курулушу токтоп калган «Манас» атындагы орто мектепти бүтүрүү үчүн 12 млн. сом акчаны өкмөттөн тездетип бөлдүрүү, майда чырды күчөтүп, маселенин оорлошуна себепчи болгондорду табуу талаптарын коюшту.
 
 Лейлек районунун акими Нууман Сайдуллаев болсо Кыргызстандагы ар улуттун диаспораларынын ишин да карап чыгуу керек деп эсептейт. Анын пикиринде, мындай уюмдар ашкере саясатташып кетти жана жаштар ортосунда боло келген мындай майда мушташтар улуттар аралык  маселеге айланбашы керек эле: “Шайлоо деген шайлоо экен ушундай. Ушинтип жарылууну жараткан кайсыл бир чиновник камалдыбы? Жок. Эл экиге бөлүнүп калды бай жана кембагал болуп. Ачуу чындыкты айтышыбыз керек. Ал эми кичинекей майда талаштар болуп келген. Ал боло берет. Муну улуттук маселе катары көтөрүштүн кереги жок. Ачык сөздү ачык айтыш керек.  Өзбекстанда кантип жашап жатышат, туугандардан карап көрүңүздөр. Бизде ушунчалык эркиндик берилген. Мына диаспора дегендер өз милдетинен ашып, саясатташып кетти”.
 
Албетте, райондун акими диаспораларды бекеринен күнөөлөп жаткан жок. Ал ачык айталбаган менен жогоруда биз сөз кылган экс-депутат, азыркы министр тууралуу айтса керек.
 
Эми баам салган адамга баары айланып келип, Кыргызстанда мыйзам иштебей жаткандыгы, акчалуулар менен чоң кызматтагылар каалаганын жасап, от менен ойногондугу көрүнүп турат. Ал эми мыйзам иштебеген учурда башаламандык өкүм сүрөт...
 
Адилет Жороев