Бишкек – “Саясат.kg”. Президенттик шайлоого саналуу гана убакыт калды, коомчулукту кызыктырган бир эле маселе ким төртүнчү президент болот, кимге добуш беребиз?
Өлкөнүн кайсы бурчу болбосун баарын ушул суроо кызыктырууда. Кимиси болсо да тартип, тынчтык болуп, заманыбыз оңолгону болсо экен деп тилешет.
Ага деле карабай бийликтин жасакерлери кокуй төртүнчү президент азыркы премьер болот, анда шанс бар деген сыяктуу алдын ала жооруп, болуп калса устукандан кемирчеек ашар бекен, эптеп илешсем болду деген пикирде эксперт да, саясатчы да болушуп, тим эле сурамжылоонун жыйынтыгы дешип өздөрүн өздөрү алдап турган кези.
Бирок, ар бир адамдын маңдайына жазган жолу бар ошол жол менен барасың, калганы колуңдан келбейт, Ала-Тоонун чокусуна чыга албайсың, Ысык-Көлдүн түбүнө жете албайсың ар нерсенин мыйзамы бар дегендей, эл өз баласын шайлап алат.
Чыныгы талдоочулардын пикирин уксак, укук коргоочу Чолпон Жакупованын айтымында, 2011-жылдагы шайлоонун өзгөчөлүгү, кимдин президент болоору белгисиз болуп жатат. Ал эми 2009-жылдагы жана андан мурдагы шайлоолордо 90 процент Курманбек Бакиев же Аскар Акаев шайланат деген кепилдик бар эле. Бул ирет андай кепилдикти Алмазбек Атамбаевге ыйгарууга мүмкүн эмес. Мындайча айтканда эртең ким президент болуп калаарын айта албайбыз.
Ал эми административдик ресурс жакшылап эффективдүү иштеши үчүн күчтүү бийлик болушу керек. Ал эми Кыргызстанда мамлекеттик бийлик жокко эсе. Баарынан дагы шайлоонун алдында шашылыш түрдө шаарлардын мэрлерин кайра шайлоо, сотторду алмаштыруу процесстери жүрүп жатканы дагы кокустук эмес. Мына ошол кызматтан кеткен адамдар дагы Атамбаевге чечкиндүү түрдө каршы иштешээри бышык. Ал эми түштүк эли былтыркы кандуу коогалаңды унута элек. Мына ушундай жагдайда шайлоого бара жаткан премьер-министр утуп чыгат деп айтыш өтө эле кыйын.
Бул туура, апрелден кийин көпчүлүк мекемелерде күчтүү адистер Бакиевге иштебесе деле, бакиевчил ат менен тазаланып, кызматтарга тажрыйбасыз, ал түгүл эл менен иштегенди билбеген эле тааныштарын ишке койушкан. Алар кайсы жумушта эмне кылып жүргөнүн азыр да толук биле элек. Ошол себептүү президентти, премьерди жана башка чоң кызматтагыларды ушундай абалга алып келишти. Бул торго мурдагы эки президент да кандай түшкөнүн байкабай калышкан. Тарых кайталанат деген ушул да.
Бийликте күчтүү адистер жокко эсе, баары эле убактылуу маанйда. Эртең башка президент келсе кетишет, себеби азыр мамлекеттик кызматкерге эч кандай кепилдик берилген эмес. Мындай шартта административдик ресурсту колдонуунун деле мааниси жок. Кечээ Бакиев ресурс колдонду деп кыйкырып келип, бүгүн өздөрү колдонгонун эл көрүп жаткандан кийин айтат да, “ай сенин эмнең артык?” деген суроо туулат деп да ойлош керек. Тазалануунун бир эле жолу таза шайлоо өткөрүү, эл кимди шайласа ошого жол берүү, эч кандай тоскоолдук кылбоо. Болбосо кыйын болуп калат, элди эки жолу алдашты, эл азыр даанышман, баарын көрүп турат.
Төртүнчү президент ким болбосун, башкаруу системасына күчтүү, таза жана тажрыйбалуу адистерди чакырып эл үчүн иштөөгө толук шарттарды түзүп берүүсү керек. Ансыз ал деле мурдагылардын кейпин бат эле кийет. Элди алдайт, же аны алдагандай кылып көрсөтүшөт, кечээ жакында премьер-министр шайлоодо администрациялык ресурс колдонулбайт деп айтса, эки күн мурун анын партиялашы Бишкек мэри президенттикке талапкердин үгүт материалдарын автобустардан чапталган жеринен тытып алдырыптыр, болгондо да түн жарымда, кимден бекинип жасаганы белгисиз.
Макул, автобуска чаптаса болбойт дейли, анда калган автобустагы рекламаларды эмнеге тыта албайт? Эл көрүп турбайбы.
Кызыгы ошол материалдары тытып койсо эле маселеси чечилип калабы, чынында эл талапкерди тандаганда алардын үгүт материалдарына же берген акча, убадаларына деле анча кызыгышпайт. Эл өзү ким президент болорун жана кандай иштерин сезет.
Бишкек – “Саясат.kg”. Ошентип алдыдагы 20 күндүн ичинде 78 талапкердин канчасы калып, канчасы шайлоого чыгары белгилүү болот. Президентти шайлоо кампаниясынын биринчи этабы аяктады. Баары болуп 80ден ашуун талапкер өзүнүн президенттик шайлоого чыгаарын ачыктап, алардын кээ бирөөлөрү кайра тартты. Азыркы күндө 13 талапкер шайлоого катышуу үчүн белгиленген 100 миң сом акчасын төгүштү. Кийинки этапта, ушул эле 100 миң сомдон акча, 30 миң кол топтоп, мамлекеттик тил сынагынан өтүү шарттары каралган. Бул тепкичтерден кимиси өтөт, кимиси өтпөйт аз убакытта коомчулук баарына күбө болору шексиз.
Үчүнчү этабы үгүт иштери менен аяктайт. Бул эң маанилүү жана жыйынтыктоочу этап. Үгүт иштери жүрүп жатканда талапкерлердин чыныгы мүмкүнчүлүктөрү, элдин маанайы жана бийликтин иш-аракеттери белгилүү болот.
Президенттик шайлоо эки жол менен өтөөрү күтүлүүдө. Биринчиси – бул Кыргызстан үчүн тынч жана адилет шайлоо, эгерде ар-бир талапкер өз алдынча катышып, өз күчүн шайлоодон тактап алышы.
Экинчиси – талапкерлер тандем түзүп, бири-бирин колдоого алуусу. Бул жол деле Кыргызстан үчүн тынч шайлоо болушу мүмкүн, бирок, мындай жолдун жыйынтыгы тандемге баруучу саясатчылардын жеке жоопкерчилигине байланыштуу. Эгерде тандем түзүлүп, эки саясатчы бири-бирин колдоп, жакшы программа менен чыгып, эл биримдигине доо кетирбегидей болушса, албетте бул туура жол. Бирок айрым саясатчылар өз кызыкчылыгы үчүн мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирип, эки киши түзгөн тандемди, түндүк-түштүк тандеми деп чыгышса, анда ал тандемдин түзүлүшү Кыргызстан үчүн олуттуу.
Саясатчы Топчубек Тургуналиев айткандай, тандем түзүү түндүк-түштүк бөлүнүүсүн мыйзамдаштыруу болуп калышы ыктымал. Андыктан тандем, жеке эки талапкердин ортосундагы келишим катары каралып, ал региондук жа аймактык бөлүп жарууга багытталбаса, анын жыйынтыгы жана келечеги максатка ылайыктуу болмок.
Акыркы кездерде, массалык маалымат каражаттарында талапкерлерди каралоо же болбосо буйуртма материалдар орун алууда. Бирөөсүн эмдигиче программасы жок десе, экинчисин убадачы популист, үчүнчүсүн наркобарон кылып көрсөтүүдө. Албетте, ар бир макала такталбаган, же болбосо анонимдик булактан, башкалары болжол менен аткарылган. Чын чынына келгенде элибиз жыйырма жылда сасатты жакшы таанып, кайсынысы жалган, кайсынысы чын экендигин баамдап калды. Бирок ошентсе да, кээ бир саясатчылардын колдоочу топтору “кир” технологияларды кенен колдонууда.
Кир кол менен таза колдун айырмасындай эле бул технологиялардын да акыр аягы эмне менен бүтөөрү журтубузга белгилүү. Элде илгерттеден келе жаткан кеп бар: “эмне менен баштасаң, ошону менен бүтөсүң”. Демек, ким таза баштап, жеке өзүнүн гана үгүт иштери менен болуп, башкаларды каралабаса, башкалардын жылдыздары да ошого ооп түшөт.
Ошол эле мааалымат каражаттарына көз жүгүртсөк, көпчүлүгүндө талапкерлердин Россия мамлекетине жагынып колдоо телектери байкалса, айрымдары батыш тарапка ыктаганы да көрүнүүдө. Канткен күндө да талапкерлерибиз биринчи кезекте кыргыз эли жана мамлекетинин кызыкчылыгын жогору коюшса, чыныгы президент шайланышына ишенүүгө болот.
Маселе - эртең ким президент болгонунда эмес, бүрсүгүнү ал кандай иштейт? Мына ушул суроодо болуп турат. Кыргызстандын эгемдүүлүгүнүн түптөлүүсүнүн 20 жылдыгында, бир эмес эки президент башкарып, эмне менен бүткөнү кыргыз элине али да өкүнүчтүү. Парламенттик башкарууга өткөнүбүзгө бир жылдан ашуун убакыт өттү бирок, өнүгүү жок.
Демек, Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн башкаруунун формасынын эч кандай тиешеси жок. Ал башкаруучунун жеке жоопкерчилигине гана көз каранды. Мамлекет президент үчүн иштебестен, президент мамлекет үчүн гана иштесе, ошондо өнүгүү болушуна кепилдик түзүлөт. Ал эми мамлекет жеке адамдын жашоосуна, анын келечегине жана өнүгүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүп берүүсү керек.
Ошондуктан алдыдагы президенттик шайлоодо, кыргыз элине күйгөн, мекенчил, жоопкерчиликтүү, курч патриот жаштардын шайланышы Кыргызстандын өнүгүүсүнүн негизги шарты катары байкалууда. Себеби өлкөдө тартип жок. Паракорчулук күчөп кеткен. Бийлик алсыз. Болочок президенттин биринчи иш-аракети: өлкөдө тартипти, стабилдүүлүктү орнотуп, паракорчулукту жойуу болуп турат.
Кечээ эртең менен, "Сасаят.kg" маалымат агенттиги“Эгерде эртең Президенттик шайлоо болсо, кимге добуш бересиз?” аттуу электрондук добуш берүүнү жыйынтыктады. Үч ай бою электрондук баракчада добуш берүүнүн негизинде төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарылды:
1.Биричи орунга 36,5% добуш менен Камчыбек Ташиев чыкты.
2.Экинчи орунга – Адахан Мадумаров – 22,1% добуш менен.
3.Үчүнчү орунга – Өмүрбек Текебаев – 15% добуш менен.
4.Төртүнчү – Темир Сариев – 4,6% добуш.
5.Бешинчи – Алмазбек Атамбаев – 4,3% добуш.
6. Алтынчы - Роза Отунбаева – 3,5% добуш.
7.Жетинчи – Мелис Мырзакматов – 3% добуш.
8.Сегизинчи – Аликбек Жекшенкулов – 1,4% добуш.
9.Тогузунчу – Феликс Кулов – 1% добуш.
10. Онунчу – Өмүрбек Бабанов – 0,8% добуш.
11. Баарына каршы – 7,8% добуш, баары болуп 628 окурман добуш берген.
Ал эми орус тилинде добуш берүүгө коюлган баракчанын жыйынтыктары:
1.Биринчи орунга 30,2% добуш менен Камчыбек Ташиев чыкты.
2.Экинчиде – Адахан Мадумаров – 19,3% добуш.
3.Үчүнчүдө – Алмазбек Атамбаев – 12,1% добуш.
4.Төртүнчүдө – Өмүрбек Текебаев – 8% добуш.
5.Бешинчиде – Роза Отунбаева – 3,7% добуш.
6.Алтынчыда – Мелис Мырзакматов – 2,7% добуш.
7.Жетинчиде – Өмүрбек Бабанов – 2,5% добуш.
8.Сегизинчиде – Феликс Кулов – 2,3% добуш.
9.Тогузунчуда – Темир Сариев жана Аликбек Жекшенкулов – 2% добуштан.
10. Баарына каршы - 14,7%. Баары болуп 1429 окурман добуш берген.
ДОБУШ БЕРҮҮ АЧЫК ЖАНА КИЙЛИГИШҮҮСҮЗ ӨТКӨРҮЛДҮ
Өзүңүздөр көрүп тургандай, орусча жана кыргызча барактарды салыштырмалуу суммада добуштарын эске алганда, Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлердин ичинен - биринчи орунда Камчыбек Ташиев, экинчиде - Адахан Мадумаров, үчүнчүдө – Өмүрбек Текебаев жана Алмазбек Атамбаев, төртүнчүдө - президент Роза Отунбаева, бешинчиде – Мелис Мырзакматов.
Кыскача мунөздөсөк, Камчыбек Ташиевдин биричи орунга чыгышы (36,5% жана 30,2%), анын принципиалдуулугу, элдин кызыкчылы үчүн тайманбастыгы, Кыргызстандын бүтүндүгү жана бөлүнбөстүгү жөнүндөгү позициясы, өткөн жылкы апрелдеги жана июньдагы коогалардын күнөөлүүлөрүн жазага тартуу талабы, бийликтин кемчиликтерин ачык сынга алуусу жана июнь коогасында эки тараптуу кан төгүүнү токтотуусунун таасиринен. Мындан тышкары, ал Кыргызстандын жаңы муунунун, кири жок, иш билген башкаруучуларынан. “Ата-Журт” партиясынын лидери, ушундай аттагы парламенттик фракцияынын жетекчиси. Парламенттик шайлоодо анын партиясы биринчи орунду алган.
Экинчи орунда – Адахан Мадумаров (22,1% жана 19,3%), элде айтылгандай, Акаев жана Бакиевди алып келебиз, дегенден кийин, акаевчилер жана бакиевчилер учурда колдоо көрсөтүп жатышат. Мыкты оратор, убудачыл жана Путин колдоо көрсөтүудө, ага машиналар, жансакчылар келүүдө жана ушундай такталбаган маалыматтар көп таркалууда. Өткүр саясатчы, мурдагы муундагы чоң кызматтарды аркалаган. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери. Парламенттик шайлоодо партиясы өтпөй калган.
Үчунчү орун Текебаев менен Атамбаевдин ортосунда.
Өмүрбек Текебаев атаандашынан орусча баракчада бир аз артта калганы менен кыргызчасында 3,5 эсе алдыга чыккан (15% жана 8%). Тажрыйбалуу саясатчы, Конституциянын атасы, өмүр бою адилеттүлүк үчүн күрөшүп келет, Акаевдин башкаруусунан бери биринчи оппозиционер. Анын “Ата-Мекен” партиясы чоң муундун туруктуу жана активдүү партиясы болуп эсептелет. Парламентте эмгеги сиңирген депутат. “Ата-Мекен” партиясынын лидери жана ушундай аттагы парламенттик фракциянын жетекчиси. Парламенттик шайлоодо анын партиясы бешинчи орунду ээлеген.
Ушул эле даражада Алмазбек Атамбаев, атаандашынан орус барагы боюнча бир орун жогору турса, кыргыз баракчада эки орун төмөн позицияны ээлеген (4,3% жана 12,1%). Сыягы, аны премьер-министр катары, бюджет кызматкерлери көбүрөөк колдосо керек. Анын абройуна тамак –аштын, күйүүчү-майлоочу заттардын, бензиндин жана ушундай керектелүүчү заттардын бааларынын кымбаттоосу, бийликтеги жетекчилердин алсыздыгы таасирин тийгизип жатса керек. Ал тургай анын командасы да аны көбүнэсе жаман көрсөтүп жаткандай. Ачык эле үгүт иштерин жүргүзүүдө деген сөздөрдүн келип чыгышына аша чаап мактап шарт түзүп жатышкандай. КСД партиясынын лидери, иштеп жаткан премьер-министр, анын партиясы парламенттик шайлоодо экинчи орунду алган.
Төртүнчү орунду перзидент Роза Отунбаева татыктуу ээледи (3,5% жана 3,7%). Мындай даражага, анын өткөн жылкы кандуу бийлик алмашууда, эч ким президент катары башкарууга даай албай турганда, чоң жоопкерчиликти мойнуна алып, өлкөдө башаламандыкка жол бербөөсү жана мен шайлоого барбайм, жаңы шайланган президентке бийликти тынч жана мыйзамдуу өткөрүп берем деп айтып чыгуусу оң таасирин берди.
Ал эми бешинчи орунга Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов чыкты. Өткөн жылкы июнь коогасында Ош шаарынын тургундарынын алдында эмгеги сиңирген, ал окуялар тууралуу китеп чыгарды, бирок, шайлоого өз талапкерлигин койгон жок. Мурдагы парламенттин депутаты.
Добуш берүүнүн жыйынтыктарын эске алуу менен, 80ден ашуун талапкерлер катышып жаткан президенттик шайлоодо негизги саясий күрөш алардын ичинен ушул тизмедеги биринчи төрт талапкердин ортосунда жүрөт десек болот.
Мындай талдоону кечээ россиялык эксперт Алексей Власов да айтып чыкты.
Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыктарын алдын ала талдоо катары карай турган болсок жана президенттик шайлоо да ушундай ачык жана эреже бузуусуз өтө турган болсо, анда шайлоонун жыйынтыгы аныкталгандай.
Бишкек - "Саясат.kg". Алдын ала талдоолор боюнча президенттикке талапкерлердин саны аябай көп болуп, көпчүлүгү расмий каттоо мезгилинде кайра тартаары белгилүү болуп калды.
Чынында ким эле президент болгусу келбесин, бирок, президент болуу үчүн бир эле адамдын жеке каалоосу жетиштүү болбой турат. Анын каражаты, күчтүү тарапкерлери жана элдин колдоосу биринчи кезектеги шарттардын бири. Экинчиси – оппоненттердин канчалык мүмкүнчүлүгү бар жана аларды ким колдойт, үчүнчүсү – канчалык деңгээлде шайлоо таза өтөт жана тышкы күчтөр канчалык деңгээлде шайлоо процессине таасир тийгизе алат.
Адатта алты-жети талапкердин ортосундагы шайлоодогу күрөш эң жөнөкөй, анда атаандаштар да анчалык чоң тоскоолдук бере албай, жыйынтыгында бир эле жеңүүчү болору анык.
Ал эми, күчтүү атаандаштар катышып жаткан үчурда шайлоо татаал жана анын өтүүсү да ар кандай жолдорго туш келиши мүмкүн. Ошондуктан мындай шайлоолордо, атаандаштар мүмкүн болушунча көбүрөөк тарапкерлердин катышуусун көздөйт. Биринчиден бул добуштарды бөлгөнгө ыңгайлуу эсептелсе, экинчиден көпчүлүктүн арасында атаандашты одарууга шарт тузүлөт деп эсептелет. Мындай ыкмаларды көбүнчө бийлик тарап колдонуп келген.
Эгер шайлоого көпчүлүк катышуучулардын ичинде бир нече күчтүү талапкерлер туш келсе, шайлоо эки тур менен өтүүгө туура келет. А эгерде шайлоого катышуучулардын ичинде эки күчтүү талапкер туш келсе, шайлоо үч тур менен өтүүсүнө да туура келип калышы ыктымал.
Кандай жол менен канча жолу өткөндө да шайлоого таза ниет менен келип, эч кимге кошулбай, адилеттүүлүктү көздөгөн талапкер жеңип чыгат. Ал эми канчалык элдин көзүн боеп, ар кимди кошулууга үндөп, күчкө салган талапкер ошончолук максатынан алыстап, үч тур менен да жеңилет. Бул көпчүлүк мамлекеттердин тарыхынан түзүлгөн эреже.
Эми Кыргызстандагы шайлоону алсак, бүгүнкү күндө шайлоого катышуунү ачыктагандардын саны 24кө жетип, дагы күн сайын өсүүдө. Демек шайлоого катышуучулардын саны көп болот.
Борбордук шайлоо комиссиясы эч нерсе баштала элек туруп, маалымат агенттиктер үгүт иштерине катышпайт деп айтып чыгышып, кийинчереек катышса болот деп чыкты. Ал эми бүгүн Т.Абдраимов катышса болбойт, эгер катышса айып төлөөгө мажбур болот деди "Азаттыкта". Анда кайсы мыйзамдын негизинде маалымат агенттиктери айып төлөшөт? Же БШК адашып жатабы?
БШКнын электрондук маалымат түйүнү, Мамалекеттик автоматташтырылган “Шайлоо” системасы мунун баары электрондук маалымат түйүнүн түзөт, эгерде булар маалымат каражаттарына кирбесе, анда БШК өзүнчө гезит же журнал чыгарып, күнүмкүсүн күндө, же түнкүсүн түндө элге жүгүрүп жеткире алабы?
Жакында жаңы мыйзам боюнча президенттик шайлоого катышуучу башка мамлекеттин президенти же салмактуу саясатчылары менен сүрөтүн колдонууга тыйуу салынат деп жазып чыгышты. Бирок, бийлик тараптан катышуучу талапкерлер бул мыйзамды бузбайт деген кепилдикти бирөө бере алабы?
Себеби жөнөкөй талапкер башка өлкөнүн президенти же салмактуу саясатчысы менен сүрөт турсун, аларга жакын жолой албайт да...
Бишкек – “Саясат.kg”. Мына, коомчулук көптөн күткөн шайлоо күнү да белгилүү болду. Ашыгып, шашылып, чалагайым саясатчылардан чала пикир, кам талдоолор да бирин-экин гезиттерде пайда боло баштады.
Кызыгы, эмнегедир айрым талдоочулар боло турган шайлоодо түштүк-түндүк маселесинин козголушуна кызыкдар. Кыргызстан түпкүлүктүү бир эл, аны түштүк-түндүккө, уруу-урууга же кокту-колотко бөлүүнүн өзү эл алдында кечирилбес чоң кылмыш!
Р.Отунбаева, А.Атамбаев, К.Ташиев, Ө.Текебаев, Ф.Кулов, О.Бабанов, А.Мадумаров, Т.Сариев, А.Жекшенкулов, М.Султанов, Ө.Суваналиев, А.Жапаров, Т.Акун, М.Мырзакматов, Т.Уметалиева жана башка көптөгөн кыргыздын уул-кыздары, бүгүнкү күндө, президенттикке татыктуу талапкерлер. Ар биринин өзүн колдогон журту, ишенген адамдары, сиңирген эмгеги жана иштөө жөндөмү бар.
Эч качан ал андай, бул мындай деген сөздөр туура эмес. Аны бөрк ал десе баш алып, жасакер жагынчуулар кылат. Өздөрүнүн кыска мансабын таңуулап, чоң саясатттагы адамды кичине акырдан чоң олжого түртөт. Ошол жерден жем жегизип, башын буруп, жоопкерчиликке келгенде качып жоголот.
Ал элибизге бир эмес эки жолу белгилүү болду. Үчүнчүсүн көрсөтпөсүн.
Акыркы кездерде, көпчүлүк учурда тигил же бул талапкерди тандемге таңуулоолор пайда болду. Мисалы: Атамбаев Мырзакматов менен, Мадумаров Ниязов менен, Суваналиев Эшимканов менен жана башка ушундай сыяктуу тандемде барат деген сөздөр жүрүүдө.
Кыргызстандын келечегин, кыргыз элинин тынч жашоосун жана шайлоо ачык, таза жүрүп, акыйкаттулук орундалышын көздөсөк, ар бир талапкер өз алдынча шайлоого барса эң жакшы жолду тандаган болоор эле. Себеби тандем бул жеке кызыкчылык менен түзүлгөн бир максаттуу келишим. Ал эч качан туруктуу биримдик боло албайт. Эртеби, кечпи, экөөнүн биринин айланасындагылар экинчисин тээп түшөт.
Бул мындан миңдеген жылдар мурун эле империялардын түзүлүшүндө колдонулуп, бүгүнкү күнгө чейин келе жаткан саясый ыкма. Эки мамлекеттин башчысы биригип, үчүнчүсүн жеңгенден кийин, бир мамлекет башчысы үч мамлекетти бириктирип империя түзүп келген.
Кыргызстандын тарыхында Бакиев менен Кулов тандеми президенттик шайлоодо жеңип чыккан, бирок жогоруда айтылгандай, кийинчерээк Кулов хан сарайдан четтетилген.
Ошондуктан, ар бир перзиденттикке талапкер тандеми жок, өзүнүн программасы менен жеке ат салышууга чыкса, кыргыз эли татыктуу талапкерди тандап алмак. Мындай жолдун эки жакшы жагы бар, биринчиси - ар бир талапкер жеке ат салышууда өз абройунун деңгээлин жана келечекте эмнеге көңүл бөлүү керек экенин тактап алса, экинчиси - шайлоо тынч өтүп нааразычылык кылууга же митингдерди уюштуруп чыр салууга негиз жок болуп калмак.
Албетте, президенттик шайлоого кантип барууну ар бир талапкер өзү тандашы керек.
Азбы, көппү бир нече күндөн кийин, тагыраак айтканда ушул айдын аягында же кийинки айдын башында шайлоо күнү белгилүү болоору күтүлүүдө.
Бирок ага деле карабастан, туш тараптан талапкерлер штабдарды түзүп, программалар чиймелеп, массалык маалымат каражаттарына байланышып, шайлоо аракеттерин кызуу жүргүзүүгө киришкендери акыркы жумада өзгөчө байкалуууда.
Маалымат каражаттарында түрлүү берилиште партиянын логотиптери, же болбосо Кыргызстанды өнүктүрүү программалары жана жеке электрондук баракчаларда ар кандай мүнөздөгү сүрөт баяндамалар пайда боло баштады.
Алдыдагы президенттик шайлоого 15тен ашуун талапкер бел байлаары аныкталууда. Башка шайлоолорго караганда, бул шайлоо өзгөчө деморатиялык принциптер менен мүмкүн болушунча ачык айкын өтүүсү күтүлүүдө. Талапкерлердин көп болгонуна байланыштуу бул президенттик шайлоо эки тур менен өтөөрү белгилүү болуп калды.
Себеби 15тен жогору талапкер катышкандан кийин ошонун ичинен тийиштүү добуш алып озуп чыгуу мүмкүн эместигин серепчилер эмес, карапайым калк да жакшы түшүнүп турат. Анын үстүнө азыркы заман Акаевдин же Бакиевдин бийлиги эмес, мындан сырткары бийлик башындагылардын өздөрүнүн шайлоого катышуусун эске ала турган болсок, анда шайлоодо административдик русурстун, же күчкө салуунун канчалык кооптуу экенин талапкерлердин баары жакшы түшүнүп турат.
Республикадагы коомдук-саясий абалды күчөтпөстөн мыйзам жолу менен ар-бир талапкерге бирдей укук берилип ачык шайлоо өткөрүлсө, шайлоо тынч жана адилеттүү өтүүсүнө толук ишеничтер бар.
Ал эми, мурдагы бийликтегилердин жолун жолдоп, туш тараптан талапкерлердин укуктары бузулуп, бийлик тарабынан күч колдонула турган болсо, анда эл ичинде нааразычылыктар күчөп, шайлоо тынч өтүүсү мүмкүн болбой калат...
Ошондуктан Кыргызстандын келечеги жана мамлекеттүүлүгү үчүн, мындан ары Кыргызстан ар кандай саясий жана экономикалык оор түйшүктөрдөн арылып, стабилдүү өнүгүүсү үчүн, партиялардын лидерлери, бийлик өкүлдөрү жана парламент депутаттары кыргыз коомунун алдында саясий чечим кабыл алып алдыдагы президенттик шайлоого таза барып, адилеттүү шайлоо өткөрүүгө ант берүүсү туура болуп турат.
Ошентип президенттик шайлоого да саналуу күндөр калды, ар жак бер жагы бир ай ичинде шайлоо күнү да жарыяланат. Президент болууну көздөгөн кыргыздын чыгаан уул кыздары даярдыктарын күчөтүп турган кези.
Маалымат каражаттарында ким чыгат да, ким ким менен барат негизде бир катар алдын ала талдоолор берилүүдө, айрымдары КСДПК партиясы “Бүтүн Кыргызстан” менен барса жеңишке ээ болот деп айтса, башкалары “Ата-Журт” партиясы “Республика” менен барганы оң, жаштарга да кезек берели, жаңы муун келип, жаңыча башкарып, эл ичинде болуп, элдин деми менен кошо дем алып, “эски доордон” бошоноорбуз деген үмүттөрүн айтууда.
Чынында эле, Кыргызстанда бир эмес эки жолу бийлик алмашты, бирок майнап чыккан жок. Бийлик алмашууну “Революция” деп миң жолу айканда да чыныгы революциянын өзүнүн мыйзамдары жана шарттары бар, ошол эрежелер толук аткарылганда гана аны революция деп, башкаруу мааниси жана анын башында турган жаңы коомдун же жаңы муундун адамдары келип, “биз таптакыр башка жол менен башкарып, мамлекетибиздин келечеги, өнүгүүсу үчүн акыркы демибиз калганча чын дилибизден эмгектенебиз” деген күндө гана андан үмүт кылууга болоор эле.
Революциянын шарты качан “эскилер жаңыча башкарууну каалабай, ал эми жаңылар эскиче жашоону каалабай калганда гана пайда болот” деген эрежени кабыл алсак, анда замандаш, бүгүнкү күн мына ушул эрежеге дал келип жаткан жокпу?
Бийлик алмашуу, же революция, же коомдогу жаңылануу эч убакта күч колдонуу менен, энени чыркыратып баласынан ажыратпай, жубайын жалгыз таштап, балдарын жер каратпай коомдун жана адамдардын аң сезиминде чын жүрөктөн туура кабыл алынып, ар бир адам өзүн же мансабын эмес, Кыргызстандын келечегин ойлоп, терең баа берип, эл үчүн күйгөн эр-азаматтарыбызга ишенип колдоп берсе болоор эле.
Карапайым элдин тилегинде президент ким болот деген суроо эмес, Кыргызстанды ким өнүктүрөт, ким биздин элдин кулуну жана адилет башкаруучусу болот деген көйгөй, элге ким президент болоору эмес, эртеңки күн кандай болоору маанилүү.
Учурда иштеп турган парламенттин келечек тагдырын сиз кандайча көрөүз?
-Биричиден, бул парламент мыйзамсыз, андыктан, анын чечимдери да президентти шайлоо да мыйзамсыз. Бийликтин эки бутагы азыр ичара согушуп жаткандай болуп жатат. Мунун арты жамандык менен бүтөт. Азыр акаевчил көпчүлүк Бакиевдин тарабында, бирок реформатордук азчылык да бар. Бирок көпчүлүк азчылыкка алдыга жылууга жол бербей жатат.
Эгерде парламент кетчү болсо, анда жападан жалгыз жаңы хан калгыдай болуп турат. Андыктан бийликтин эки бутагынын тең кеткени оң, жана жогоруда айтылган шайлоолорго, 1993-жылдагы Конституцияга кайра кайтып, “таза барактан” баштоо керек. Парламент болсо, сөссүз кетет, аны жок кылыш үчүн баарын жасашат....
Деп жооп берген Бегиш Аматов “Чоң казат” гезитине берген маэгинде.