Бишкек, “Саясат.kg”. Кыргызстанды сактоо кыймылынын координатору Аширбек Болотов менен маек
 
Оппозициялык күчтөрдүн митингдерге чыгып, бийликтин, өкмөттүн аракеттерине нааразылыгынын төркүнү эмнеде?
 
- Мунун келип чыгышынын себеби кечээ жакында көлдө болуп өткөн, Оштогу, Жалал-Абаддагы же Таластагы эле митингдер эмес, убактылуу өкмөттүн бийликти басып алган учуруна барып такалат. Балык башынан сасып жатат. Атамбаев, Текебаев, Сариев, Бекназаров баштаган төртөө 2010-жылдын 7-8-апрелдин түнүндө банк кутучаларын ачышып, мародёрлук кылышкан. Супер-маркеттерди, соода түйүндөрүн айтпай эле коёюн, үч банктан: “Азияуниверсал”, “Бакай”, “Манас” банктарынан 350 миллион доллар накталай акча алышкан. Бул документалдуу түрдө тастыкталганын биз эбактан бери эле айтып келатабыз. Жогоруда ысымдары аталган сепаратисттер уурдалган акчаларын сиңирүү үчүн, өзгөртүүлөр киргизилген конституцияны өткөрүп кетүү үчүн түштүктөгү кыргынды Кадыржан Батыров менен чогуу сүйлөшүп алып, өздөрү уюштурушкан. Бул сөздү мен бийликти көрө албаган киши же оппозиционер катары айтып жаткан жокмун. 2011-жылдын 9-июнундагы Жогорку Кеңештин “убактылуу өкмөт түштүктөгү кыргынды уюштурганга күнөөлүү, банк кутучуларындагы акчаларды алышкан. Буга башкы прокуратура иш козгосун” деген токтому бар. Булардын оюнда эки улутту кайраштырып коюп, өздөрү карап турушмак. Ош окуясынын астында гуманитардык жардам кылып, Текебаев, Батыровтор элге ун таратканда бирөөнө тийген ундун кабынан Калашников автоматы чыккандыгы боюнча маалымат бизде бар. Атамбаев: “Смерть пяти-шести идиотов ничего не значит” деп Кадыржан Батыров менен сүйлөшкөндө Кадыржан Батыров: “бизге үч күн тийбей тургула, кыргыздын акесин окутабыз, үч күндө кыргызды момурайтып коёбуз” деп жатат. Үч күн кайтарышты, канчалык куралданса да, акыры кудай бар экен, элибиз аман калды. Убактылуу өкмөттүн андан берки уурулуктары да жетиштүү. Роза Отунбаева өзү: “Бюджеттин 26 миллиард сому чачылып жок болуп кетти” деп айтып алган. 100 миллиондук гуманитардык жардамдардын дайыны табылбай калды. Ушундан кийин түндүк-түштүк маселесин козгоп, элди алаксытып жатышат. 2009-жылы эсептеп көрсөк, 15 миң жолу митинг болуптур, ал убакта дал ушулар оппозицияда болчу. Бүгүнкү күндө Ошто көп болсо, эки-үч митинг өтөт, аларга каршы дүжүрлөрдүн баарын чыгарып алып, “ушулардыкы өттү. Булардын баарын оштуктар кылып жатат” деп жатышат. Бийликтегилер эми кыргызды кыргыз менен кырылыштыргысы келип жатат. Жакында көлдө да митинг болуп өттү. Кумтөргө эч кимди киргизбейт, канча алтын казылып жатат, эмне болуп жатат? Радиоактивдүү калдыктарды көмүп жатат, аны эч кимге текшертпейт. Чоо-жайын билгиси келген эл жооп сураса, ичкилик ичкендердин бир ууч тобун алып келип, элди сабатып таратты. Таласта да жергиликтүү эл экономикалык маселелерди көтөрүп чыккан. Аны алдын ала эле “Ташиев менен Мадумаров келет экен” деп ушак таратышып, чагым салышты. Ушул жактан 300дөн ашык милиция кызматкерлери барды, “Ата-Мекен” партиясы, Бабановтун иниси, Койсун Курманалиеванын агасы элге акча таратышып, митинг боло электе эле элди дүрбөтүп койду. “Ата-Журттун” буга эч кандай тийешеси жок. Булар бул жүрүшү менен көп алыска барбайт. Мен өзүм чүйлүкмүн, карапайым элдин бири-бири менен талаша турган эч нерсеси жок.
 
- Сөзүңүзгө аралжы, түштүк менен түндүктүн айылдарынан келгендер Чүйдү, Бишкекти ээлеп алды деп нааразы болгондор бар. Ошол эле Чүйдүн аттуу-баштуу адамы - Темир Сариев “сарттар келип басып атат” дегенин туура көрөсүзбү?
 
- Сариев менен көрүстөнүбүз бир, менин тууганым. Мен өлсөм, мага келип топурак салышы керек. Бирок, Сариев шүмшүктүн айтканын эч ким туура көрбөйт. Оштуктардын, нарындыктардын, таластыктардын Бишкектин тегерегине келгенине 20 жылдан ашып калды. Ал учурда “быссымылда” дегенде эле немис көчүп баштады, анан грек кетти, анан кийин түрктөрдүн мыктылары көчүп, кырк пайыз үйлөр бош калды. Ал үйлөрдү кыргыз ээлебегенде ким ээлейт эле, ошол эле түрктөр, күрддөр, кытайлар басмак. Ички мигранттар Кара-Балтада, Сокулукта, Кара-Балтада, Кантта көп. Эки аймактан агылып келгендердин балдары ушул күнгө чейин мушташа да элек. Чогуу чоңоюп, чогуу өсүп, карапайым эл бири-бири менен эриш-аркак эле жашап келе жатат. Бийликтеги эл бузарлар гана жеп-ичкенин жашырыш үчүн түндүк-түштүк маселесин козгоп, элди кырды-бычак кылып, саясатташтырып ийип жатат.
 
Кыргызстандын учурдагы саясий акыбалына кандай баа бересиз? Мындан ары эмнени күтүүгө болот?
 
- Азыр өтө кыйын акыбалдабыз. Ууланган көмүрдүн таасирин эле алалы. Анын кедергиси жеке эле Бишкекке эмес, бүтүндөй Кыргызстандын аймагына тийип жатат. Атамбаев буга Бабанов кол койгонун айтса, ал “менин колум коюлган эмес” деп күнөөнү мойнуна албай, бири-бирине шылтап коюшту. “Казак” деген улут жок болчу” деп Атамбаев оозуна келгенди сүйлөп койду эле, казактар 2011-жылдын 3-августунда “70 миң тонна Куландан көмүр алынсын” деп Атамбаев кол койгон чечим бар экендигин айтты. Эми силердин “азык-түлүгүңөр радиоактивдүү” деп сырттагы мамлекеттердин эч бири сатып албай, чек арадан чыгарылбай, баары төгүлүп жатат. Ошол эле радиоактивдүүлүктүн айынан Кыргызстанда тигилип, экспорттолгон кийимдер чет жакта сатылбай баштады. Бир эле ал эмес радиоактивдүү көмүрдүн кесепетинен кыргыз элинин генофонду бузулуп, тубаса майып балдар төрөлө тургандыгы турулуу эле иш. Буга Атамбаев жооп бере алабы? Буга ким жооп берет?
 
Кыргызстан мындай акыбалдан кантип чыгып кете алат деп ойлойсуз?
 
- Элди ойнотуп келаткан бийликте жети эле адам бар: Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаевти, Темир Сариев, Топчубек Тургуналиевти, Өмүрбек Бабановту мыйзамды карап олтурбай эле элдин ортосуна салып, таш бараңга алыш керек. Болбосо булар кайра эле элдин башын айлантып, түндүк-түштүк маселесин күчөтүп, эки аймактын элин кырылыштырганга барат. Мен буларга 2008-жылы эле: “Бул ичип жатат, а силер, шакалдар бийликке келсеңер ичпей туруп талкалайсыңар” деп айткам. Бакиевке убагында эч ким баш бербей калган. Атамбаев премьер-министр кезинде ундун баасы бир жарым миң сомго көтөрүлгөн. Эми ал президент болуп туруп да, мамлекетти жыргата албайт. Каалайбызбы, каалабайбызбы, сөзсүз түрдө революция болот, анткени, бийликтегилер элди ушуга түртүп жатат. Элдин алдында күнөөлүүлөр сөзсүз өз жазасын алып, жооп бериши керек.
-