Бишкек – “Саясат.kg”. Мына, коомчулук көптөн күткөн шайлоо күнү да белгилүү болду. Ашыгып, шашылып, чалагайым саясатчылардан чала пикир, кам талдоолор да бирин-экин гезиттерде пайда боло баштады.
 
Кызыгы, эмнегедир айрым талдоочулар боло турган шайлоодо түштүк-түндүк маселесинин козголушуна кызыкдар. Кыргызстан түпкүлүктүү бир эл, аны түштүк-түндүккө, уруу-урууга же кокту-колотко бөлүүнүн өзү эл алдында кечирилбес чоң кылмыш!
 
Р.Отунбаева, А.Атамбаев, К.Ташиев, Ө.Текебаев, Ф.Кулов, О.Бабанов,  А.Мадумаров, Т.Сариев, А.Жекшенкулов, М.Султанов, Ө.Суваналиев, А.Жапаров, Т.Акун, М.Мырзакматов, Т.Уметалиева жана башка көптөгөн кыргыздын уул-кыздары, бүгүнкү күндө, президенттикке татыктуу талапкерлер. Ар биринин өзүн колдогон журту, ишенген адамдары, сиңирген эмгеги жана иштөө жөндөмү бар.
 
Эч качан ал андай, бул мындай деген сөздөр туура эмес. Аны бөрк ал десе баш алып, жасакер жагынчуулар кылат. Өздөрүнүн кыска мансабын таңуулап, чоң саясатттагы адамды кичине акырдан чоң олжого түртөт. Ошол жерден жем жегизип, башын буруп, жоопкерчиликке келгенде качып жоголот.
 
Ал элибизге бир эмес эки жолу белгилүү болду. Үчүнчүсүн көрсөтпөсүн.
 
Акыркы кездерде, көпчүлүк учурда тигил же бул талапкерди тандемге таңуулоолор пайда болду. Мисалы: Атамбаев Мырзакматов менен, Мадумаров Ниязов менен, Суваналиев Эшимканов менен жана башка ушундай сыяктуу тандемде барат деген сөздөр жүрүүдө.
 
Кыргызстандын келечегин, кыргыз элинин тынч жашоосун жана шайлоо ачык, таза жүрүп, акыйкаттулук орундалышын көздөсөк, ар бир талапкер өз алдынча шайлоого барса эң жакшы жолду тандаган болоор эле. Себеби тандем бул жеке кызыкчылык менен түзүлгөн бир максаттуу келишим. Ал эч качан туруктуу биримдик боло албайт. Эртеби, кечпи, экөөнүн биринин айланасындагылар экинчисин тээп түшөт.
 
Бул мындан миңдеген жылдар мурун эле империялардын түзүлүшүндө колдонулуп, бүгүнкү күнгө чейин келе жаткан саясый ыкма. Эки мамлекеттин башчысы биригип, үчүнчүсүн жеңгенден кийин, бир мамлекет башчысы үч мамлекетти бириктирип империя түзүп келген.
 
Кыргызстандын тарыхында Бакиев менен Кулов тандеми президенттик шайлоодо жеңип чыккан, бирок жогоруда айтылгандай, кийинчерээк Кулов хан сарайдан четтетилген.
 
Ошондуктан, ар бир перзиденттикке талапкер тандеми жок, өзүнүн программасы менен жеке ат салышууга чыкса, кыргыз эли татыктуу талапкерди тандап алмак. Мындай жолдун эки жакшы жагы бар, биринчиси - ар бир талапкер жеке ат салышууда өз абройунун деңгээлин жана келечекте эмнеге көңүл бөлүү керек экенин тактап алса, экинчиси - шайлоо тынч өтүп нааразычылык кылууга же митингдерди уюштуруп чыр салууга негиз жок болуп калмак.
 
Албетте, президенттик шайлоого кантип барууну ар бир талапкер өзү тандашы керек.