Бишкек,  “Саясат.kg”. “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев премьер-министр Өмүрбек Бабановго 13-апрелде, саат 20.00дө Коомдук каналдын түз эфиринде жолугушууну сунуштаган. Өкмөт башчысы оппозицияны теледебатка чакыргандан кийин, Ташиев Коомдук каналдын баш директору Кубат Оторбаевге чалып, өкмөттөн ошондой жолугушууну уюштуруу суранычы келип түштүбү-жокпу, сураштырган. Андай сунуш Оторбаевге келип түшкөн эмес. Өкмөттөн теледебат качан боло турганын билүү максатында чалганда да, Кубат Оторбаевге андай жолугушуу уюштуруу тууралуу ойлору жок экенин айтышкан.
 
“Ушунун өзүнөн эле премьер-министрдин элдин башын айлантып жатканы көрүнүп турбайбы. Андан тышкары, Бабанов менен анын аппаратынын башчысы Төрөгул Беков оппозицияга меморандум бергенин жар салды. Биз эч кандай расмий документти көргөн жокпуз. Качанга чейин элдин башын айлантышат? Элдин баарын келесоо ойлошобу? Айткан бир да сөзүндө турушпайт. Расмий жолугуштук деп айтышат, кайра ачык жолугушуу уюштуралы дешет. Бирок, анын бирин аткарыштыбы? Бабановдун оппозициянын өкүлдөрү менен кокусунан жолугушуусунан өз абийирин көтөргүсү келгени билинип эле турат”,- дейт Камчыбек Ташиев.
 
Бирок, Бабанов түз эфирге келбей койгону маалым. Анын ордуна, басма сөз катчысы аркылуу 18-апрелде 5тен өкүлдөн турган топтордун жолугушуусуна чакыруу жөнөткөн.
 
Дал ушундай жашыруун жолугушууга карата оппозициянын позициясын өкмөт билбейт дейсизби? Ошол эле күнү “Адилет Келечек” оппозициялык кыймылы билдирүү таркатып, жабык эшик артындагы сүйлөшүүлөргө барышпай тургандыгын жар салбады беле. “Ар бир тараптан бештен өкүл катыша турган бул жыйынды уюштуруунун эч кандай зарылчылыгы жок. Себеби жакында Ошто, Баткенде жана Жалал-Абадда өткөн ири митингдин катышуучулары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтоосуз отставкасын жана «Эл ишениминдеги профессионалдуу Өкмөт» түзүүнү талап кылышкан. Ошондой эле калк апрель-июнь каргашаларына күнөөлүүлөрдү аныктоону жана конституциялык жыйын чакырууну мамлекеттик бийликтен талап кылышкан эле. Ушундан улам премьер-министр Ө.Бабанов эптеп убакыт утуу максатында оппозиция лидерлерин жабык эшик артындагы сүйлөшүүгө чакырбай, он миңдеген калктын талабын эске алып, токтоосуз отставкага кеткени оң. Өлкөдөгү бардык маселелер элден жашырылбай, ачык-айрым, түз эфир аркылуу талкууланышы керек”,- делет билдирүүдө.
 
Оппозициянын айтканында кынтык жок. Сокурга деле Бабановдун саясий соода баштап, өзүн, өзү жетектеген өкмөттү сактап калууга аракет жасап жатканы көрүнүп турбайбы. Акаев, Бакиев деле ушундай ыкманы колдонушкан. Оппоненттерин кызмат менен сатып алуу ыкмасына учурунда Бабанов да түшкөн. Билсеңиз керек, 2007-жылы Бабанов да Бакиевге каршы митингдерге катышып, мотор болгон. Көп өтпөй, анын Максим менен сүйлөшкөндөн кийин (ал жолугушуу тууралуу маркум Мелис Эшимканов тирүү кезинде ачык эле айтып жүргөн), 1-вице-премьер-министр болуп чыга келгени белгилүү. Азыркы оппозиция өкүлдөрүн да Бабанов демек, өзүнө окшош, туруктуу позициясы жок саясатчылардын катарында элестетет окшойт.
 
21-апрелде элдин кезектеги бийликке берген мөөнөтү бүтөт. Бир да эл талабы аткарылган жок, кайра тескерисинче, баарыбыздын башыбызды айланткысы бар булардын. Кеп эл үмүтүн оппозиция актайбы, же соодалашып кетеби – ошондо. Анткен менен, оппозиция “бизге кызмат керек эмес, биз элдин жыргалчылыгы үчүн башынан аягына чейин турабыз”,- дебеди беле.