Бишкек, “Саясат.kg”. Сыягы, экинчи ирет революция жасаган карапайым кыргызстандыктардын жакшы жашоого жетебиз деген үмүтү бул ирет да таш капты окшойт. Макстына  жетүү үчүн эки кандуу окуянын күнөөкөрү болгон азыркы эл башчылары шайлоо алдында адаттагыдай эле «алтын тоону» убада кылышкан менен эч бир чеке жылытарлык иш жасала элек. Адатта ар бир бийликке жеткен президент же премьер-министр алгачкы кадамын экономикалык реформадан баштоого тийиш болчу. Айрыкча жумушсуздук кара тумоодой каптап турган Кыргызстандын азыркы абалына кичи ишканаларды ачып, жергиликтүү өндүрүштү жандандыруу аба менен суудай зарыл. Болгондо да Бажы союзуна кирүү алдында турган биз үчүн алып-сатарлыктан акыры өз продукциябызды өндүрүүгө өтпөсөк, биротоло «банкрот» болуп, мамлекеттүүлүгүбүздүн түбү түшүп калышы мүмкүн.
 
Тилекке каршы азыр бизде кай жагыңды карабагын кыскартууга туш болосуң. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кыскарбаган иттин куйругу эле калды окшойт. Ооба, балким чиновниктердин армиясын азайтып, бири-бирин кайталаган, жеке ишкерлерге бут тосуп, коррупцияны гүлдөткөн айрым мамлекеттик структураларды оптималдаштыруу, аларга кеткен тейлөө, кызматтык автомашиналардын чыгымын азайтуу керектир. Бирок биздин «билермандар» элди алагды кылуу, башын айландыруу амалында  кадыресе эле бул көрүнүштү чоң шоу компанияга айландыруу менен алектенишүүдө.
 
Мамлекеттик мекемелердеги «ашка жүк, көчкө жүк» болгон «мите курттардан» арылуу өнөктүгү ушунчалык күч алып, кудум эле беш жылдык планды аткарып жаткандай шардана кылышууда. Эгер алдын ала айтылган цифраларга ишенсек, бир эле өкмөттүн курамындагы мамлекеттик мекемелердин өзүнөн жаңы жылдын алгачкы иш күнү 2300 кызматкер көчөдө калды. Эгер алардын ар биринин артында 5-6дан адамды түзгөн үй-бүлөсү бар экендигин эске алсак, 15 миңдин тегерегиндеги жарандарыбыз эртең кантип жашайбыз деп жегени желим, ичкени ирим болуп отурушат. Мындан тышкары казинолордун жабылышынан да жумушсуздардын катарына дагы 15 миң адам  кошулду.
 
Ошол баарыбыз жерден алып, көргө, көрдөн алып жерге уруп жамандаган Акаев менен Бакиевдин тушунда деле өздөрүн бийликке алып келген (биздеги шайлоолордо жеңишке негизинен мамлекеттик чиновниктердин күчү менен жетишет эмеспи…) бюджеттик кызматкерлерди «иши бүтүп, эшеги ылайдан өткөн соң» кереги жок буюмдай көчөдө калтырышкан эмес. Ал кездерде кызматынан кыскаргандар  жеке ишкердүүлүк менен алектенем десе кредит, ссуда берилип, жок эле дегенде үч айлык маянасын алчу. Бирок бүгүнкү «Остап бендерлер» башына келген амалкөй бийлик оозуна кум куюп алгансып унчукпайт.
 
Менимче бир дагы мамлекетте өз жарандарына, болгондо да өлкөнүн күрөө тамырын кармап турган ишке жарамдуу жаштарга мындай кайдыгер мамиле жасалбаса керек. Коррупция менен жердешчилик, эки жүздүүлүк менен шылуундук салтанат курган азыркы Кыргызстанда башканы элестетүүгө мүмкүн эмес деңизчи. Бирок тирүүлөрдү ойлобой эле коюшсун, баарынан да жакшы жашоого артыбыздагылар жок дегенде жетип калсын деп  Ак үйдүн алдында жаны кыйылган 90 азаматыбыздын убалы кимге?
 
Мындай көрүнүш кайра эле бүгүнкү бийликтин компетентсиздигин, мамлекетти башкарууга жөндөмсүздүгүн жана орто, төмөнкү  звенодогу кызматкерлерди керек учурда пайдаланып, «соодасы бүткөндөн» кийин көчөгө кууп чыгарууга жөндөмдүүлүгүн далилдеп турат. Эгер алар ошондой эле элдин эртеңин, мамлекеттин экономикасын көтөрүүнү ойлошсо, анда административдик реформаны шайлоонун алдында эле башташпайбы (парламенттик, президенттик шайлоолордон мурда деле ушулар бийликте болчу).
 
Мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин кыскартуу өзүнчө эле өнөктүк экендигин ушундан билиңиз, Ак үйдөн ар бир министрлик менен ведомстволорго алдын ала канча кызматкерди кыскартуу тууралуу «план» берилген. Орто эсеп менен ар бир министрликтен 300гө жакын адам жумушу менен кош айтышууда. Бирок ушунча адамдын мурда аткарып келген жумушун калгандарга жүктөп коюп, аларга кошумча иштегендигиүчүн кошумча маяна төлөп берүүнү да «унутуп»  коюшкан. Бул эмгек кодекси менен келишимин бузгандык болуп саналат. Кыскарууга туш болбогондор да бул жагдайды билген менен ичинен сызып, айласыз унчукпай турушат.
 
Болгону ошол кыскартуулардан өкмөт өнтөлөп отуруп 1  миллиард сом үнөмдөйт экен. Мамлекеттик деңгээлде алып караганда бул сумма болбогон эле каражат. Баса, өткөн жылы, шайлоонун алды, артында алар бюджеттеги 26 миллиард сом тартыштыкты толтуруп койдук деп сурнайын тартып, барабанын даңкылдатып жатышпады беле. Эми шайлоодон кийин эле зыкымданып, ушул болор-болбос акчаны санап калгандары таң каларлык. Акаев, Бакиев бийлигинен айырмаланып, коллективдүү, жоро-жолдоштор менен достор  же региондук кландар башкарган бийлик эси болсо жок дегенде жаз алдындагы митинг «сезонун» ойлоп, тез арада жеке ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө шарт түзүп, жумушсуздукту тап душмандай жоюуга шымалана киришүүгө тийиш. Антпесе коомдогу ансыз деле жарылуу абалында турган жагдай оорлоп кетери айтпаса да түшүнүктүү.
 
Дүйнөлүк практикада 20% тегерегиндеги жарандары жумушсуз калган мамлекет банкрот, бийлик башындагы өкмөт компетентсиз деп таанылат экен. Ал эми бизде азыр жумушсуздардын саны канча? Менимче, мамлекеттин кагаз жүзүндөгү «расмий» статистикасын эмес, турмуш чындыгын алып караганда 50%дан кем эмес. Түштүктөгү ар бир үй-бүлөдө бирден, көпчүлүгүндө экиден адам Россияда же Казакстанда мигрант болуп, ит ичпестин суусун ичип, көрбөгөн азапты көрүп, бала-чакасын, демек мамлекетти багып жатат. Эми жаңы жылдан кийин күнүмдүк жашоосуна араң каражат таап иштеп жүрүп кыскартууга туш болгондор Россия, Казакстанга кетишеби же митингчилердин катарын толуктайбы…
 
Асан Тилеков