Ош, “Саясат.kg” – А.Токсонбаев. Ош шаардык мэриясы “Эттин бир килосу 315 сомдон гана сатылсын!”- деп баа бычты. Бул жөнүндө Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров кабарлады. 

 

- Жергиликтүү бийлик үчүн шаардыктардын кызыкчылыгы башкы орунда турат. Ошол себептүү сатуучулардын дагы кеткен чыгымын эсептеп, туруктуу бааны кармоо максатында ушундай кадам жасадык. Мониторингдин жыйынтыгына ылайык баардык чыгымдарды эске алганда бир кило эттин баасы 311,36 сомду түздү. Андыктан бир жактуу карабастан сатуучулардын дагы, касапчылардын дагы жана кардарлардын дагы эмгегин баалап 1 кило эт баасына 315 сомду чектедик,- деп кошумчалады Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров.

 

Белгилей кетчү жагдай: быйыл жыл башында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаанын борбордук базарында жана кичи базарларда сатылып жаткан уйдун жана койдун эти 330 сом болуп жаткандыгын, бул чындап кымбат экендигин айтып тийиштүү жетекчилерге арзандатуу боюнча тапшырма берген эле. 

Добавить комментарий

ПРАВИЛА РАЗМЕЩЕНИЯ КОММЕНТАРИЕВ:
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!


Защитный код
Обновить