Оштук айдоочулар эскертишет

 

Кытай Эл Республикасынын Улуу-Чат ооданындагы бажы бекетинен Кыргызстандан жүк ташыган 52 автоунаа артына акыры кайтарылды. Коңшу мамлекеттин мындай күтүүсүз кадамы мыйзамсыз экендигин белгилешкен оштук жүздөгөн айдоочулар мөөнөтсүз иш таштоого белсенип жатышат.

 

Мухтар ТОКТОБАЕВ, айдоочу: - Кытайдын Бишкек шаарындагы элчилиги жардырылгандан бери биздин багыбыз байланды дагы калды. Буга дейре оштук айдоочулар коңшу өлкөгө беймарал каттап жана эч тоскоолдуксуз гана кирип-чыкчубуз. Жанагыл балакет терактыдан кийин бул мамлекетке виза ачуу 1-1,5 ай убакытты жөн эле жеп жатат. Ит кыялы кармаса, документтерибизди бүт колубузга кайтарып мукуратышты. Мурда виза алты айга 160 гана доллар эле. Муну эми терактыдан кийин 400-500 долларга көтөрүп салышты.

 

Талантбек МЫРЗАКАСЫМОВ, айдоочу: - Бир кыз, төрт уулумду, мындайча айтканда, бүт үй-бүлөмдү ушул машинем менен гана бакчумун. Акыркы күндөрдө минтип жумушсуздун кейпин кийип үйдө олтурам. Кыргыз Өкмөтү көрүнгөн немени айтып шылтоолобостон, Кытай океандын ары жагындагы АКШ, же Африка эмес, кол сунса эле жетчү өлкө, атайын өкүл жөнөтүп чеччү эле маселе. Эгерде ушинтпесе, биз, айдоочулар, мыйзамды аттап андан тыш кадамдарга аргасыздан барышыбыз толук ыктымал!

 

Надыр ТОКТОРОВ, “Айдоочулар” коомдук бирикмесинин төрагасы: - Жалаң жүк ташыган 52 автоунаабызды Кытайдын Улуу Чат ооданындагы бажы бекетинен кармап, артына кайтарышыптыр. Кытай тараптын дооматы – автоунаалар суу өтпөс тенттер (чатырлар) менен жабылыптыр. Ыя айланайын, бул чатырларды биз ойлоп тапкан жокпуз да. Же атайылап жасаттырбадык. Заводдон дал ушул тейде жүк ташыганга ылайыкташтырып гана чыгарылган. Кытайдын өзүнүн машиналары деле дал биздикиндей эле чатырлары менен беймарал жүрүшпөйбү. А түгүл Казакстандын биздикиндей суу өтпөс чатырлары бар автоунаалары деле Кытайга беймарал кирип-чыгып жатышат. Дал ушунун айынан Кытайга Торугарт аркылуу каттап жансактаган Бишкектин 257 айдоочусу дагы он күнгө иш таштап жатышат. Биз, оштук айдоочулар дагы аларга тилектештигибизди билдирип, айлабыз таптакыр куруганда мөөнөтсүз иш таштоо жарыялайбыз! Кыргыз Өкмөтү андан көрө кыймылдап, Кытай кесиптештери менен бул маселени оң жагына азыр чечпесе, анда оштук айдоочулар дал ушундай кадамдарды аргасыздан жасайбыз, эй! Чындыгында, мындан башка аргабыз деле калган жок.

 

ххх

 

Бул боюнча Кыргыз бийлигинин аракеттерин билүү максатында автомобиль жана суда жүрүүчү транспорттор мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгына баш бактык. Алар оштук айдоочулар менен жолугушуп жатышкандыгын айтышты. Жетекчилерди дал айдоочулар менен кездешүүнүн үстүнөн кармадык. Аталган башкармалыктын жетекчиси Болотбек Тезекбаев Кыргыз Өкмөтү Кытай Өкмөтүнө тышкы иштер министрлиги аркылуу кайрылуу гана жолдогондугун моюндады.

 

- Кытай Өкмөтүнө Кыргыз кесиптештери расмий кат багыштады. Ал мына! – деди автомобиль жана суда жүрүүчү транспорттор мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын жетекчиси Болотбек Тезекбаев. – Тилекке каршы, Кытай тараптан катыбызга эмдигиче жооп ала элекпиз. Чындыгында, бул коңшу мамлекетке жүк ташып жан багышкан кыргызстандык айдоочулардын дээрлик 95 пайызы ушул тапта таптакыр жумушсуз калышты. Дагы кенебесек, мындай көрүнүш бара-бара накта баш оорутмага айланаарында шегим жок!

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Булак: “Майдан.kg” гезити, №09 (287), 15.03.2017-жыл.