Ош, “Саясат.kg”. Кыргызстандын түштүк башкаласында ушул тапта жети мал союучу касапкана, жетимиш-сексен чакты эт сатуучу жай башаламан эле иштеп жатат. Буларды тыйып, мыйзамдуу нукка салып, баарын бир жерге мамлекеттик ишканага – эт комбинатына көчүрүү аркетин Ош шаарынын мэриясы таптакыр көрбөй келатат. Мунун кесепетинен керектөөчүлөрдүн укугу жана талабы көңүл сыртында эле калып, а түгүл кадам сайын одоно түрдө бузулуп, алардын үнүн бир дагы бийлик укпай калды.

 

Айбек ТААЛАЙБЕК уулу. Ош шаарынын тургуну: - Базарларда мал абдан эле арзан сатылып жатат. Тилекке каршы, эт таптакыр кымбат! А орто жолдо шылуундар гана баш оорутпастан, кол жоорутпастан байып жатышат. Мындай теңирден тескери жоруктарды көзөмөлдөгөн бир дагы орган жок! Анткени, алар дагы алкымынан бузулган. Ошондуктан, кутургандарды дароо текшерип, чоң өлчөмдө жазана салганга жарамсыз! Ошентишсе, тигилер кайра бет тырмаактык кылып, текшеришкен органдардын кишилеринин өздөрүн күнөөлөп, абийирин эл көзүнчө айрандай төгүшөт.

 

Эркин АБДЫРАЗАКОВ, экономикалык серепчи: - Ош шаарындагы илгерки эт комбинатын толук бойдон калыбына келтирүү жана Союз мезгилендегидей тынымсыз иштетүү дегеле мүмкүн эмес! Андыктан, ага атаандаштык сөзсүз керек! Мындан трагедия жасоонун эч кандай кажети жок! Ош шаарынын мэриясы дагы жеке ишкерлерге жана касапчыларга заманбап шарттарды дароо түзүп, ошол эле учурда алардан мыйзамдуулукту жана тартипти бекем талап кылышы кажет! Анан баарын мажбурлап эле Ош шаарындагы эт комбинатына күчтөп көчүрүүнүн эч кандай пайдасы жок! Мындан көрө аталган чоң ишкананы азык-түлүктөрдүн башка түрлөрүн деле даярдап чыгарууга толук кандуу ыңгайлаштыруу зарыл! Ошондо гана баарыбыз утабыз!

 

Деген менен жеке ишкерлерге жана касапчыларга коюлуп жаткан жөнөкөй эле талаптар алар тарабынан дээрлик аткарылбай жаткандыгын Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын башчысы Кумарбек Исаков моюндады.

 

- Танып не. Ош шаарында мал союучу жеке касапканалар абдан эле ыңгайсыз, санитардык талаптарга таптакыр жооп бербеген жайларда өтө башаламан жайланышкан, - деп чырылдады Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын башчысы Кумарбек Исаков. – Ошондуктан, буларды туруктуу көзөмөлдөөгө дегеле мүмкүн эмес! Эгерде касапканалар жана касапчылар бардыгы бир жерде – Оштогу эт комбинатында жайланышса, буларга туруктуу байкоо салганга дагы абдан жеңил болмок. Ошондой эле малдардын ылаңын дароо аныктап, өтө кооптуусун сатууга таптакыр тыюу салганга дагы жакшы. Анан эт комбинатында муну менен гана чектелбестен, бир эле учурда башка эт жана сүт азыктарын дагы туруктуу өндүрүүгө дагы өбөлгө жаралмак. Ошентип, биринчиден, аймактагы азык-түлүк коопсуздугуна эч качан коркунуч туулмак эмес! Экинчиден, малдарды бара-бара бүт идентификациялоого дагы түздүн-түз жардамдашмакпыз. Үчүнчүдөн, Ош шаарындагы кыйла адамдар жумуш менен дагы туруктуу камсыз этилмек.

 

Ал эми Ош облустук керектөөчүлөрдүн укугун жана жарандардын саламатчылыгын коргоо инспекциясынын төрагасы Төлөгөн Келдибаев өлкөбүздө жакшы мыйзамдар бардыгын баса белгилеп, тилекке каршы, алар ушул тапта толук кандуу иштебей жаткандыгына тызылдады.

 

- Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жаатындагы мыйзамдар Кыргызстанда дээрлик жетиштүү. Тилекке каршы, булардын бардыгы президент тарабынан кол коюлган күндөн тарта бечелге гана айланып олтурушат. Дегеним, менин билишимче, бири дагы толук кандуу иштей элек, - деп чыркырады Ош облустук керектөөчүлөрдүн укугун жана жарандардын саламатчылыгын коргоо инспекциясынын төрагасы Төлөгөн Келдибаев. – Мына. Орусияда жана Белорусияда кудум биздикинедей эле мыйзамдар бар. Мисалы, ветеринардык кызматкер ар кандай азык-түлүктү прокурордун санкциясыз эле каалаган убагында текшерип, сапатсызына катаал чараларды көрүп, а түгүл олчойгон жазаналарды дагы салып турушат. Мунун аркасы менен мамлекеттин казынасына миллиондогон акчалар үзгүлтүксүз түшүрүлүп турат. А биздечи? Тескерисинче, ошол акчалар бийликтеги бир ууч эле топтордун чөнтөгүнө гана салынып жатпайбы. Анан көпкөн тигилер катардагы мамлекеттик ветеринардык кызматкерди кантип сыйлашсын, эй Тескерисинчне, бечараны уруп-тепкилеп, каалагандай шылдыңдашса деле жооп беришпейт! Анан тигилер мунусу аз келгенсип, “Оштогу ветеринарлар  бүт кызматынан кетсин!”, “Тынымсыз текшерүүнү токтотсун!”, “Болбосо, мэрди баштап баарын кууратабыз!” дешсе дагы, Кыргыз бийлиги дегеле үндөбөйт.

 

Буга дейре Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Сооронбай Жээнбеков ветеринардык жана фитосанитардыкмамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек жумакановду кабыл этип, мал союучу жайлар ЕврАзия Экономикалык Биримдигинин талаптарына толук кандуу жооп берүүнө тийиш экендигин талап кылган жайы бар.

 

- Бардык облустарда заманбап мал союучу цехтердин иштөөсүн камсыз эткиле! Дал ушунун өзү ири мүйүздүү малдарды жана жандыктарды идентификациялоону жөнөкөйлөштүрөт. Жана ыкчамдатат. Анан алардын эттерин, ошондой эле алардан жасалган азык-түлүктөрдү чет өлкөлөргө үзгүлтүксүз экспорттоого дагы мыкты өбөлгө гана жаратат, - деп канкашаган премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. – Ошол эле учурда Бишкек жана Ош шаарларындагы, башка райондук борборлордогу базарларда сапатсыз эттерди сатууга белендеген кишилерге жоопкерчилик дагы ого бетер күчөтүлүүгө тийиш! Биз айрым топтордун эле эмес бүтүндөй кыргызстандыктардын саламатчылыгын коопсуздугун такай жана терең ойлогонубуз оң!

   

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз