Бишкек, “Саясат.kg”. Ош шаарында малдар ар жерде чаржайыт союлуп келатат. Мунун кесепетинен алардын чыккан саркынды суулар жеке турак жайларга чейин  кирип кетип жаткан учурлар катталууда. Бул туурасында  Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Кумарбек Исаков ачыктады.

 

- Түштүк башкалаасындагы мал союлуучу жайлардын санитардык абалы заман талаптарына таптакыр жооп бербегендиктен, жугуштуу оорулардын таркашына дагы себеп болушу толук ыктымал. Андыктан, адистер Ош шаардык мэриясы менен макулдашып ушундай чечимге келишти,- деди Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Кумарбек Исаков.

 

Кумарбек Исаковдун айтымында, дейди мал союучу жайлардын ордуна жазга маал Ош шаарында атайын эт комбинаты ишке киргизилип, тиешелүү шарттар түзүлөт.

 

- Эт комбинатынан элге таратылган эттердин санитардык абалы жана сапаты тыкыр көзөмөлгө алынат. Ошондой эле комбинаттын алкагында жумуртка, эт, сүт сатуучу атайын жайларды орнотуу демилгеси мэрияга сунушталды, — деп кошумчалады Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Кумарбек Исаков. – Шаарыбыздагы мал союлуучу жайлар жабылганда, касапканаларда иштеген жарандарыбыз дагы жумушсуз калышпайт. Аларга эт комбинаты ишке кирээри менен кошумча жумуш орундар түзүлөт.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Сүрөттөр автордуку