Бишкектеги 1067 шайлоо участкасында добуш берүүчүлөрдүн саны суюла баштады. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.

Жалпы Кыргызстан боюнча добуш бергендердин саны 37,9% болду. Тартип коргоо органдары добуш сатып алуу фактылары бар экендигин, аларды териштирүү жүрүп жатканын билдирүүдө.

Шайлоого көз салып жаткан бейөкмөт уюмдун байкоочулары дагы партиялар шайлоочулардын добушун сатып алуу адатынан арыла албай, өзгөчө кошумча шайлоо участкаларында мыйзам бузуу көбүрөөк катталып жатканын билдиришкен.

 

Булак: Маралфм