Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп издөөдө жүргөн Имамидин Ташов кармалганын УКМК билдирди.

"УКМК тарабынан жүргүзүлгөн коопсуздук чараларынын натыйжасында, бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны ИмамидинТашов 2024-жылдын 22-апрелинде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылынан кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Тактап айтканда, И.Ташов кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз кесип өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалды.

1983-жылы 2-августта туулган КР жараны Ташов Имамидин Асамидинович коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлерин бийликти күч менен басып алууга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга чакырганы үчүн УКМК тарабынан буга чейин мамлекеттер аралык издөөгө алынган. 

Издөөдө жүргөн И.Ташов бийликти басып алуу максатында калкты адаштыруу үчүн социалдык тармактарда да активдүү иш алып барган. 

Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.