Бишкекте өткөн күрөш боюнча Азиянын лицензиялык тандоо турнирине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. УКМК төрагасы кыргызстандык балбандарга күйөрмандыгын көрсөттү. 

Ал ачылыш аземинде сөз сүйлөп жатып "акыркы жуманын ичинде Кыргызстандын борбору спорттук иш-чаралардын так чордонунда болгонун” белгиледи.

“Биз үчүн Азиянын бардык аймактарынан келген спортчуларды кыргыз жергесинде тосуп алуу чоң сыймык. Жеңишти күчтүүлөргө каалайм. Бул спорт майрамы күйөрмандарга атаандаштык маанай жана унутулгус таасирлерди тартуулайт деп ишенем”, - деди Камчыбек Ташиев.

Ал ошондой эле, соңку жылдары өлкө жетекчилиги тарабынан спортко, анын ичинде күрөштүн түрлөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалады. 

“Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен биздин кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командабыз үчүн заманбап спорт комплекси курулду. Спорттук инфраструктура жаңыланып, машыгууга ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Биздин спортчулар Парижден алтын медаль алып келишет деп ишенем, бул алардын өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүндөгү эң чоң белеги болот”, - деди МинКаб Төрагасынын орун басары.

Куттуктоо сөздөрдөн кийин ар кандай салмак категориялары боюнча тандоо туру башталып, жыйынтыгында 57 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык спортчу Алмаз уулу Бекзат Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алды. Ошондой эле кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев дагы жеңишке жетишип, Парижге жолдомо алды. 

Камчыбек Ташиев жеңишке жетишкен балбандарды куттуктады. Ал эми Бекзат Алмаз уулун кубанганынан кучактап, көтөрдү.

Белгилей кетсек, лицензиялык турнир үстүбүздөгү жылдын 21-апрелине чейин уланат.