Кыздары сулуу кыргыздын!

Замандын шары менен жашообузга модель түшүнүгү кирди. Кыргыз кыздарынан бул өнөрдү аркалагандар чыкты. Алардын айрымдары Кыргызстанда белгилүү болушса, кээ бирлери чет өлкөлөрдө ишмердүүлүгүн улантышууда. Модель өнөрүн алгачкылардан болуп аркалап, чыйыр салып берген төрт сулуу назарыңыздарда.

Салидат Хамилова

Кесиби актриса, моделдик өнөрдү айкалыштырган. Кыргыз-татар тамыры бар. Студенттик кезден моделдик карьерасын баштаган. Учурда Америкада жашайт. Лос-Анджелес жана Нью-Йорктогу фотографтар менен иштешет. Эмгегинин артынан Нью-Йорктогу мода жумалыгына белгилүү дизайнерлер Ким Шуи менен Эшли Рэйнордун коллекциясын тааныштырып катышкан.

Каныкей Аилчиева

“Азия сулуусу - 2018”, “Дүйнөлүк кыргыз сулуусу-2018” титулдарынын ээси, бул сынактар Москва шаарында өткөрүлгөн. Ошондой эле, Түркияда өткөн “Дүйнө сулуусу - 2019” сулуулуктун, моданын жана таланттын фестивалында Гран-прини алган. Кесиби боюнча журналист, ЭлТР, “Апрель” телеканалдарында иштеген. Учурда КТРКда эмгектенүүдө.

Бегимай Карыбекова

Нарында төрөлүп-өскөн. Miss intercontinental, Top model of the World, Miss Tourism China, Kate Models өңдүү бир катар эл аралык сулуулар сынагына катышкан. Андан тышкары “Кыргызстан сулуусу - 2017” сыйлыгынын ээси. Андан кийин “Дүйнө сулуусу - 2018” сынагында да дараметин сынаган. Италиялык дизайнер Брунелло Кучинеллинин коллекциясы менен Миланда өткөн мода жумалыгына катышкан.

Айжан Асемова

“Инстаграмда” миллиондон ашуун катталуучусу бар. Модель катары таанымал болушуна ушул соцтармактын жардамы чоң болгон. 14 жашынан тартып кийим-кечек саткан бутиктин модели болуп иштеп баштаган. Андан сырткары борбор калаадагы сулуулук салондорунун биринде визажист болуп иштеген.

Айгерим Асанова

10 жашына чейин Бишкекте, андан кийин Караколдо жашаган. 2011-жылы ата-энеси менен чогуу Италияга жергесине кеткен. Ошол жактан окуусун уланткан жана модель катары биринчи аракетин баштаган. Ал италия, француз жана немец тилдеринде эркин сүйлөйт. Театралдык колледжде билим алган, комедиялык тасмага тартылып, актрисалык кадамын таштаган. Максаты – мода дүйнөсүнүн борбору болгон Миланда карьерасын улантуу.

Булак: “Майдан.kg” гезити