Н.Айтбекова: “Үйгө бир “ыймандууну” камап коюп жүрөсүңөр...”

Бишкек, “Саясат.kg”. “Фейсбук” жылдызы Назира Айтбекованын кезектеги посту:

“Жалапсың” дейсиңер го! Ошол сөз жагат! Жалаптыгы жанда жок болгондон өтөөрү барбы? Аялың кыңшылап, кымырылып, миң түрлөнүп, төшөктө укмуш оюн көргөзүп туруусун кандай эркек кыялданбайт?! “Импотент” эле эркек каалабай калбаса, дени сак эркек өлүп бербейби ошондой аял үчүн!

Өзүңөрдүкүн “дөңгөч” деп коюп жанталашып, ошолорду издеп, айлаңар кеткенде оттон ысык ойнош таап, фантазияңарды аткарайын деп жүрөсүңөр го? Тим эле жипке тизгендей аял жакпай калсын силерге!

Чет өлкөдөн келген досторум күндөп бош гостиница, отель таппай кыйналышат! Эмнеге? Анткени ал жакта оттон ысып, жалындап, жалбырттап күйүп аткандар көп да, эй! Үйгө бир “ыймандууну” камап коюп жүрөсүңөр. Көзгө сайып көргөзсө эле “душман “ кылып жибересиңер! Анда-санда моюндап коюш керек да.

Экинчи чакра, сексуалдык энергия биздин кыргыз кыздарында блокто турат дайым. Анткени “Уят!” , “Алакандай жериңди кат!”- дей берип , өмүр бою алакандай жерибизди уучтаган бойдон калабыз! Ал тургай никелүү жарыбыз менен поза аламштырып жаткандан өлүп кеткир уялабыз го!

Жалаптыктын уяты жок. Ал жакшы нерсе! Мамилени ысытып, үй-бүлөнү бекемдей турчу инструмент! Бир эле шарты - көрүнгөн менен көрүнгөн жерде кадырыңды кетирип, тебелендиге айланба. Баркыңды билгенге, көзүң менен айланганга кереметти көрсөт да!

Башка аялды көргөндө көөнү чаппай, сени эле эңсеп калгыдай сырлардан үйрөнгүлө, айымдар анан сөзсүз бийикте болгула. Улам бир бадаркесин алып келип, алдыңа алтындан жайып атып араң жетсин сага!”,- деп жазды Назира Айтбекова.

Возможно, это изображение (1 человек, сидит, стоит и обувь)  Нет описания фото.