Бишкек, "Саясат.kg". Бул жаатта ачуу тажрыйбасы бар эл революциядан чоочуп калды.

Кыргызстанда күзгү-жазгы маалда акыл-эстердин адаша башташы салтка айланып калды. Так ушул учурда элдин нааразычылыгы жаралып, кимдир бирөөнүн саясий амбициясы өйдө көтөрүлүп, ар кандай кесепеттерди алып келүүчү классикалык революциялык кырдаал жаралат.

Кесепеттери эреже болуп калгандай, өкүнүчтүү жана трагедиялуу. Ошондуктан революцияны өздөрү катышпаган, бирок элдин нааразычылыгын күчөтүү менен бийликти өзүнө алууну каалагандар уюштурушат. Бул жаатта ачуу тажрыйбасы бар эл революциядан чоочуп калды. Биринчиден, өлкөдөгү бардык революция үңүлө келгенде кезектеги төңкөрүш болуп чыгууда. Экинчиден, ал канча деген бейкүнөө адамдардын өлүмүнө алып келди. 

Жылуу жазгы күн кээ бирлерди "революциялык" кыймылга чакырат, алар болбогон нерсени деле шылтоо менен себеп кылып алышат, айрымдар мамлекеттин тагдырына, аны менен катар өзүнүн жеке келечегине санааркап башташат. 

Кыялкеч жарандарга жаздын келиши сүйүү көксөөсүн жаратат. А бир топ прозаикалык (а мындайлар көп) жарандар жаздын келишин кезектеги социалдык катаклизмди көксөө менен кабыл алышат. Анын үстүнө кыргыз коомчулугу дайыма аарылардай эле дуулдап турат, тынч жашап көрө элек. Бир калыпта, жай дуулдап жатышканда - баары жайында. Бирок ар бир адам эгерде аары уюгуна бир нерсени, айрыкча чагылган ширеңкени таштасаң эмне болуп кетээрин жакшы билет. Эл дуулдагандарга кулак төшөп, санааркап баштайт. Азыр баары тынч сыяктуу эле сезилет, бирок эртең баары башкача өңүткө айланып кетпешине кепилдик барбы? 

Быкшып жаткан отко май чачууну үчүнчү күч жакшы өздөштүргөн. Аныгында аларды күч деп айтыштын деле кереги жок... Бирок эл арасына дүрбөлөң салуунунун ыгын билишет. Ансыз да коомчулукта ар кандай провокациялык имиштер жүрүүдө. Андай кептерди "көзкарандысыз" ММКлар таратууну колго алышкан. Имиш кептердин арасында чындыкка такыр дал келбегендер да бар. Мисалы, президент жана УКМК төрагасы кайсы бир маанилүү маселеде орток пикир таба алышпады, бет карашпачудай урушушту, эми алардын каршылашуусунун таасири элге да тиет. Бийликти бөлүштүрүү башталат... А "кожоюндар согушканда, кулдардын маңдайы жарылаарын" баары жакшы билишет. 

Жапаров менен Ташиев бул боюнча эчактан бери бир нече жолу түшүндүрүшкөн. Алардын достугу - чыккынчылыкка, майда талаш-тартышка, интригаларга кымындай да азгырылбаган чыныгы эркектердин достугунун үлгүсү. Бирок ушак кептер - ошон үчүн ушак деп айтылат, чындык эмес экенин сезип турсаң дагы, мээңе орноп алып, тынч жашоого мүмкүнчүлүк бербейт. 

Акырындык менен башка маанидеги ушак кептер дагы таратылууда. Андай кептер Ташиев учурдагы кызматына киришкен биринчи күндөн тартып жаралган. "Туура эмес камашты", "кармашты дагы дароо кое беришти", "кармашты дагы, кое бербей коюшту, акчасын алып, өздөрүнүн чөнтөгүнө салып алышты"... Жана башка...

Булардын баары так эмес, бирок элдин толкундоосун жарата турган өтө кооптуу кептер. 

Кыргызстанда учурда кезектеги төңкөрүштү алдын ала жана жазгы революция көксөөлөрдү токтото турган күч барбы? Жаз келгенде эле революцияны күтө баштаган начар сезимдерди кетириш үчүн эмнелерди жасоо керек? 

Күч бар. Буга чейин көп нерселер жасалып калды. Калгандары логикалык соңуна чейин жасалат жана сөзсүз аягына чыгарылат. 

2020-жылдагы апрель окуясын революция атаган экс-президент Алмазбек Атамбаев тилекке каршы, терминологиядан жаңылган. Эгерде чыныгы революция жасалган болсо, аары уюгу дуулдаганын күчөтпөйт болчу. Бийлик алмашмак, түзүм, режим алмашмак - булардын баары элдин пайдасына иштемек. Кумтөр улутташтырылып, эл байлыгы элге кайтмак. Кыргызстанды каалагандай калчаган криминалдын күнү бүтмөк. Өлкө чындап ойгонуп, тизелеген жеринен өйдө туруп, дүйнөлүк коомчулукта ордун тапмак. 

2010-жылдын 7-апрелинен кийин булардын эч бири аткарылган жок. Ошондуктан элдин нааразычылыгы да токтободу, акырын дуулдамай, күңгүрөнмөй улана берди. 

Азыр баары башкача. Кезектеги революцияга себеп болчу нерселердин баары жоюлду деп айтуу азырынча эртелик кылат. Бирок бардык аракет ошол багытта баратат. Кумтөрдүн алтыны кыргыз элинин пайдасына иштеп жатат. Криминал дүйнөсү менен Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев ийгиликтүү күрөшүүдө. Кримдүйнөсүнүн кудуреттүү башчылары Ташиевдин колу менен жексен болду: эң бир белгилүү мафиоздор, кримавторитеттер абакка киргизилди же жок кылынды. Бул - Ташиев жетектеген УКМКнын алдына коюлган башкы тапшырмалардын бири жана генерал аны абдан жакшы түшүнөт. 

Президент дагы, УКМК төрагасы дагы Кыргызстан дүйнөлүк аренада өзүн татыктуу көрсөтүүсүнө эң чоң күч жумшады. Ал турмак кескин түрдө өнүгүүгө кадам таштаган кыргыз футболу (мында да Ташиевдин аракети менен) республиканын абройунун көтөрүлүшүн шарттайт. Эми өлкөбүз үчүн уялбайбыз. Аны менен сыймыктана алабыз. Мекенибиз акырындык менен башка өлкөлөрдүн таасиринен чыга баштады. Мына, так ушул нерсе Атамбаев апрель окуясынан кийин айткан, бирок жасай албаган - элдин өзүн өзү таанып билүүсүнүн бийиктеши. 

А генерал Ташиев - элди тынчтандырчу, күн тартибинен кезектеги революция маселесин алып салчу жана өлкөнү кезектеги жолу ылдый кулоодон сактап калчу күч!

 

 vb.kg сайтынан алынып которулду