Бишкек, "Саясат.kg". Камчыбек Ташиев кыргыз эли, мамлекети үчүн жанын үрөп, таза жана натыйжалуу иштеп жатат.

Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков "Азия ньюс" гезитине берген маегинде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу айткан. 

-- Ал күч түзүмдөрүнүн куратору жана коопсуздук кызматынын жетекчиси катары бир нече багытта
жигердүү иш алып барууда. Биринчиси, мамлекеттик коопсуздукту жогорку деңгээлге алып чыкты. Эки жыл мурда тажиктер капыстан кол салып, кыргыз бийлигинин эсин оодарып салды эле. Соңку мезгилде Ташиевдин аракети менен кыргыз армиясы абдан күчтөндү. Факты келтирсек, Кыргызстандын аскердик кубаты 2022-жылы дүйнөлүк рейтингде 107-орунда болсо, ал эми 2023-жылы дароо жети орунга алдыга жылып, жүз өлкөнүн ичине кирди. Бул чоң ийгилик.

Экинчиси, Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы тынымсыз күрөш алып барууда. «Акулалар» топ-тобу менен торго түшүп жатышат. Алар үч жылдын ичинде жүз миллиард сом көлөмүндөгү каражатты мамлекетке кайтарышты. Бул чоң жетишкендик.

Үчүнчүсү, соңку чейрек кылымда, олигархтар гана эмес, орто жана кичи бизнестеги ишкерлер да «крышасыз»  легалдуу иштей албай калышкан. Алар биринчи кезекте «крышаларына» үлүшүн берип, анан гана мамлекетке салык төлөшчү. Камчыбек Ташиевдин «караларга» каршы оор соккусунан кийин абал кескин өзгөрдү. Ишкерлер ашыкча төлөмдөрдөн кутулуп, жаңы жагдайга көнө башташты. Төртүнчү, коопсуздук кызматы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекетке кайтарууда. Мисалы, Таш-Көмүр шаарындагы “Кристалл” заводун, профсоюздар федерациясынын имараттарын, Чүйдөгү айдоо жерлерди, Ысык-Көлдөгү пансионаттарды ж.б. өлкөнүн аймагындагы көптөгөн байлыктарды.

Жалпысынан айтсак, Камчыбек Ташиев кыргыз эли, мамлекети үчүн жанын үрөп, таза жана натыйжалуу иштеп жатат.