Бишкек, "Саясат.kg".  Киносценарист Ө.Төлөбековдун "Манас" айылынын тегерегиндеги чуу тууралуу пикири

Манастын уулу Семетей тасмасынын продюсери Өмүрзак Төлөбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021

“Манастын уулу Семетей” тасмасын былтыр июлда тарта баштасак айрым топтор  чуу чыгарышты. Арийне, улуу чыгарманын мажирөө чыгып калбоосунан чоочулагандар болду. Алардын тынчсызданууларынын жүйөөлөрү бар эле. “3-4 айда 300 миң доллар менен  “Семетей” начар тартылат” дешти. Менде ал учурда андай аз мөөнөттү айтуудан башка арга жок болчу. Бизнесмендерге “3-4 айда каражатыңарды кайтарууга болот” деп жооткотуп тургам. Антпесе, 3-4 миллион доллар сурасаң ал такыр эле ишке ашмак эмес. Кийин кино тартыла баштаганда анын маанисин түшүнүшүп, каражат жагынан колдоочулар “шашпай ийине жеткире бериңиз, керек болсо бир жыл тартыңыз” деп чыгышты. Ыраазылык!

Экинчиден, 300 миң доллар уюштуруу иштерге, кино топко төлөнүүчү эле каражат болчу. “Казакфильмден” өтө кымбат кийим-буюмдарды ижарага алдык, алар өнөктөштүк кылышты. Алардын баарын тиктиргенде, жасатканда дагы 300 миңден ашык каражат кетмек. Ал эми Семетей менен Коңурбайдын согушундагы жер жайнаган кишини, алардын кийим-буюмдарын каржыласак деле акча түтмөк эмес. Аны графика менен жасап, Нур-Султанда, Москвада студиялары бар Мамакеевдин, Өмүркожоевдин аниматорлору жана олчойгон каражатты үнөмдөштү. Киночу катары биз мунун баарын алдын ала эсептеп, улуу ишке оппоненттер аз деген каражат менен белсенгенбиз. Ага болбой, кино өндүрүшүнөн түшүнүгу жок Сыдыковго окшогон айрым манасчылар, тарыхчылар, саясатчылар айбалтасын жалаңдатып чыгышты.

Башка манасчылар абайлап, астейдил сын-пикир айтышса, Дөөлөт Сыдыков “Манастын уулу Семетейди” киного айлантпаш керек” деп чыкты. “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” тээ илгери заманда оозеки айтылса, кийин кагазга түшүрүлүп, китепке чыгарылды, анан бара-бара радио, теледен айтылды, пьесага айланып, сахнада коюлду, ал болсо видеого тартылып, теледен чыкты, интернетте пьеса-фильм болуп көрүлүп жатат. Демек, киного айлантууга мезгил жетти. 1939-жылы эле Кыргыз өкмөтү “Манастын уулу Семетей” көркөм фильмин тартуу зарылдыгын белгилеп токтом токуган. “Тартпаш керек” деп эл чуу түшкөн эмес.

Ушул жүйөөлөрдү келтирип, анан анын 14 саат, 111 саат тынбай Манас айтып, Гиннес китебине жазылууга умтулуусу ашкере популизм экендигин, ал заман өткөндүгүн билдирип Дөөлөткө жооп узаткам. Аңгыча Алтынай Арстанбековага окшогон Дөөлөттүн жубайы Ырыс Окенованын достору жаалап чыгышты. Ырыс “Президент жана бомжду” режиссёр катары тартып, бирок, мурда макулдашкан 3 миң доллар акысын алып, сыйлыкка Ошто кино коюп,  дагы ошончо каражат таап, буга дейре 2-3 мажирөө кино тартып банкрот болуп жүргөнүн унутуп, “дискке чыгарсам сизге эми эч акча түшпөй калат” деп шантаж кылып дагы 10 миң доллар талаптап, 6 миң доллар сыгып алган. Кийин киного кошумча тартсам “менин автордук укугум тепселди” деп сотко чуркап, ызы-чуу чыгарган. Анын баарын унутуп Ырыссыз эле “Президент жана бомж-2-3”, “Миллионердин сүйүүсү”, “Төңкөрүш” тасмаларын тартып келсек, эми күйөөсү Дөөлөт экөө жакын-жааттарын айдакташып, президентке чейин ачык кат менен кайрылышты.

Дөөлөт, Ырыстарга анан Жапаровдун ар бир жакшы ишине кучунаштары кармаган, президент колдоого алган идеологиялык ири долбоор болгондугунан улам каршыгышкан бийлик оппоненттери, элибизге сиңип кеткен байыркы калмактар менен Абыке, Көбөштөрдүн тукумдары кошулушту. 

Муну эскерип отурганым – эми оппозициялык күчтөр “Д. Сыдыков үй-бүлөсү менен чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болду” деп катуу добулбас кагышты. Үй-бүлөсү, демек, чырчыл Ырыс Окенова. Ырыс менден кийин эч ким киного чакырбай, он жылга жуук дегенде КТРК аркылуу “Ак шоола” сериалын тартты эле, каражатын табышкан башкы директор Карыпбеков менен да акча талашып чуу салып адатынча сотко чуркаганы анын ким экенин биротоло айкындаган. Эми эч ким менен мунаса күтө билбеген үй-бүлө эмнеге четке кетүүгө аргасыз болду? Өмүрлөрүнө коркунуч туулса, жок дегенде  ишмерликтерине бөгөт коюлса, мындай аргасыз кадамга барышса болот. Сыдыков менен Окенованын өмүрүнө коркунуч түзүлгөн жагдай жок экени айдан ачык. Дөөлөт “Манасын” айта берсин, ага каршылык жок. Анан да “Манастын ыйык жерин талашышты” дейт ботом. Манас бабабыздын ыйык жери, турагы катары Кароол-Чоку, азыркы “Манас Ордо” аймагы каралат. 30 жылча мурда Бишкектин четинен бөлүнүп, бирок, жасалган курулуштары талкаланып, адам барбаган орунду мамлекетке пайдалуу башка долбоорго колдонуп, “Манас айылына” мындан көп жер бөлөлү дегендин эмнеси чекилик экен?! “Ысык-Көл мейманканасы тарыхый жай болчу, талкалабаш керек эле” дешет, тарыхый эстелик деп баарыбыз эле бабаларыбыздын эски үйлөрүн бузбай сактап отурган жерибиз жок го, заманга жараша жаңы тамдарды салып атабыз Ата-Конуштарыбызга.    

“Жыгылганды теппе” дейт. Сыдыков азыр менимче, бийликтен запкы деле көргөн жок, кечээ биздин тасмага каршы чыгышкан, бүгүн Сыдыковду колдоого алышкан азыркы бийлик оппоненттеринин шыкактоосу менен саясий упай топтоп, тигилерден “жашыл” олжого туйтунгандагы гана кербездей туюлат. “Дөөлөттүн кетиши Кыргыздан дөөлөттүн кетиши, Жапаров бийлигинин куту кетиши” деген болбогон далбасага алардын ким, кандай инсан экендиктерин билбеген айрымдар гана ынанышса керек.

Ар кимге, ар окуяга туура, так баа берүү шарт. Бүгүн аны бурмаласак, мезгил эртең баарын бадырайта айгинелейт. Кыргыз мамлекетибиз, буйруса, бүгүн өнүгүү жолунда, туура багытта – колдоп, коргоп туралы! Мындай орундуу кеп айтсаң “пахтакор” дегендер чыгаар. Жапаровду көптөрчүлөп бүгүн бийликке келгенинен кийин колдоп аткан жокпуз, Кыргызга чоң кызмат кылууга жарамдуу ишмер экенин мурдатан байкап, узак убактан колдоп, өзгөчө 2020-жылкы парламен ттик шайлоодо штабда активдүү кызмат кылып, сандаган видео материалдарды тартып келгенибизге мезгил күбө. 

Сыдыковго жана бийлик оппоненттерине окшогон топтун каршылыгына карабастан “Манастын уулу Семетей” тасмабыз бир жылга жуук мезгилден бери тартылып, оңдолуп, түзөтүлүп, буйруса 10-майдан тарта эл аралык “Бир алкак – бир жол” (“Жибек жолу”), “Түрксой” уюмдарынын колдоосу менен Москва, Анкара, Пекин, Дели шаарларында Россия, Турция, Кытай, Индия мамлекеттеринин теле, интернет каналдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү үчүн көрсөтүүлөрү уюштурулуп, эл аралык прокатка чыгуу алдында турат. 

Өмүрзак Төлөбеков,

жазуучу жана кинорежиссер