Президенттик шайлоо

БШК президенттик шайлоого катышам деп арызын берген Калыбек Арабаевдин шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү маселесин карашы керек. Мындай чечим Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кабыл алынды.

 

Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Арабаев 100 миң сомдук күрөөсүн кайтарып берүүсүн талап кылып сотко кайрылган. Талапкер болуп катталыш үчүн күрөө коюп, тил сынагынан өтүп, 30 миңден кем эмес анык кол топтош керек болчу.
 6-октябрда Боршайком Арабаевди президенттикке талапкер катары каттоодон баш тарткан. Шайлоо 30-октябрда өттү. Ага катышам деп аттанган 80ден ашуун адамдын 16сы гана шайлоого катышты.
Булак: Азаттык.

 

Борбордук шайлоо комиссиянын маалыматына ылайык, учурда аймактык шайлоо комиссияларынан 50 протокол алынды. Протоколдорду кабыл алуу, өткөрүп берүү жана салыштыруу иштерине президенттикке талапкерлердин, маалымат каражаттардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана көз карандысыз эл аралык байкоочулар катышып жатышат.

Алдын ала маалымат боюнча 30-октябрда өткөн президенттик шайлоодо добуштардын 63 пайызын алып, Алмазбек Атамбаев уткан.

Азаттык
 

Орусия менен Казакстанда өткөн Кыргызстандын президентин шайлоодо да бул жактагыдай эле шайлоо тизмелери так болбой калган. Бул тууралуу аталган өлкөлөрдө байкоо жүргүзгөн «Жарандык коомду колдоо борборлору» Ассоциациясынын мүчөлөрү бүгүн, 1-ноябрда, АКИpress агенттигинде берген маалымат жыйынында билдиришти.

 

Алардын айтымында, ал жакта каттоодон өткөн 500дөй жаран тизмеден өз аты-жөнүн таппай калышкан. Алсак, Москва шаарындагы №001 шайлоо участкасына 713 шайлоочу келсе, алардын болжол менен 300гө жакыны тизмеден фамилияларын таппай калышкан. Новосибирскте №013 шайлоо участкасына жалпы каттоодон өткөн 1838 жарандын 84тү келсе, алардын 46си шайлай албай калышкан. Астанадагы №026 участкага 149 шайлоочу келсе, 99зу, Алматы шаарындагы №027 участкасына келген 22 шайлоочунун, 72си шайлоого катыша алышкан.
«Шайлоочулардын тизмеден аты-жөнүн таппай калгандыгына, жаңы мыйзам себеп болду. Анткени, көпчүлүк шайлоочулар кошумча тизме менен шайлайм деген үмүт менен келишкен. Алардын жаңы мыйзам тууралуу түшүнүктөрү жок болгон. Маалымат жакшы жеткен эмес», - деди Москва шаарындагы № 001 шайлоо участкасында байкоо жүргүзгөн Тезина Нина.
Булак: Баракелде.

 

Адахан Мадумаров «Шайлоодон кийинки Кыргызстан» аттуу форумда ЕККУ-БДИПЧ мисссиясынын байкоочуларын күнөөлөдү.

 

Анын айтымында, ЕККУ Акаев, Бакиевдин шайлоосу легитимдүү жана демократиялуу өткөндүгүн билдиришкен. Азыр болсо таза жана калыс өткөнүн айтып атышат. «Эмне үчүн силер дайым алдайсыңар. Алар мониторингди үстүртөн гана жүргүзүштү», деди ал.
Ошондой эле, ал өзүнүн байкоочулары берген отчетторго ишенээрин айтып, «ар кандай мыйзам бузуулар боюнча мага отчет беришти. Аларга ишенбей кое албайм», - деди талапкер.
Булак: Баракелде.

 

Шайлоо учурунда жергиликтүү шайлоо комиссияларынын кайсынысында болбосун, кайсы талапкер үчүн, мейли Атамбаев болобу, мыйзам бузууга барган киши жазаланышы керек. Мындай пикирин "Азаттыкка" Жогорку Кеңештеги социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков билдирди.

 

 Ал административдик ресурстун массалык түрдө пайдаланышы, бурмалоолор тууралуу айтып жаткандарды чычалагандак деп атады.
 Соңку алдын ала эсептөөлөр боюнча, талапкерлердин арасынан Алмазбек Атамбаев шайлоочулардын 63 пайыздан көбүнүн добушун алды.
Булак: Азаттык.

 

«Адам укугу жана демократия борборy» көз карандысыз кыска мөөнөттүү байкоочулары Ноокат районундагы 30 шайлоо участкасында жана Баткен облусундагы 40 шайлоо участкасында байкоо жүргүзүшкөн. Бул тууралуу «Адам укугу жана демократия борборунун» төрагасы Идирис Кубатбеков бүгүн, 31-октябрда Ош шаарындагы «АКИpress Фергана» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди, деп маалымдады «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы.

 

«Шайлоону таза жана ачык өткөрүү үчүн жаңы шайлоо системасын киргизген менен элдин шайлоо боюнча аң-сезими мурунку бойдон калыптыр. Буга президенттик шайлоо учурунда күбө болдук. Байкоочулардын айтуусу боюнча, айрым шайлоо участкаларында талапкерлердин өкүлдөрү байкоочуларды сыртка чакырып, «унчукпай отуруу» тууралуу көрсөтмө берген учурлар да катталды. Бирок, албетте ал белгисиз адамдар кайсы талапкердин өкүлү экендигин ачык айтышпайт», - дейт И.Кубатбеков.
Анын айтымында, мурунку шайлоолордо болуп келгендей, шайлоочу добуш берүү үчүн келсе, тизмеде анын ордуна бирөө добуш берип кеткен фактылар да учураган.
«Мен 20-октябрга чейин үй-бүлөм менен каттоодон өткөнүмө карабай, добуш бере алган жокмун. Анткени тизмеге кирбей калгам. Мен сыяктуу тизмеге кирбей калган бардык жарандардын конституциялык укугу бузулуп жатат. Өзүмдүн конституциялык укугумду коргоо үчүн мен бул факты боюнча сот органдарына кайрылам», - дейт И.Кубатбеков.
Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ал буга чейинки шайлоолордо болуп келген жана азыркы президенттик шайлоодо катталган мыйзам бузуулар кийинки шайлоолордо кайталанбашы үчүн бардык фактылар мыйзам чегинде каралып, тиешелүү адамдар жоопкерчиликке тартылышы керектигин айтты.
Булак: Баракелде.

 

 

Бишкек – “Саясат.kg”. Бүгүн, 31-октябрда президенттике талапкер Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирүү жасады. Билдирүүнүн текстин толук жарыялайбыз.

Чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандык шайлоочулардын 6,32 пайызы гана добуш берди. Бул тууралуу БШК маалымдайт. Жалпысынан шайлоочулардын тизмесине 38 миң 56 адам кирген. Алардын 2 миң 405и добуш берди.

 

Президенттик шайлоо Кыргызстанда 30-октябрда өттү. Талапкерлердин арасынан эң көп добуш алган Алмазбек Атамбаев болууда. Ага шайлоочулардын 63 пайыздан көбү добуш беришти. Андан кийин эки талапкер келатат - Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев. Алардын алган добуштары 15 пайыздын тегерегинде. Калган 13 талапкер 1 пайыз добушка жете алышкан жок. Бул алдын ала алынган маалыматтар.
Булак: Азаттык.

 

«Мыйзамдуулук жана адам укугу үчүн» улуттук штабынын билдирүүсүнө ылайык, президенттик шайлоонун жүрүшүндө 30-октябрь саат 8:00дөн 23:43кө чейин бардыгы болуп өлкөнүн бардык аймактарынан 141 билдирүү келип түштү.

Бишкек - 59, Ош облусу -31, Баткен облусу - 10, Ысык-Көл облусу - 4, Талас облусу - 2, Чүй облусу - 21, Нарын облусу - 5, Жалал-Абад облусу - 9.
Билдирүүлөрдүн мазмуну төмөнкүчө: Шайлоочулардын тизмелерин начар иштетүү – 85 (шайлоочулардын тизмеде жоктугу).
Талапкерлер тарабынан шайлоочуларды сатып алуу фактылары тууралуу билдирүүлөр — 13.
Чыр-чатактар — 3.
Башка укук бузуулар: бюллетендерди таштоо — 2, айлампа — 2, үгүт — 1.
Булак: Баракелде.

 

Бул тууралуу “Азаттыкка” партиянын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов билдирди. Анын айтымында, “Ата Журт” партиясы шайлоодо административдик ресурс колдонулганын белгилеп, шайлоочулардын тизмеге кирбей калышын айыптоодо.

 

 Борбордук шайлоо комиссиясы бир катар шайлоо бекеттеринде мыйзам бузуулар катталганы менен шайлоо таза өткөнүн кабарлап жатат. Ушул маалда эл аралык жана жергиликтүү уюмдар байкоолорунун жыйынтыгы менен тааныштырууда.
 БШКнын автоматташтырылган шайлоо системасына келип түшкөн соңку маалыматтар боюнча, биринчи орунда Алмазбек Атамбаев (63,25%), экинчиде Адахан Мадумаров (14,71%), үчүн орунда Камчыбек Ташиев (14,21%) турат.
Булак: Азаттык.

 

«Демократия жана жарандык коом үчүн» Коалициянын байкоочулары Бишкек шаарындагы №1-орто мектепте жайгашкан № 7179-шайлоо участкасынан коалициянын мүчөлөрү «Туран» партиясынын өкүлү Токтомбаева Гульнур тарабынан бюллетендерди топтоштуруп таштоо болгондугун катташты. Бул тууралуу «Демократия жана жарандык коом үчүн» Коалициясынын басма сөз борборунан билдиришти.
 
Билдирүүгө ылайык, ал жерге Коалициянын юристтери барышкан. Бул факт боюнча маалымат БШКга берилген. Мындан сырткары, байкоочулар Аламүдүн РИИБге көрсөтмө берди.
 
Добуш берүү процессинде мындай мыйзам бузуулар болгондугу боюнча Коалиция кабатырлануусун билдирет. Коалиция мындай көрүнүштөр жалпы масштабдык мүнөздө болгон жок деген үмүттөнүүсүн билдирет жана бардык тиешелүү органдардын тез арада чара көрүүсүн жана шайлоонун бардык катышуучуларын мыйзамды сактап, мыйзам чегинде гана иш кылууларын талап кылат.
 
Булак : Баракелде

Бишкек убактысы боюнча кечки сегизге карата алынган маалыматка ылайык, бүгүнкү добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 51,96 пайызы катышты. Добушканалар кечки жетиде жабылган. Добуш бергендердин саны дагы эле такталууда.

Азаттык
 

Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө республиканын бардык 2298 шайлоо участоктору жабылды.

БШК берген акыркы маалыматы боюнча, Кыргызстанда президентин шайлоодо саат 15:00гө карата 3 032 681 млн катталган шайлоочунун ичинен 1 041 915 адам (34,36%) добушун берди.
 
Ал эми ушул учурда шайлоо участогунун имаратында калган шайлоочулардын добуш берүүсүнө шарт түзүлүп, андан соң сыртка чыгарылат.
 
Шайлоо участоктору жабылган соң бардык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана талапкерлердин байкоочулары имараттын ичинде калып, бюллетендердин саналып, ар кандай арыз, даттануулар кабыл алынган соң, соңку жыйын өткөрүшөт жана анын протоколун Борбордук шайлоо комиссияларына жөнөтүшөт.
 
Шайлоонун жүрүшүндө БШК мүчөсү Жаркын Бапанова БШКга шайлоо тизмесинде өзүлөрүнүн аты-жөнүн таппаган жарандар 45 арыз, даттанууларды жөнөтүшкөндөрүн билдирди.
Баракелде
 

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы №6064 шайлоо участкасында онго жакын бюллетенди урнага таштап салгандыгын байкоочулар катташты. Бул тууралуу «Демократия жана жараандык коом үчүн» коалициясы билдирди.

 

Окуя болгон жерде Кызыл-Октябрь айылында токтоосуз түрдө акт түзүлүп, БШКга кабарланды.
Коалициянын өкүлдөрү билдиргендей, бюллетендерди участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү таштаган.
 
Баракелде
 

Бишкек, “Саясат.kg”. Бүгүн таң эрте “Кебел” клубунун мүчөсү Каныбек Сарымсаков Сокулук районундагы шайлоо бекетине добуш берүү үчүн барган. Добуш берип, участкадан чыгып баратып, сыя тамгасы басылган манжасын сүртүп көрүп, анын дароо эле өчүп калганын байкаган.

Ушундай эле окуя кечээ күнү катталган: 2011-жылдын 29-октябрь күнү жогоруда аталган кампаниянын байкоочулары сыя тамгасы туруксуз болгон бир нече кырдаалдарды байкашкан. Бишкек шаарындагы №4-клиникалык оорукананын имаратында уюштурулган №1032 шайлоо бекетинде мобилдик добуш берүүдө шайлоочулардын бирөөсү манжасына басылган сыя тамганын дароо эле өчүп калганын көргөн. Шайлоочулар сыя тамгасы суунун жардамысыз эле өчүрүлө тургандыгын айтышууда. Андан кийин анча деле байкалбаган из калат. Жаштар уюмдары бир нече жумага чейин өчпөй турууга тийиш болгон сыя тамгасынын эмне себептен аз убакыттын ичинде эле өчүп калгандыгына түшүндүрмө берүүсүн Борбордук шайлоо комиссиясынан талап кылышууда. Ошондой эле №1125 шайлоо бекетинен добуш берген журналист С.Володиндин пикиринде мындай нерселер эл аралык уюмдар тарабынан грант түрүндө берилип, мөөнөтү өтүп кеткендиктен бекер берилген продукциялар болушу мүмкүн.

“Ойлоном. Добуш берем. Келечек бар!” кампаниясынын Жалал-Абад шаарындагы байкоочулары Жалал-Абад шаарындагы Курманбек атындагы көчөдө жайгашкан 2103 шайлоо бекети тараптан атышуулар болгондугун Бишкектеги кампаниянын өкүлчүлүгүнө кабарлаган. Байкоочулардын айтымында, милиция кызматкерлери тартип бузганга шектүү адамдарды кармап кеткен.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы көчмө добуш берүүгө жана участоктордун ачылышына байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы туурасында алдын ала маалымат берди. 29-октябрда болгон көчмө добуш берүү учурунда сыя белгинин коюлбай калышы, көчмө үкөктөрдүн тиешелүү түрдө чапталбаганы, шайлоочулар тиешелүү документсиз добуш берген фактылары катталган.  Бүгүн бир шайлоо участокто үкөктү чаптоого байкоочулар катышпаганы,  кайра добуш берүүгө аракет болгону, бир эле шайлоочуга бир нече бюллетендин берилиши сыяктуу фактылар катталды. Мындан тышкары сыя белгинин оңой эле өчүп жатканы, Улуттук университетте студенттердин добуш берүүсүн көзөмөлдөп жаткан адамдар бар экени айтылууда.

Азаттык
 

Бишкек – «Саясат.kg». Президенттике талапкер Камчыбек Ташиев Нарын областынын Жумгал районунун Арал айылында добуш берди. Бул жөнүндө талапкердин штабынан билдиришти.

 

Добуш бергенден кийин Камчыбек Ташиев  билдирүү жасады. “ Мага келип жаткан маалыматтар боюнча, азыр республиканын бардык аймактарында  шайлоо мыйзамдары бузулуп жатат. Бийликтин талапкери үчүн административдик ресурс кенен колдонулууда. Тилекке каршы, алар акыл менен иш кылып, шайлоону таза өткөрүүнү каалабай жатышат.
 
Егерде шайлоонун аягына чейин ушундай болуп, шайлоо мыйзам бузуу менен өтсө, анда Кыргызстандын эли бул шайлоонун жыйынтыктарын кабыл албайт. Эл таза жана адилеттүү шайлоонун өтүүсүн күтүп жатат, егерде шайлоо таза өтпөсө эл көтөрүлөт. Бул жолу миң, же жүз миң эмес, миллиондогон кыргызстандыктар көтөрүлөт. Егер бийлик мыйзам бузууну токтотпосо, анда элдик бийлик орнотулат”, - деп белгиледи Камчыбек Ташиев.

Саат 15ке карата өлкө боюнча жалпы шайлоочулардын 36,41 пайызы добуш беришти. "Шайлоо" мамлекеттик автоматташтырылган системасынын маалыматы боюнча, 3 миллион 32 миң 681 шайлоочунун 1 миллион 104 мин 228 шайлоочу өз добушун берди. Эң көп активдүүлүк Чүйдө (48,96%) байкалууда. Андан кийин Нарында (47,53%), Таласта (45,93), Бишкекте (41,93%), Ысык-Көлдө (38,4%), Баткен (33,01%), Жалал-Абад (29,81%), Ош (28,74%) облустарында. Эң төмөн көрсөткүч Ош шаарында - 26,98%. Добуш берүү саат 19да аяктайт. 

Азаттык
 
 

Бишкек, “Саясат.kg”. Президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев Нарын облустунун Жумгал районунун Арал айылында түштөн кийин өз добушун берди.

 
Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, К.Ташиев Арал айылында добуш берип жаткандыгын, алыскы айылдардын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн бурдуруу ниети менен түшүндүрдү. Буга чейин айрым маалымат булактары кабарлаган, “Ташиев паспортун калтырып келип, шайлоо участкасында ызы-чуу салды” деген маалымат да жалган болуп чыкты. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымы журналисттер берген маалыматын бурмалап салышканын ошол жерде билдирди.
 
Жалпы эле шайлоо боюнча К.Ташиев буларды билдирди: “Президентик шайлоо өтө чоң мыйзам бузуулар менен өтүп жатат. Миңдеген адамдар өздөрүнө караштуу участкаларга барышып, аты-жөнүн тизмеден таппай кетип жатышат. “Карусель” ыкмасы Бишкекте абдан катуу колдонулду. Айрым шайлоо участкаларында ачыктан-ачык эле Атамбаевге добуш салдыртып атышат. Студенттерди мурдагыдай эле коркутуп-үркүтүп, бийлик талапкерине добуш салдыртышты. Эл ичиндеги нааразычылык ушундан улам күчөп кетти. Биз жөн гана карап турбайбыз. Мыйзам бузган ар бир адам жоопкерчиликке тартылат. Бийликке дагы бир жолу эскертем – арам оюнду токтоткула! Эл мындан ары чыдай албайт”.

 

Бишкек – “Саясат.kg”. Аксы районунун №2312 - Кашка-Суу шайлоо участогунда 1840 шайлоочу бар. Анын ичинен 265 шайлоочу добуш берип, 23 адам тизмеде жок болгондугу үчүн добуш бере албай кеткен. Бул тууралуу аталган шайлоо участоктун төрайымы Абиба Сейитбекова билдирди.

 

«БШК тарабынан 5-октябрда келген тизмеде бар шайлоочулардын ичинен 28-октябрда келген тизмеде кээ бирөөлөрү кошулбай калыптыр. 1-2-форманын негизинде 68 адамдын тизмеси жиберилген, бирок алардын ичинен 10 чактысы гана тизмеге кирген. Кээ бир үй-бүлөдө 5-6 адам толугу менен кирбей калыптыр. Алар бизге нааразы болуп, тополоң салып кетишти. Тизмени БШК түзгөн, алар туура эмес болуп калганына жооп бериши керек»,- дейт А.Сейитбекова.
 
«Таза шайлоо» Ассоциациясынан байкоочу болуп отурган Чынара Сагынбаева да көпчүлүк шайлоочулар тизмеде жок болгондуктан, шайлай албай, нааразы болуп кетип жатышкандыгын билдирди.
 
«Ал эми БШКда Аксы аймактык шайлоо комиссиясына чалышып, тизмеге кирбей калгандардан арыз алгыла дешиптир. Мен арыз алуудан баш тарттым. Себеби, алардан арыз жаздыртып алсам, ал шайлоочулар добуш беребиз, бюллетен бергиле деп бизден талап кылышат. Бул тизмени тактоодо кетирилген катачылык болуп жатат. Буга шайлоочулар нааразы болушууда», - деди А.Сейитбекова.
 
Бирок жергиликтүү шайлоо процессине байкоо жүргүзгөн өкүлдөрдүн маалыматы боюнча, көпчүлүк участоктордо К.Ташиевге добуш берүүчү шайлоочулардын тизмеси алдын ала такталып, алар БШК тарабынан бекитилген тизмеден чийилип калган. Мындай мисалдар К.Ташиевдин тарапкерлери көп делген Жалал-Абад облусунда көп кездешүүдө. Мисалы, Жалал-Абад шаарында 15 жылдан бери жашап келаткан белгилүү обончу Арзыбек Бедияров да шайлоочулардын тизмесинде жок болуп чыккан.