Бишкек, “Саясат.kg”. Президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев Нарын облустунун Жумгал районунун Арал айылында түштөн кийин өз добушун берди.

 
Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, К.Ташиев Арал айылында добуш берип жаткандыгын, алыскы айылдардын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн бурдуруу ниети менен түшүндүрдү. Буга чейин айрым маалымат булактары кабарлаган, “Ташиев паспортун калтырып келип, шайлоо участкасында ызы-чуу салды” деген маалымат да жалган болуп чыкты. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымы журналисттер берген маалыматын бурмалап салышканын ошол жерде билдирди.
 
Жалпы эле шайлоо боюнча К.Ташиев буларды билдирди: “Президентик шайлоо өтө чоң мыйзам бузуулар менен өтүп жатат. Миңдеген адамдар өздөрүнө караштуу участкаларга барышып, аты-жөнүн тизмеден таппай кетип жатышат. “Карусель” ыкмасы Бишкекте абдан катуу колдонулду. Айрым шайлоо участкаларында ачыктан-ачык эле Атамбаевге добуш салдыртып атышат. Студенттерди мурдагыдай эле коркутуп-үркүтүп, бийлик талапкерине добуш салдыртышты. Эл ичиндеги нааразычылык ушундан улам күчөп кетти. Биз жөн гана карап турбайбыз. Мыйзам бузган ар бир адам жоопкерчиликке тартылат. Бийликке дагы бир жолу эскертем – арам оюнду токтоткула! Эл мындан ары чыдай албайт”.