Бишкек – “Саясат.kg”. Бүгүн, 31-октябрда президенттике талапкер Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирүү жасады. Билдирүүнүн текстин толук жарыялайбыз.

 
Урматтуу кыргызстандыктар!
 
Мен үчүн бийликтен да, сиздердин добушуңуздар кымбат. Миллиондогон мекендештерибиздин катышуусундагы жолугушууларда мен шайлоочуларымдын конституциялык укугун коргоп, ар бир добуш үчүн күрөшүүгө ант берип келдим. Эл мени же башка бир татыктуу талапкерди тандап алабы, бул маанилүү эмес. Эң башкысы, ар бир кыргызстандык эч кандай басымсыз, сатып алуусуз, көз боёмосуз биздин мамлекеттин келечеги үчүн өз оюн ачык, эркин айтууга мүмкүнчүлүгү болуусу зарыл. Болуп өткөн шайлоо көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу акаевчилердин, бакиевчилердин технологиясысыз таза жана демократиялуу шайлоо өткөрүүгө берилген шанс болгонун, бирок бул жолу да азыркы бийлик дал ошол эски бийлик баскан жол менен шайлоого барганын баарыбыз түшүнүп турабыз. Бүгүнкү күндө жүз миңдеген кыргызстандыктар добуш берүү, демократиялуу шайлоо укугунан, өз эркин, каалоосун билдирүү эркинен ажыратылды.
 
Элдин байлыгы болгон завод-фабрикалар, жерлер, кен-байлыктар уурдалганы аз келгенсип, эми элдин эң баалуу байлыгын, добуш берүү, тандоо, шайлоо укугун, сөз эркиндигин, чындыкты сүйлөө эркиндигин уурдашты.
 
Шайлоодо ондогон эмес, жүздөгөн добушту сатып алуу, шайлоочулардын тизмелерин, протоколдорду жана бюллетендерди алмаштыруу, бюллетендерди кошуп салуу, добуш берүү үчүн адамдарды ташып келүү, коркутуп-үркүтүү, жасалмалоо сыяктуу мыйзам бузуулар катталды. Бийлик шайлоо процессинен 1 миллион 200 миң кыргызстандыктарды чийип салды. Бул адамдар кайда житип кетиши мүмкүн? Менин оюмча, аларды жөн гана саясий жактан ур-тепкиге алышты, ар-намыстарын жана абийирлерин тебелешти. Бийлик өлкөнү түндүк жана түштүккө бөлүп жатат. Эми дагы миллиондогон бул өлкөгө кереги жок адамдарды таап чыгышты.
 
Мен башка президенттикке талапкерлер сыяктуу эле элимдин бүтүндөй тарыхында ушунчалык ыплас жана адилетсиз шайлоо болгон эмес деп эсептейм. Мындай шайлоо улуу Манастын урпагы үчүн, эркиндикти сүйгөн кыргыз эли үчүн уят көрүнүш.
 
Мен жана миңдеген шайлоочулар бул шайлоону тааныбайбыз. Биз бардык мыйзамдык ыкмалар менен өз укуктарыбызды коргойбуз. Мен дагы бир жолу убактылуу бийликти жакшылап ойлонууну жана шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну эскертем. Эл мындай алдамчылыкка чыдай албайт жана бийлик жакынкы убакта кыргыз элинин нагыз күчүн сезе алат деген ишеничтемин. Мен бул шайлоодо жеңишке ишеничтүү жетише алдым, мен үчүн кеминде бир жарым миллион адам добуш бериш керек эле. Кечээ түнү бою жана бүгүн таң эртең менентен баштап ар түрдүү маалыматтар келип түшүүүдө, шайлоочулар телефон чалышып, шайлоодо массалык түрдө мыйзам бузуулар болгондугун кабарлашууда.
 
Кыргызстандын шайлоо мыйзамын ар кыл бузган фактыларды биз жетиштүү түрдө алдык. Анын ичинде аудио, видео, фотоматериалдар бар. Ар башка талапкерлердин байкоочуларынын документтештирилген актылары бар.
 
Эл өлкөдөгү таза шайлоону камсыз кыла албаган жана уюштура албаган бийликтин кызматтан кетишин талап кылат. Эгерде өлкөнүн бүгүнкү жетекчилери мындай алдамчылык менен башкарууну баштаса, анда алар Кыргызстанды жетектөөгө татыктуу эмес.