Президенттик шайлоо

Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев Чүй облусунда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан талапкер Адахан Мадумаровдун үгүттөөчүсү шайлоочуларга беш жүз сомдон таратып жүргөн жеринен кармалды деп билдирди. Мадумаровдун штабы окуя тууралуу комментарий бере элек.

Азаттык
 

Баткендеги №8179-шайлоо участкасында 300дөй өзбек улутундагы шайлоочулар белгиленген мөөнөткө чейин арыз бергендиктерине карабастан, тизмеге түшпөй калышкан.

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылында участкалык шайлоо комиссиясы талапкер Алмазбек Атамбаевдин өкүлдөрүн жана байкоочуларын участокко киргизбей жатышат.
 
Ош шаарындагы Калинин конушундагы №5557-шайлоо участкасында 100 киши шайлоого келүү тууралуу кабар алганы менен шайлоо участкасына киргизилген эмес. Ал эми участкалык шайлоо комиссиясында билдиргендей, алар тизмеде жок.
Баракелде

Ош шаарында бир катар шайлоо участоктордо тизмеден өзүн таппай добуш бербей калгандар нааразы болууда. Бул тууралуу аймактагы кабарчыбыз Мухамедали Токтокунов билдирди. Анын айтымында, Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрайымы Саадат Маматалиева добуш бере албай калгандар тууралуу маалымат Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөөрүн билдирди. Тизмеден өзүн таппагандар баардык аймактардагы шайлоо участкаларында кездешүүдө. Бишкекте БШКнын алдында он чакты адам нааразылык акциясына чогулганы кабарланды.

Азаттык
 

Бишкек, “Саясат.kg”. Аламүдүн районунун №7157 участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Турсуналиева жана Таабалдиевдер көчмө урна менен оорукчан, кары-картаңдардын үйлөрүнө барышып, №14түн тушуна белги коюушун талап кылганы тууралуу акт түзүлдү.
 
Президенттикке талапкер К.Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Самат Бөрүбаевдин айтымында, мындан тышкары №7158 шайлоо участкасында бүгүн добуш берүүчү жайдан сырткары, өз үйлөрүндө шайлоого катышуу ниетин билдирген 41 арыз түшкөн болсо, көчмө урна ташыгандарга УШК төрайымы Н.Голосова тарабынан 45 бююлетень берилип, мыйзам бузулган. Бул факты боюнча Аламүдүн райондук шайлоо комиссиясына кайрылалы дешсе, жетекчиси да, катчысы да жумуш ордунда жок болуп чыккан.
 
С.Бөрүбаевдин айтымында, көчмө урналар боюнча добуш берүү бул райондо байкоочулардын көзөмөлүсүз жүргүзүлүүдө.

Бишкек, “Саясат.kg”. Кадамжай районунун акими, Кыргызстан социал-демократтар партиясынын мүчөсү С.Ганиев кечээ, 29-октябрь күнү бардык мекеме-уюмдардын, айыл өкмөттөрдүн башчыларын жыйнап, “президенттикке талапкер К.Ташиев Атамбаевге расмий кошулду, ошондуктан, №14кө үгүттөгүлө” таризинде көрсөтмө берген.

 
Президенттикке талапкер К.Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Самат Бөрүбаев бул факты боюнча БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимовго кайрылып, тезинен чара көрүүсүн талап кылган. Анткени, Кадамжайдын акими үгүт өнөктүгү токтогон күнү ачык эле Атамбаевге үгүт жүргүзгөн. Анысы аз келгенсип, Ташиевдин Атамбаевге кошулгандыгы тууралуу жалган маалымат таркатып, эл ичине дүрбөлөң салган.
 
28-октябрдагы маалымат жыйынында К.Ташиев бул ушак тууралуу мындай деген: “Мени президенттикке талапкер болуп катталгандан бери ар кандай жолдор менен жаманатты кылуунун, каралоонун аракетин көрүп келишти. Менин үгүт материалдарымды тытып да көрүштү, “наркобарон” деп жазышты, “улутчул” деп да чыгышты. Акыры айласы кеткенде “Атамбаевге сатылды”,- деп жазылган баракчаларды чыгарып, таркатышты. Мунун баары калп! Мен эч кимге эч качан сатылбайм. Эч качан эч кимге кошулбайм! Булар менин эл ичиндеги аброюмдан коркушуп, ушундай арам аракеттерге барууга мажбур болушууда”.
 
 

 

Бишкек – “Саясат.kg”. Бүгүн, 30-октябрь күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:гө карата чет мамлекеттердеги шайлоо участокторунда 611 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу КР ТИМ алдындагы аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Нурбек Элебаев билдирди.

 

«Эгер ири шайлоо участоктору тууралуу маалымат бере турган болсок, Кытайда 33 адам, Москвада-185 кыргызстандык, Алматы шаарында-97, Өзбекстанда-52 жана Түштүк Кореяда-58 шайлоочу добуш берди», - деди Нурбек Элебаев.
 
Чет мамлекеттердеги жалпы шайлоочулардын саны 38 миң 252 адамды түзөт. Алар дүйнөнүн 23 мамлекетиндеги 29 шайлоо участогунда добуш бере алышат. КР Президенти жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча жаңы мыйзамга ылайык, добуш берүү Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө гана өткөрүлөт.
 
 

 

Боршайкомдун алдында нааразылык акциясы өтүп жатат. Кабарчыбыздын маалымдашынча, чогулгандардын саны 10 чакты адам. Алар өзүлөрүн шайлоочулардын тизмесинен таба албай, добуш берүү укукгунан айрылганына нааразы экенин айтышууда. Митингчилер менен БШК мүчөсү Жеңиш Акматов кездешти.

Азаттык
 
 

"Шайлоо" мамлекеттик автоматташтырылган системасынын маалыматына ылайык, саат 12ге карата Кыргызстан боюнча шайлоочулардын эң жогорку активдүүлүгү Ош шаарында байкалды. Бул саатка карата оштук шайлоочулардын 13,63 пайызы добуш беришти. Эң пассивдүү Бишкек шаары болууда. Борбордо жалпы шайлоочулардын 2,74 пайызы гана добуш беришти. Облустар арасында алдыда Жалал-Абад келатат. Андан кийин Чүй, Ош, Ысык-Көл, Баткен, Талас, аягында Нарын облусу келатат.  

Жалпы Кыргызстан боюнча саат 12ге карата добуш берген шайлоочулардын саны  243 миң 531 болду. Бул жалпы шайлоочулардын 8,03 %.

Азаттык
 

"Мындай абал ар бир шайлоо участогунда болуп жатат", - деп билдиришти "Азаттыкка" Бишкектеги №1120 шайлоо участогунан. Аталган шайлоо участогу боюнча добуш бергени барган Марбүбү Акматова шайлоого катышууга чакыруу кагазы келгенин, бирок добуш бергени барса тизмеде жок болуп чыкканын "Азаттыкка" билдирген. Анын айтымында, "тизмени бир сааттай текшеришти, бул учурда дагы 11 киши өзүлөрүн тизмеден таппай, добуш бере албай кетишти".

№1120 шайлоо участогунан билдиришкендей, мыйзамга ылайык, 19-октябрга чейин тизмени тактоо жүрдү. Бул күнгө чейин тизмеге киргизүү арызы кимден түшсө, БШКга жиберилди. Учурда добуш берүү БШК түзүп жиберген тизме боюнча жүрүп жатат. Аймактык комиссия аны түзүүгө катышкан жок.

Азаттык
 

Бул тууралуу аймактагы кабарчыбыз Мария Колесникова билдирди. Анын айтымында, Ысык-Көлдүн губернатору Мирбек Асанакунов эртең менен саат сегизде Караколдогу №3154 шайлоо участкасында добуш берди. Анда элди туура талапкерди тандоого чакырды. Кабарчыбыздын байкашынча, аймакта азырынча добуш берүүгө жапырт киришүү байкала элек, шайлоочулар агымы түштөн кийин көбөйүшү мүмкүн.

Азаттык
 

БШКнын автоматташтырылган шайлоо системасына келип түшкөн маалыматарга ылайык, ушул сааттарга карата Ош облусу боюнча 26 миң 400дөн ашык шайлоочу добуш берди. Чүй облусунда 21 миң 375 адам, Жалал-Абад облусунда 19 миң 918, Бишкек шаарында 11 миң 676 шайлоочу, Ысык-Көл облусунда 9 миң 304 адам, Баткенде 6 миң 341, Нарын облусунда 5 миң 464 адам, Талас облусунда 5 миң 117 шайлоочу, Ош шаарында 1 миң 500дөй, жаран шайлоого катышты. Ал эми чет өлкөлөрдө жалпы 100 адам добуш бергенге жетишти.

Соңку маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда добуш берген жарандардын саны 107 миңден ашты. Бул жалпы шайлоочулардын 3,54 пайызына барабар.

Азаттык
 

Кыргызстандын президенттин шайлоо үчүн добуш берүү саат 8:00де  башталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов билдирди. Шайлоочулар өлкө ичинде жайгашкан 2 миң 289 шайлоо участогунда жана чет өлкөлөрдө жайгашкан 29 шайлоо участокторунда добуш беришет. Шайлоонун жыйынтыктарын Мамлекеттик автоматташтырылган система көзөмөлгө алып турат.

Шайлоо күндүн коопсуздугуна 6 миңден ашык милиция кызматкерлери тартылат жана элдик кошуундардын 14 миңден ашык мүчөлөрү кол кабыш кылышат. БШК шайлоочулар 3 миллион 32 миңден ашкандыгын мурдараак жарыялаган. Добуш берүүнүн жүрүшүнө жергиликтүү байкоочулардан тышкары эл аралык 792 байкоочу көз салат. Алардын катарында 46 өлкөдөн өкүлдөр бар.
Президенттик орун үчүн 16сы ат салышып жатат.

Азаттык
 

Шайлоо участкаларындагы контролдук текшерүү учурунда бир адам бир нече жолу кайталанып катталгандыгы боюнча 2 миң 606 факты катталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда БШКнын жумушчу тобу Ишенбай Кадырбековго билдирген.

 

Анын айтымында, кайталанып катталуу - техникалык себептерден болууда. Ошондой эле, бир эле адам шайлоочулардын тизмесине 39 жолу киргизилип калган фактылар кездешкен. Кайталанып катталган тизмелер 80 шайлоо участкасынан табылды, деди ал.
Булак: Баракелде.

 

Жалал-Абад облусу боюнча 417 шайлоо участогунда 540 миң 697 шайлоочу тизмеге катталып, Борбордук шайлоо комиссиясынан 542 миң 131 бюллетен келип, ар бир шайлоо участокторуна таркатылып берилди. Бул туурасында БШКнын облус боюнча координатору Амирбек Атакулов билдирди.

 

Анын берген маалыматына караганда, 5626 шайлоочу имараттан сырткаркы жайда добуш беребиз деп арыздарын беришкен. Бул арыз берген шайлоочулар бүгүн өздөрүнүн добуштарын беришет. Ал эми Жалал-Абад шаарында эки адам сырт жакка чыгып кетип жатышкандыктан, алдын ала добуш беришкен.
«Шайлоо участогунун имаратынан сырткаркы жерде шайлоого катышабыз деп арыз бергендердин баары эле бүгүн добуш бере алышпайт. Себеби кээ бирөөлөр иштери менен бир жакка чыгып кетип калышы мүмкүн. Же дагы бир турмуштук себептерден улам, үйүндө болбой калса, анда добуш бере албай калат. Бүгүнкү күнгө баардык шайлоо участоктору шайлоого даяр. Азырынча эч кандай мыйзам бузуулар жок», - дейт А.Атакулов.
Булак: Кабар.
 
 

 

Кыргызстандын президентин шайлоого көз салуу үчүн 47 эл аралык уюмдун жана 56 чет өлкөнүн атынан 725 эл аралык байкоочу БШКда расмий катталды. Бул тууралуу Боршайкомдун маалымат кызматы кабарлады.

 

Ошол эле мезгилде ЕККУнун 67 байкоочусун каттоодон документтери так эмес деген негиз менен БШК баш тартты. Мындай жагдай тынчсыздандырып жатканын, аталган байкоочударга таандык тиешелүү документтер БШКга кошумча берилгендигин кечээ ЕККУнун медиа өкүлү Иван Гадарский "Азаттыкка" билдирген. Шайлоо 30-октябрда болот.
Булак: Азаттык.

 

Президенттик шайлоого байкоо жүргүзүү максатында сунушталган кыска мөөнөттүү байкоочулардын 67син БШК каттоодон өткөрбөй жатат. Бул тууралуу ЕККУнун медиа өкүлү Иван Гадарский "Азаттыкка" билдирди.

 

Анын айтымында миссияны мындай жагдай тынчсыздандырып жатат, анткени байкоочулар 28-октябрда ишке киришүүсү зарыл. Байкоочуларга тиешелүү документтер октябрдын башында берилип, 26-октябрда толукталган дейт медиа өкүл.

 

 БШКнын төрага орун басары Айнура Шайымкулова 67 байкоочунун каттоодон өтпөй калышына алгачкы документтеринин так эместиги себеп болгондугун, эгер акыркы толуктоолор талапка дал келсе БШК каттоого алат деп билдирди.
 БШК эл аралык байкоочулардын документтерин кабыл алууну 26-октябрда аяктаган. БШКнын каттоосуна 725 байкоочу турду. Алардын 300 чамалашы ЕККУнун миссиясынын курамында турат.
Булак: Азаттык.

 

Президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев 28-октябрда АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, кол салуу даярдалып жатат деген маалымат бар экенин билдирди.

 

«Бирок азырынча бул чектен чыгып кетишкен жок. Буюрса, баары жакшы болуп, шайлоо тынч өтөт деген үмүттөбүз», - деди Ташиев.
Анын айтымында, ошондой эле ал бүт райондорду кыдырып, эч кандай түндүк-түштүк ажырымы жоктугуна күбө болду. Муну өз максатына жетүүнү көздөгөн, колунда бийлиги барлар эле ойлоп таап атышат, деди Ташиев.
Булак: Баракелде.

 

Биринчи турда талапкер жеңишке жетиш үчүн шайлоого катышкандардын жарымынан көп добушун алышы керек. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыктын" окурмандары менен интернет-эрөөлгө чыккан Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айнура Шайымкулова билдирди.

 

 Анын айтымында, 30-октябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгында эле шайлоого катышкандардын жарымынан көбүнүн добушун ала алган талапкер жеңүүчү деп табылат. Эгерде эч бир талапкер добуш бергендердин жарымынан көбүнүн добушуна ээ боло албаса, экинчи тур өткөрүлөт. Ал эки аптанын ичинде өтүшү керек. Экинчи турга биринчи турда шайлоочулардын эң көп добушун алган эки талапкер катышат. Президенттик шайлоо 30-октябрда болот. Талапкерлердин саны 16.
 
Булак: Азаттык.

 

Кыргызстандагы бир катар жаштар кыймылдары бардык облустарда жарандарды шайлоого катышууга үндөө иштерин жасашты. Бул тууралу бүгүнкү маалымат жыйынында жаштар кыйымылынын өкүлдөрү билдиришти.

 

 “Өзүң танда!” деген долбоордун алкагында Кыргызстандын бардык дубандарынан келген жаш активисттер Ысык-Көлдө бир ай бою элге шайлоо боюнча маалымат таратууга окутулду. Андан соң алар өлкөнүн бардык аймактарында шайлоочуларга өзүн тизмеден тактоону, добуш берүү укугун колдонууну үйрөтүштү.
 “Биз элдерди кыдырып шайлоонун шарттарын түшүндүрүп, ачык шайлоого ар бир адамдын салымы тууралуу маалымат таратып жүргөнүбүздө добушу үчүн бизден акча сураган жарандар да болду. Алардын айрымдары эбак эле добушун сатып жибергенин, башкалары талапкерлерден акча күтүп жатканын билдиришти”, -дейт Чүй облусунда түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн Алина Жунушева.
 Жаш активисттердин айтуусунда эл арасында шайлоого ишенбөөчүлүк тенденциясы бар экендиги байкалган. “Ага карабай биздин иш-чарадан кийин шайлоочулар бир аз да болсо жарандык жоопкерчилигин сезип калат деген ишеничтебиз”, -деген пикирин айтты Нарын облусунда элдерди шайлоого үгүттөгөн Төрөбек Жунусов.
Булак: Кабар.

 

Кыргызстанда өтүүчү президенттик шайлоого катыша турган эл аралык байкоочулардын саны бүгүнкү күнгө карата 601 адам. Бул тууралуу кабарчыбыз Кубат Касымбеков билдирет. Анын айтымында, БШК 35 уюмдун жана 51 чет мамлекеттин өкүлү болгон 601 эл аралык байкоочуну каттады. Каттоо бүгүн да уланат.

 
25-октябрда мамлекет башчысы Роза Отунбаева Боршайкомдун төрагасы Туйгуналы Абдраимов менен жолугушуусунда БШКны эл аралык байкоочулар менен тыгыз кызматташып, алардын кеп-кеңештерине көнүл бурууга чакырды. 
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюумунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) узак мөөнөттүү байкоочулары буга чейин эки баяндамасын чыгарды. Анын соңкусунда элет жерине маалымат толук жетпей жатканы жана этникалык өзбектер жыш жашаган аймактарда улуттук азчылык өкүлдөрүнүн шайлоо өнөктүгүндөгу иш-аракеттерге катышуусу өтө чектелүү болуп жаткандыгы белгиленген. 
Булак: Азаттык.