Президенттик шайлоо

Бишкек, “Саясат.kg”. Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкер Камчыбек Ташиевдин эл менен кезектеги жолугушуусу 16-октябрда Жалал-Абад шаарынын борбордук стадионунда болуп өттү.
 
Шаар тургундары бул күндү көптөн бери чыдамсыздык менен күтүп атышкандыгы белгилүү болду. Эртең мененки саат 10дор чамасынан тарта эле шаар тургундары борбордук стадионду көздөй агылып, улуттук лидер К.Ташиевдин келишин күтүп атышты. Саат 11:00дөн тарта эл шайырлары Р.Маматкулов, Мерген Турган, Ж.Бобкова, Б.Кудайбергенов, А.Шайымбердиевалар келген элдерди зериктирбей өз өнөрлөрүн тартуулашты. Шаар аксакалдары элдик уул болуп калган К.Ташиев келгенге чейин эле ак баталарын беришип, алдыдагы шайлоодо мамлекет башына бир гана татыктуу талапкер – К.Ташиев бар экендигин айтып атышты. Шаар аксакалдары “Эгер мамлекет башына К. Ташиев келбесе, мамлекетибиздин жарымын Казакстанга, жарымын Өзбекстанга тарттырып ийебиз, бир гана ушул талапкер мамлекеттин бүтүндүгүн сактай алат” деген ойлорун айтышты.
 
Бул жолугушууга Ысык-Көлдөн, Нарындан, Таластан атайын өкүлдөр келгени белгилүү болду. Президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев өзүнүн программасынын 7 кадамы менен келген элди тааныштырды. Жолугушууга келген элдин аягы үзүлбөй, борбордук стадиондун ичи-тышына келген адамдардан бош орун калган жок. Жалпы жонунан алып караганда 50 миңдин тегерегинде жергиликтүү тургундар чогулду. Элдин мындай кызуу колдоосу Жалал-Абад эли алдыдагы шайлоодо бир гана талапкерге – К.Ташиевге токтолгондугун айгинелеп койду.
 
 

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Оо, касиеттүү, Ыдырыс Пайгамбарым!
Бата тилеп, келишти жарандарың,
Ак батаңды аянбай, Камчыга бер,
Жашым тогуп, жалбарып суранамын.
 
Оо, касиеттуу, Ыдырыс Пайгамбарым!
Алыс жолдон келишти адамдарың.
Арам турмуш, зордуктан жадап бүттүк,
Жол көрсөтчү, жашоонун адал жагын!
 
Чаткал тоонун жеринде жатыптырсың!
Ырыс-Кешик элине чачыптырсың!
Өнөр билим үйрөтүп жер жүзүнө,
Ыдырысым, далай жер басыптырсың.
 
Чалкар тоолуу, Чамчымаң бийик экен,
Ар бир ташың, сууларың ыйык экен.
Улуу Сапар алдында, Камчың келди,
Улуу пирим батаңды берсең экен.
 
«Таш» деген ат таштай оор бол дегеним,
«Камчы» деген куралы кыргыз элдин.
«Кыдыршанын» өз аты айтып турат,
Кыдырлардын шаасындай бол дегеним.
 
Оо, касиеттуу, Ыдырыс-Пайгамбарым,
Камчы уулуңдун алып кал убадасын.
Кыргызым деп төрөлгөн Кыроон Куштун,
Максатынан майытып кулатпагын,
Пайгамбарым, жалбарам, суранам!
 
Иним Камчы! Улуу максатыңа жетип, кыргыз элиңе Манас атаңдай кызмат кылып бер.
Касиеттүү Ыдырыс Пайгамбарымдын арбагы колдоп, жолуң ачылсын! Оомийн!
 
Агаң - Базаркул Артыков.
25.09.2011-жыл.
Чаткал району

Бишкек – “Саясат.kg”. Бүгүн президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев Өзгөн районунун шайлоочулары менен жолугушту. Камчыбек Ташиев менен жолугушууга 20 миңден ашуун шайлоочу катышып, көпчүлүк аянтка батпаса да келип жатышты. Буга чейин №1 талапкерди 5 миңден ашуун Кара-Кулжа районунун шайлоочулары ак батасын берип узатышкан эле.

 

Өзгөн эли менен Камчыбек Ташиев жакындан баарлашып, алардын 100дөн ашуун суроолоруна жооп берди. Ошондой эле элдик талапкер өзгөндүктөргө өзүнүн “Кыргызстанды өнүктүрүүнүн 7 кадамы” аттуу шайлоо алдындагы программасы менен тааныштырып, президенттик кызмат ал үчүн канчалык чоң жоопкерчилик экендигин баса белгиледи.
 
Өз кезегинде Өзгөн эли Камчыбек Ташиевдин программасын жактырып, буга чейин бир да талапкер мындай программасын  жана президенттик кызмат канчалык чоң жоопкерчилик экенин айтпай эле, убадаларды тараткандыгын белгилешип, кыргызга Камчыбек тей күйгөн, элин коргогон, жерин сүйгөн, эл маңдайына жазылган президент катары баалашып, Камчыбек Ташиевди бир добуштан колдойбуз деп ак батасын берип, ага ак жол тилеп, президент болуп келүүсүн суранышты.

Шайлоочулардын добуш берүү бюллетендерин басуу аяктоо алдында турат. Бюллетендер "Учкун" басмасында 10-окятбрдан бери басылууда. Президенттик шайлоого 2 миллион 870 миң шайлоо бюллетени басылып, шайлоого он күн калганда участкалык шайлоо комиссияларына жеткириле баштайт.
 
 БШКнын айтымында үгүт маалында президенттик жарыштан баш тарткан талапкерлердин ысымдарын бюллетенден алып салуу мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан, алар добуш берүү башталар алдында кол менен чийилип салынат.
 
 үгүт маалында талапкердиктен баш тарткан Нариман Түлеевдин, Искак Масалиевдин, Шамшыбек Медетбековдун арыздарын БШК канагаттандырган. Ал эми коомчулукка билдирүү жасаган талапкер Акылбек Жапаровдун арызы БШКга түшө элек. БШК талапкердиктен баш тартуу тууралуу арыздарды добуш берүүгө үч күн калганга чейин кабыл ала берет. Президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленген.
 
Булак: Азаттык.

 

Президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев бүгүн Жалал-Абад облусунда шайлоочулар менен жолугушууларын баштады. Кабарчыбыз Ырысбай Абдраимовдун маалымдашынча, ушул тапта ал Базар-Коргон районунда эл менен жолугушууда. Ага чейин Майлуу-Сууда болуп, Кочкор-Ата шаарында өткөн кездешүүгө 4 миңдей адам келген.
 
Суроо-жооп түрүндө өткөн жолугушууларда талапкер социалдык-экономикалык, саясый маселелер боюнча, өлкөнүн жалпы эле келечеги тууралуу өз пикирин билдирди. Кыргызстандын президентин шайлоо 30-октябрда болот.
 
Булак: Азаттык.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гульнара Журабаева БШК президенттик жарыштан чыккан талапкерлерди бюллетендерден шарик калем сап менен кол менен чийип салат деп айтты. Бул шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда талаш-тартышты жаратышы мүмкүн, деп билдирди коомдук ишмер Расул Умбеталиев 14-октябрда АКИpress маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында.

 

Анын айтымында, шайлоо бюллетени — мамлекеттик мааниси бар документ жана шайлоочулардын добушу. «Эгерде БШК талапкерлигинен баш тарткан адамдарды бюллетенден кол менен сызып алып таштаса, кийин мыйзамсыз деп табышы мүмкүн. Мындай көрүнүштө шайлоонун мыйзам чегинде өтүшүнө күмөн саноолор болуп, талаш-тартышты жаратышы мүмкүн», - деди Р.Умбеталиев.
Булак: Баракелде.

 

Жакында президенттикке талапкерлердин бирине коңшу Казакстандан ири сумма келди дейт, деп жазат «Агым» гезити.

 
Гезитте айтылгандай, ондогон миллион жашылбайларды ким жөнөттү экен: экс-президенттин уулу Марат Бакиевби же экс-премьер Данияр Үсөновбу?
 
Булак: «Агым».

 

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын 13-октябрдагы жыйынында айтылды. БШКнын өкүлү Болот Исаковдун билдиришинче, президенттик шайлоого жалпысынан 60тан ашуун эл аралык уюм байкоочу жөнөткөнү жатат.
 
Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун узак мөөнөттөгү байкоочулары 16-сентябрда келишкен. Уюмдун 30дай өкүлү азыр жер-жерлерде шайлоонун жүрүшүнө көз салып жүрүшөт.
 
Булак: Азаттык.

Борбордук шайлоо комиссиясы 13-октябрда өткөн кезектеги жыйынында бир катар талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо боюнча токтомун кабыл алды.

 

Жыйында белгилүү болгондой, Кубатбек Байболовго 16, Алмазбек Атамбаевге 16 жана Камчыбек Ташиевге 6 өкүл катталды. 
Мындан тышкары, талапкерлер Нариман Түлеевдин, Шамшыбек Медетбековдун жана Исхак Масалиевдин талапкерлигин каттоону алып салуу боюнча токтому бир добуштан кабыл алынды. БШК мүчөсү Жеңиш Акматов билдиргендей, жогорудагы талапкерлер талапкерлигинен баш тартуу боюнча расмий арызын беришти.
 
Булак: Баракелде.

Таласта шайлоочулардын тизмесин тактоодо кыйынчылыктар болуп жатат. Бул туралуу Талас облустук аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Гүлнара Избасарова “Азаттыкка” кабарлады.
 
Анын айтуусунда, мобилдик топтор шайлоочулардын тизмесин тактоодо жарандардын мыйзамды билбей, паспортторундагы өздүк номурун айтпай жаткандыгы тоскоол болууда. “20-октябрга чейин шайлоочулар өзү тизмеде бар-жогун тактап алса болот”, - деп кошумчалады Гүлнара Избасарова. Облус боюнча 116 участкалык комиссиясы бар. Шайлоочулардын саны 120 миңден ашуун адам экенин кабарчыбыз Мирбек Айтикеев кабарлады.
 
Булак: Азаттык.

 

Бишкек – “Саясат.kg”. Таласта президенттикке талапкер Камчыбек Ташиевди 5 миңге жакын шайлоочулар  тосуп алышты. Шайлоочулар менен болгон жолугушууда №1 президенттик кызматка талапкер Камчыбек Ташиев шайлоочуларга өзүнүн “Кыргызстанды өнүктүрүүнүн 7 кадамы” аттуу шайлоо алдындагы программасы жөнүндө баяндама берди.
 
Шайлоочулар  талапкер менен кызуу маек курушуп, К.Ташиевдин программасын жактырышты. Ошондой эле Камчыбек Ташиев Ордолуу Манас атанын Талас тургундарынын суроолоруна жооп берип, эл менен жакындан баарлашты.
«Эл бийлиги» партиясынан ажо жарышка аттанган Шамшыбек Медетбеков талапкерлигинен баш тартуну чечти. Бул тууралуу ал өзүнүн билдирүүсүн таркатуу жолу менен маалымдады.
 
Мындай чечимдин себеби — референдум аркылуу конституциялык реформаны өткөрүүгө бүт күчтү жумшоо жана максаты — КР Конституциясына көзөмөлдөөчү Курултай институтун киргизүү жолу менен өлкөдө чыныгы элдин бийлигин орнотуу, деп түшүндүрдү талапкер.
 
 
 
Булак: Баракелде.

 

Исхак Масалиев президенттик кызматка талапкерлигинен баш тартууну чечти.

 

«Биз кымбат шайлоо кампаниясына даяр эместигибизди сездик. Биздин партия (Кыргызстан Коммунисттер партиясы) кайсы бир талапкерди колдобойт. Мен шайлоодо жөнөкөй жаран катары добуш берем», - деди И.Масалиев.
Ал азырынча БШКга талапкерлигинен баш тартуу боюнча арыз жазбагандыгын кошумчалады.
Булак: АКИpress.

 

Шайлоочулардын тизмеси БШКнын интернеттеги www.sailoo.gov.kg дарегинде жайгашкан сайтына да коюлду. Ар бир жаран ошол сайттан фамилиясын тактап, эгер кирбей калган болсо, участкалык комиссияга кайрылышы керектигин БШК эскертти.
 
Тизмелер ар бир шайлоо участогунда илинип турат. Аларды тактоо, толуктоо киргизүү 20-октябрга чейин гана жүргүзүлөт. Президент үчүн добуш берүү 30-октябрда болот. Талапкерлердин саны 24 болчу, бирок бүгүнкү күнгө карата алардын үчөө шайлоого катышуудан баш тартышты.
 
Булак: Азаттык.

Кыргызстанда президенттик шайлоолорго мониторинг жүргүзүү үчүн ЕККУнун байкоочулары өз ишин башташат. Республика боюнча натыйжалуу мониторинг жүргүзүү үчүн 350 кыска мөөнөттө иштөөчү байкоочулар келишет.  Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда, Ош шаарынын мэри М.Мырзакматовдун ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун өкүлдөрү менен болгон жолугушууда белгилүү болду, деп билдирди «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы.

 

«Биз шайлоонун кандай жүрүшүнө эл аралык жана улуттук үлгүгө карата баа беребиз, алар - президентикке талапкерлердин үгүт-насаат иштеринин жүрүшү, БШКнын иши, ошондой эле талкууга коюлган маселелердин чечилиши. ММКда мониторинг жүргүзүү да биздин жумушубуздун эң негизгилеринин бири болуп саналат» - деди ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун башчысы Корин Йонкер.
Анын айтымында, шайлоолордо байкоо жүргүзүү - демократиялык өнүгүү жолунда бараткан өлкөлөр үчүн эң негизги процесс. Ош шаарынын мэри М.Мырзакматов, «биз үчүн шайлоолор теңдик жана айкындык үлгүсүндө өтүшү маанилүү» - деди.
Баракелде

Бишкектин Биринчи Май райондук соту президенттикке талапкер болуп каттала албай жүргөн Токтайым Үмөталиеванын жана Калыбек Арабаевдин доо арыздарын канааттандыруудан баш тартты. Мындай чечим 10-октябрда кечинде кабыл алынганын "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Үмөталиева менен Арабаев Боршайкомду сотко беришкен болчу.

 

Себеби БШК 6-октябрда анык кол топтой алган жок деген негизде аларды президенттикке талапкер кылып каттабай койгон. Шайлоо 30-октябрда болот. Катталуу үчүн БШКга кайрылгандардын жалпы саны 80ден ашкан. Алардын 24ү гана 100 миң сом күрөө коюп, кыргыз тил сынагынан өтүп, 30 миңден кем эмес анык кол топтой алгандыктан талапкер болуп катталышкан. 10-октябрда талапкер Нариман Түлеев ат салышууга катышпай турганын айткан. Мурдараак талапкерликтен Марат Султанов баш тарткан. Ошентип учурда үгүт иштерин улантып жаткан талапкерлердин саны 22 болууда.

Азаттык
 

Шайлоого катышып жаткан талапкерлерди каралоо фактысы боюнча БШКга эки арыз келип түшкөн. Бул тууралуу "Азаттыкка" БШК мүчөсү Жеңиш Акматов билдирди. Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин өкүлдөрүнөн келип түшкөн арыздын негизинде "Асман пресс" гезитине эскертүү берилди.

 

Адахан Мадумаровдун үгүт баннерлеринин өрттөлгөн, боек чачылганы боюнча фактыны териштирүү үчүн тиешелүү кат күч органдарына жиберилди. Президенттик шайлоо 30-октябрда болот. Талапкерлердин саны 23 адам.
Булак: Азаттык.

 

Президенттикке аттанып, БШК тарабынан каттоого алынган Нарман Түлеев талапкерлигинен баш тартты. Бул тууралуу анын штабынан билдиришти.

 

Н.Түлеевдин расмий билдирүүсүнүн бул жерден окусаңыздар болот.
Булак: Баракелде.

Бул тууралуу 9-октябрда  Жалал-Абад шаардык шайлоо комиссиясынын төрайымы Бариса Турдубаева билдирди. Анын айтымында, шаардагы УШКлардын ыкчам топтору тизмелерди аныктоо максатында  шайлоочулардын идентификациялык номерлерин сурашууда. 

 

8-октябрда эки УШКга караган шайлоочулар аларга паспортторун бербей жана көрсөтпөй коюшкан. Төрайымдын айтымында, шайлоочулардын тизмелери алардын паспортундагы идентификациялык номерлери  (ОМСтери) көчүрүлүп, жазылганда гана так болот жана анын мындан кийин болуучу шайлоолордогу тизмелердин чаташуусунан арылтат.

Азаттык
 

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик кызматка талапкер Марат Султановду каттоо жөнүндө токтомду жокко чыгарды. Мындай чечим БШКнын 7-октябрда өткөн кезектеги жыйында кабыл алынды.
 
Эске сала кетсек, М.Султанов талапкерлигин өз каалоосу менен алып салгандыгын 3-октябрда расмий жарыялаган.
 
Ошондой эле, талапкерлер Темирбек Асанбековдун, Кубатбек Байболовдун жана Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү адамдарын коттоо жөнүндө токтом кабыл алынды.
 
Мындан тышкары, Чүй облустук шайлоо комиссиясынын 20-майдагы чечими жокко чыгарылды.
 
Ошондой эле, Тогуз-Торо жана Араван, Бакай-Ата районунун аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди. Баяндамачы Асель Кадыркулованын айтымында, аталган комиссиянын курамындагы айрым мүчөлөрү өз каалоосу менен иштөөдөн баш тартышкан. Алардын ордуна резервдеги адамдар киргизилди.
 
Булак: Баракелде.