Президенттик шайлоо

Кыргызстан Боршайкому президенттикке талапкер, өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев үгүт ишин эрте баштады деп эскертти.

 

Ушундай эле эскертүү дагы бир талапкер Өмүрбек Суваналиевге да жолдонду.

Атамбаевдин өкүлдөрү дооматтарды четке кагып, өкмөт башчы өз милдетин гана аткарып жатканын айтышууда. 

БШК 17-сентябрда Алмазбек Атамбаев президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөндөн бери мурункуга салыштырмалуу гезит беттерине, радиого жана телеэкранга тез-тез чыкчу болгонун тастыктады.

Айрым маектеринде коомчулук алдында чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө үгүттүн белгилери бар экени белгиленди. Айлык акыны көбөйтүү тууралуу көп кеп кылып, айрым саясатчыларды Кыргызстанды бөлүп-жарган долбоорлорго аралашып жатат деп сындаганы мыйзамга төп келбей турганын айтты.
БШК Атамбаевди кызматынан ашкере пайдаланып жатканы үчүн эскертме берди.

Атамбаевдин туруктуу өкүлү Индира Жолдубаева БШКнын расмий эскертүүсүн ала электигин “Азаттыкка” билдирди. Бирок коюлуп жаткан дооматтардын баарын четке какты:

- Интернетке чыккан мыйзам бузду деген билдирүү таптакыр чындыкка туура келбейт. Анткени ал бүгүнкү күндө каттоодон өткөн талапкер болуп эсептелет, анан ал премьер-министр катары милдетин дагы эле аткарып жатат. Ал суроолорго премьер-министр катары жооп берген. Эч кандай мыйзам бузулган эмес. Телевизордон түшпөй калды деген дооматка эч нерсе деп айта албайм, негизи буга өкмөттүн маалымат кызматы жооп бериши керек. Бул жерде деле үгүт жок. Бул өкмөттүн иши. Бүгүнкү күндө коомчулуктун назары өкмөт кандай иштеп жатканына бурулуп жатпайбы.

БШК президенттикке дагы бир талапкер Өмүрбек Суваналиевдин гезиттерге, Интернет булактарына берген маектерин иликтеп көрүп, үгүттү эрте баштап, мыйзамды бузуп жатканы үчүн эскертүү жолдоду.
 
“Прогресс” кору президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев кызматынан пайдаланып жатканын айтып, БШК бир нече жолу кайрылуу жолдогон. Кордун төрагасы Адил Турдукулов эми мындай эскертүүлөрдү маалымат каражаттары да алышы керек деген пикирде:

- Буга көптөн бери эч кандай көңүл бурулбай, эскертме да берилген эмес. Эми азыр берилип жатканы туура деп ойлойм. Бирок башка нерселерге да көңүл бурулбай жатат. БШК Атамбаевге эле эмес, азыркы телерадио компанияларга да эскертүү берсе туура болот эле.
 
Серепчи Аскарбек Мамбеталиев бийликте туруп шайлоого бараткан талапкер административдик ресурсту колдонбой койо албайт деп айтты.

Мамбеталиев премьер-министр Атамбаевге башкаларга караганда көбүрөк сөз тиет деп белгиледи:

- Казандын башында туруп, андан ооз тийбей койо албайт. Сөзсүз жок дегенде жыттайсың. Биринчиден, ал үчүн чоң кыйынчылык. Ал колдонсо да, колдонбосо да сөз тиет. Экинчи жактан, ал ушундай кызматта тургандыктан кызматынан колдонбой койо албайт. Кызматынан колдонбой коюу үчүн адам эмес, кандайдыр бир периште болушу керек. Эми ал мындай басса да, андай басса да сөзсүз сөз тиет. Бийликтин башында тургандыктан Роза Отунбаевага окшоп шайлоого барбашы керек эле. Ошондо таза, жакшы, парламенттик өлкөнү чыңдаган киши болуп калмак. Анткени премьер өйдө болот деп айтып жатпайбы. Бирок премьерликте туруп президенттикке барышы анча жакшы болбой жатат.

Бийликте туруп шайлоого катышкандарды административдик ресурс колдонду деген айыптаган учурлар буга чейин деле арбын кездешчү. Мурунку президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев кызматта туруп шайлоолого катышкан. Добуш берүү мөөнөтү белгиленип, шайлоо жакындаганда алар жалындуу убадалар менен маалымат айдыңда тез-тез пайда болуп, маалымат каражаттары мактаган-жактаган материалдарга толуп калар эле.
Азаттык

 

Бишкек – “Саясат.kg”. Бүгүн, 17-сентябрда Бишкектеги Өкмөт үйүндө КР Президенттигине талапкерлер Анарбек Калматов, Марат Иманкулов, Төрөбай Койлубаев жана Өмүрбек Эгембердиевдер мамлекеттик тил боюнча экзамен тапшырышат.

 
Талапкердин мамлекеттик тилди билүүсү мамлекеттик тилде окуй, жаза, өз оюн баяндай билүүсү менен аныкталат. Башкача айтканда, талапкер өзүнүн шайлоо алдындагы программасын 3 беттен ашпаган көлөмдө жазып, программасынын негизги жоболорун 15 мүнөттөн ашык эмес убакытта оозеки айтып берет, ошондой эле көркөм чыгармадан текстти окуу шарты каралган.
 
Жыйынтыгында тил боюнча комиссия талапкер кыргыз тилин “билет” же “билбейт” деген тыянак чыгарат.

Бишкек – “Саясат.kg”. Кыргызстанда президенттик кызматка ат салышкандардын саны кыскарып отуруп 31ге жетти.

 

Борбордук шайлоо жана референдумдарды өткөрүү комиссиясынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 16-сентябрь күнү талапкер Жантөрө Сатыбалдиев өз арызын кайтарып алган.
 
16-сентябрга карата президенттикке ат салышкандардын тизмеси - Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Суваналиев, Марат Султанов, Камчыбек Ташиев, Өмүрбек Текебаев, Жумабек Токтогазиев, Нариман Түлеев, Токтайым Үмөталиева, Өмүрбек Эгембердиев, Арстанбек Абдылдаев, Аскарбек Абышев, Калыбек Арабаев, Темирбек Асанбеков, Кубатбек Байболов, Турсунбай Бакир уулу, Салмоорбек Дыйканов, Акылбек Жапаров, Марат Иманкулов, Кубанычбек Исабеков, Анарбек Калматов, Алмазбек Каримов, Төрөбай Койлубаев, Сооронбай Дыйканов, Адахан Мадумаров, Арсланбек Малиев, Исхак Масалиев, Алмамбет Матубраимов, Шамшыбек Медетбеков, Роман Оморов, Курманбек Осмонов, Уланбек Сооданбеков.
 
БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов аймактык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык комиссиянын жыйынында шайлоого даярдык иш планга ылайык жүрүп жаткандыгын билдирген.
 

Борбордук шайлоо комиссиясы 16-сентябрдагы кезектеги жыйынында «Кыргызстанда өтүүчү референдумдун катышуучуларын, шайлоочуларды каттоонун мамлекеттик системасы жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизди.

 

БШКнын шайлоочулардын тизмеси менен иштөө боюнча бөлүмдүн башчысы Нина Давкинанын айтымында, мыйзамдарга, тактап айтканда, «КР президентин жана депутаттарды шайлоо» жана «Шайлоо комиссиялары жөнүндө» конституциялык мыйзамдарга ылайык шайлоочулардын тизмесинин формасы Тышкы иштер министрлиги менен макулдашылып бекитилет деген норма камтылган. Буга байланыштуу жобого ушундай өзгөртүү киргизилип жатат, деди ал.
 
Ошондой эле БШК мүчөлөрү шайлоочулардын тизмесинин формасын бекитип, аны Тышкы иштер министрлиги менен макулдашууга жиберди.
Баракелде

"Азаттыктын" кабарчысы маалымдаганына караганда, бүгүнтөн баштап Бишкекте Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюумунун (ЕККУ) эл аралык байкоочулар миссиясы иштей баштады.

Аталган уюмдун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) 14 эксперттен турган тобу ишке киришти. Алардан тышкары Кыргызстандагы президенттик шайлоого узак мөөнөттүү байкоо жургүзүү үчүн 28 адам эмки аптада келет. Ал эми кыска мөөнөттө иштеп кете турган байкоочулардын саны 350 адам болоору күтүлүүдө. Алар добуш берүү күнү гана жер-жерлерди кыдырып чыгышат.

ЕККУ/ДИАУБ миссиясы шайлоого чейинки кырдаал боюнча 2 баяндама жазып, добуш берүү күнүнүн эртеси алгачкы жыйынтык маалыматын берет. Ал эми шайлоодон 8 апта өткөндөн кийин эл аралык байкоочулар жыйынтык отчетун тартуулап, өз сунуштарын жана кеңештерин айтат.

Кыргызстандын президентин шайлоо 30-октябрда болот. Бүгүнкү күнгө карата мамлекет башчысы болууну каалагандардын саны 32 адам.

Азаттык
 

 

Президенттикке талапкер болуп катталууну каалаган 32 адамдын отузу 100 миң сомдук шайлоо фондун түзүштү. Калган экөө дагы эки күндүн ичинде төкпөсө, мамлекеттик тил сынагына киргизилбейт деп маалымдайт БШКнын басма сөз кызматы. Азырынча алар ким экени тууралуу ачык маалымат жок. Ушул тапта талапкер болом дегендердин кезектегилери мамлекеттик тил сынагынан өтүп жатышат

Буга чейин 30 миң кол чогулта алган жок деген себеп менен БШК 37 талапкерди жарыштан четтеткен.

 
Азаттык
 

БШКнын мурунку төрагасы Акылбек Сариев Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берди. Анын айтымында, мыйзам боюнча кол топтоо баракчасына кол тамганы ар бир шайлоочу өзү коюш керек, деп жазылган эмес. Ал эми БШК шайлоочулар өзү толтуруусу керек деген талап койду.

 

Ошондой эле, жашаган жери дегендин ордуна иштеген, же болбосо окуган жерин каттаса туура болмок, себеби кыйла дадилдүүрөк болмок,-деди А.Сариев. "Кол топтоого көпчүлүк талапкер физикалык жаткан жетише алган жок. Мисалы, кол топтоп жүргөн адам шайлоочунун аты-жөнүн жана башка маалыматын жазып, шайлоочудан колун эле алып койсо, иш биртоп ылдам бүтмөк", дейт. Ошентип ал БШКнын үстүнөн арыз жазып, сотко берди.
«Леди.kg» гезити
 

Ош, Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору Жантөрө Сатыбалдиев президенттик кызматка талапкерлигин чакыртып алды. Бул тууралуу ал 15-сентябрда АКИpressте өткөн маалымат жыйында билдирди.

 

Ж.Сатыбалдиевдин айтымында, ал мындай чечимди Кыргызстандын стабилдүүлүгү, биримдиги үчүн жана элдин атайын сунушу менен кабыл алды.
 
«Биз эки жуманын ичинде республиканын бардык аймактарында болдук. Ош, Жалал-Абад жана Нарын, Көл аймактарында талапкерлигимди алып, татыктуу адамды колдоо боюнча көп сунуштар болду. Ошондой эле, түштүктө «өзүңдүн аткарып жаткан ишиңди аягына чыкпай, качып кеткени жатасың» деген сөздөр да айтылды. Чындыгында, ал жерде бир жылда бүтө койчу эле иш эмес, дагы аткарыла турган иштер көп. Аны да эске алып, көпчүлүктүн сунушу менен шайлоого катышуудан баш тарттым», - деди Ж.Сатыбалдиев.
 
Анын айтымында, мыйзам боюнча бардык талаптарды аткаруу менен шайлоо фондун түзүп, жана 47 миң кол топтоп, 6-сентябрда БШКга өткөзгөн. «Кечээ БШК кол топтоо баракчамды мыйзамдуу деп таап, жыйынтыгын колума беришти. Менин мындай чечимим кимдир бирөөнүн пайдасына эмес, элдин биримдиги үчүн болду. Алардын татыктуу адамды тандап алуусуна мүмкүнчүлүк болуш керек», - деди ал.
 

"Азаттыка" Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашкандай, бүгүнкү күнгө карата президенттикке талапкер болуп катталуучу катары 32 адамдын аты аталууда. Алардын бардыгы 30 миң кол топтой алгандар. 32нин 10у кыргыз тил боюнча сынактан ийгиликтүү өтө алышты.

 

Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрда болот. 30 миң кол топтоп, 100 миң сомдук шайлоо фондун түзүп, мамлекеттик тил сынагынан өтө алгандар гана президенттикке талапкер катары каттоодон өтүп, тиешелүү күбөлүк алат.Үгүт иштери расмий түрдө 25-сентябрда башталат.

Азаттык
 

Президенттикке талапкер катары катталууну каалап, 100 миң сомдук шайлоо фондун түзгөндөрдүн бул акчасы баарына эле кайтарылып берилбейт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" БШКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам боюнча, шайлоого катышып, бирок шайлоочулардын жалпы санынын 5 пайызына жетпеген добуш топтосо, ал талапкердин акчасы кайтарылбайт. Шайлоого чейин эле тил комиссиясынан өтпөй калгандарга да акчасы кайтарылып берилбейт. 

Президенттик шайлоо Кыргызстанда 30-октябрда болот. Ага катышам дегендердин саны алгач 80ден ашып, кийин тил комиссиясынан өтпөй калгандар, шайлоо фондун түзө албай калгандар болуп, учурда 32-37 адам гана калды. "Так санын айтуу азыр мүмкүн эмес, себеби кол топтогон документтер текшерилип бүтө элек, мамлекеттик тил сынагынын расмий жыйынтыктары жарыялана элек", - дейт БШК өкүлдөрү.

Азаттык
 

 

Борбордук шайлоо комиссиясы 12-сентябрдагы кезектеги жыйынында президенттин кызматына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча токтом кабыл алды.
 
БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматовдун айтымында, талапкерлер Г.Ибрагимованын, З.Кудабаевдин, Н.Мотуевдин ыйгарым өкүлдөрүн бошотуу чечими кабыл алынды. Мотуевдин өз талапкерлигин чакыртып алгандыгына байланыштуу анын өкүлдөрүн бошотту.
 
Ошондой эле БШК мүчөлөрү М.Иманкуловдун өкүлдөрүн каттады.
Баракелде

 

Президенттикке талапкер болобуз деген Мамбетжунус Абылов менен Замирбек Парманкулов тил сынагынын өтпөй калышын бийликтин саясий буйругу менен байланыштырууда. Кыргызча мектепте окуп, айылда өскөм деген Мамбетжунус Абылов буга чейин бийликти сындаган макала жазгандыгы үчүн ага ушундай бут тосуулар болуп жатат деп болжосо, Замирбек Парманкулов саясий буйруктун артында кимдер тургандыгы өзүнө белгисиз экендигин, бүгүнкү тил сынагынын бүтүмү ага таптакыр түшүнүксүз болуп калгандыгын "Азатыкка" билдирди. Тил комиссиясынын бүгүнкү баасына абйланышту алар Биринчи май райондук сотуна арыз жолдошконун да кошумчалашты.

 Талапкерлерди сынактан өткөрүп жаткан тил комиссиянын мүчөсү Галина Василькова “Азаттыкка” бул талапкерлердин дооматы негизсиз экендигин, алар эл алдында актануу үчүн ушундай аракетке барып жатканын билдирди. Анын айтымында, өтпөй калган талапкерлердин бири “Кыргыз Республикасы” деген сөздү кичинекей тамга менен жазып, “жер жарылып, өсүмдүк өстү” деген түшүнүктү “жер төрөп берди” деп айтып күлкү жараткандыгын айтты. Ошондой эле программасы менен тааныштырууда эки талапкердин бири түз эле үгүткө өткөндөй түр калтырган. Галина Василькова саясий буйрук деген доомат суу кечпей тургандыгын белгиледи.

Азаттык
 

Кечээ, 8-сентябрда президенттикке талапкер Темирбек Асанбеков, Сейтек Байгуттиев, Эркин Булекбаев, Адахан Мадумаров жана Жусупжан Пиримбаев мамлекеттик тил боюнча экзамен беришти, деп маалымдады БШК басма сөз кызматы.

 

Маалыматка ылайык, тил комиссиясынын экзамен алуу боюнча биринчи жыйынына чучу кулак жолу менен Искендер Исамидинов төрагалык кылды. Эскерте кетсек, ар бир жыйында комиссия мүчөлөрү кезек менен төрагалык кылат.
 
Сынакта бардык талапкерге шайлоо алдындагы программасын жазуу түрүндө толтуруу үчүн 30 мүнөт, аны оозеки айтып берүүсүнө 15 мүнөт берилди, ошондой эле, алар 3 беттен ашык көлөмдөгү текстти көркөм окуп берүү боюнча сынактан өтүштү.
 
Натыйжада Т.Асанбеков, А.Мадумаров, Ж.Пиримбаев кыргыз тилин билет деген баа алса, Э.Булекбаев менен С.Байгуттиев билбейт деген жыйынтык чыгарылды.
Баракелде

 

Бишкек, “Саясат.kg”.  Бүгүн “Ата-Журт” парламенттик фракциясынын жыйыны болуп өтүп, анда К.Ташиев фракция башчысы кызматын тапшырды. Анын ордуна фракция башчысы болуп Садыр Жапаров шайланды.
 
Бул маселе боюнча Камчыбек Кыдыршаевичке кайрылганыбызда, эл депутаты буларга токтолду:
 
- Шайлоого бараткан соң, биз кандай кызматта болбойлу, аны тапшырып беришибиз керек. Себеп дегенде, бирибиз өйдө, бирибиз ылдыйда турганда, шайлоонун таза өтүшү мүмкүн эмес. Мен да мыйзам талап кылгандай, үгүт иши башталган убакытты күтүп олтурбастан, бул кызматты өткөрүп берүүнү чечтим. Талапкер катары катталган соң, убактылуу депутаттык ишмердүулүгүмдү да токтотом. Буга мен башка да кызматта турган талапкерлерди чакырам. Бардык талапкерлердин укугу тең болуусу абзел. Ошонун жыйынтыгында, эл да эркин тандоо укугуна ээ болот.
 
- Азыртан сизге байланыштуу абдан терс маалыматтар жайнап кетти. А сиз унчуккан жоксуз. Себеби эмнеде?
 
- Жооп бергенде эмне? Ансыз деле мунун баары каршылаштарым тарабынан куюлган жугунду экендиги дайын болуп турбайбы. Мен алардын деңгээлине түшпөйм. Башынан эле мен каршылаштарыма каршы кара пиарды колдонбой тургандыгымды билдиргем. Ушуга үндөп да келе жатам. Ошого карабастан, өтө пас иштерге барып жатышса, мен аларды Кудайга койдум.
 
- Демек, сизден жооп болбойбу?
 
- Мени билген адамдар бул сөздөрдүн бир тамгасына да ишенбейт. Кандай дебесин, эл баарына өзү тараза. Алакандай мамлекетпиз, кимдин-ким экенин кыргыз эли абдан жакшы билет. Ошондуктан, жалган ушактарга жооп берип, убакыт короткум келбейт.
 

 

 

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлер: Камчыбек Ташиев, Жантөрө Сатылбалдиев, Нариман Түлеев жана Арстанбек Абдылдаев 30 миңден кол топтоп тапшырганын маалымдады. Дагы үч талапкер бүгүн тапшырганы жатканын билдирди. 

Кыргыз мыйзамдары боюнча президенттикке талапкерлер 30 миңден кем эмес кол топтоп, күрөөгө 100 миң сом төлөп, мамлекеттик тил боюнча комиссиянын сынагынан өтүшү керек. 

Кыргызстанда президенттикти эңсегендердин саны 80ден ашкан. Айрымдары арыздарын кайтарып алышкан. Он бир кишини БШК шайлоо фондун түзбөй койгонуна байланыштуу каттабай койгон. Соңку маалыматка ылайык, азыр 67 талапкер калды.

Азаттык
 

 

Бул тууралуу БШК төрага орун басары Гүлнара Журабаева бүгүн БШК кызмткерлери үчүн өтүп жаткан тренингде билдирди. Президенттикке талапкер күрөөгө 100 миң сом коюшу керек. Ал каражат талапкердин өз чөнтөгүнөн же анын шайлоо корунун эсебинен төлөнөт.

Президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленген. Талапкерлерди көрсөтүү жараяны 16-августка чейин созулат. Азыркыга чейин президент болуу мүдөсү ачыкталган 30 талапкердин жетөөсүн саясий партиялар көрсөтсө, калган 23ү өзүн өзү көрсөткөндөр.

Азаттык
 

Бул тууралуу IFES долбоорлорунун координатору Александр Орехов бүгүн БШКда билдирди. Анын айтымында, буга чейин шайлоо участкаларына берилчү кошумча бюллетендердин саны мындан көбүрөөк болуп келген. “Бирок бул жолу шайлоочулардын кошумча тизмеси алынып салынгандыктан бюллетендердин саны азыраак болот” деп түшүндүрдү Орехов.

Бул жолу бюллетендин сырткы көрүнүшү да өзгөргөн. Адистер мындай иш-чаралар добуш берүү маалында көз бойомочулуктарга жол берилбеши үчүн көрүлүп жаткандыгын айтышууда.

Азаттык
 

БШК төрагасы интернет маалымат агенттиктери боюнча түшүндүрмө берүү өтүнүчү менен парламентке кайрылды. Мындай мазмундагы кат менен Боршайкомдун төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековго кайрылды.

 

Кат ээси жарандардын маалымат алуу укугу чектелбеси үчүн «Массалык маалымат каражаттары тууралуу» мыйзамдын 1-беренесин чечмелеп, интернеттеги маалымат агенттиктери массалык маалымат каражаттарына киреби деген суроого жооп берүүсүн төрагадан өтүнгөн.
 Баракелде