Президенттик шайлоо

Жалал-Абаддын мурдагы губернатору, Жогорку Кеңеште бомбасын «жардырбай» койгон Бектур Асанов учурда мээ сергитип, эс алып жүргөн чагы, деп жазылат «Де-факто» гезитинин 6-октябрда чыккан санында.
 
Анда белгиленгендей, учурда өзүнүн жеке иштери, бизнесин кылдыратуу менен алек. «Үй-бүлөмө көп көңүл буруп жатат», - дейт ал. Саясаттан кете элек, болгону убактылуу эмгек өргүүдө жүрөт. Парламенттик шайлоодо 14-орунду ээлеген өзүнүн партиясын кийинки шайлоого даярдап, жергиликтүү кеңештерге катышууга камданып жаткан кези.
 
«Тажрыйбасы эске алынып, кызмат сунуштаса баш тартпайт. Президенттик шайлоодо прогрессивдүү көз караштагы деп эсептелген Кубат Байболов менен Марат Иманкуловдун кимиси аягына чейин барса, ошону колдоого алаарын жашырган жок», - деп жазылат гезитте.
 
Булак: De-факто.

Президенттикке талапкер болом деп БШКга арыз берген Аскарбек Абышев кыргыз тилин билбейт деген чечим туура болгон. Бул тууралуу бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда айтылды. Тил комиссиясынын чечимине макул болбогон Абышев БШКны сотко берген.
 
Бирок райсот БШК чечимин күчүндө калтырды. Президенттикке талапкер болууну каалагандар кыргыз тил боюнча сынактан өтүшү негизги талаптардын бири болуп эсептелет. Президенттик шайлоого катышам дегендердин саны 80ден ашкан болчу. Бирок каттоодон 24ү гана өтө алышты.
 
Булак: Азаттык.

2011-жылдын 7-октябрында Борбордук Ала-Тоо аянтында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Кылым музасы» продюсерлик борбору менен биргеликте «Биз таза шайлоо үчүн!» акциясын өткөрөт.
 
Аталган акциянын программасында КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана БШКнын мүчөлөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү сз сүйлөп, ошондой эле шайлоо процессинин жаңылыктары боюнча анимациялык роликтер, оюндар көрсөтүлөт.
 
Ошондой эле, кыргыз эстрадасынын жылдыздары өз өнөрлөрүн тартуулашат.
 
Булак: Баракелде.

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов талапкер Камчыбек Ташиевдин автобуска чапталган үгүт материалдарын алдырып салды. Бул тууралуу «Ата Журт» партиясынын маалымат катчысы Нургазы Анаркулов АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

 

Анын айтымында, рекламалык материалдар «Инсайдер» жана БАТП компаниялары аркылуу жасалып, 100 автобуска чапталган. «Мэр бул компаниялардын жетекчилерине катуу тапшырма берип, алдырып коюптур. Бул материалдарды жасоого 1 млн сарпталган», - деди ал.
Ошондой эле Н.Анаркулов кошумчалагандай, Чүй облусунун Сосновка айылындагы талапкердин штабын өрттөп жиберүүгө аракеттер көрүлгөн жана штаб башчысынын үйүн өрттөп кетишкен.
«Нарын, Ысык-Көлдө шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүүдө кээ бир адамдарды катыштырбоо максатында МАИ кызматкерлери унааларды тосуп, өткөрбөй койгон учурлар болду. Ошондой эле, студенттерге «эгерде жолугушууга катышсаңар, окуудан четтетебиз», деген кысым көрсөтүүлөр болуп атат. Мындан тышкары, үгүт жүргүзүү жана рекламалык иштер боюнча адисибизди коркутуулар болуп жатат», - деп айтты ал.
Учурда бул маселе үчүн БШКга кайрылышкан, бирок алар мэрия менен чечишип алгыла деген жооп айтышкан. «Ал эми мэр эч кандай жооп берген жок. Биз укук коргоо органдарына кайрылабыз», - деп айтты ыйгарым укуктуу өкүлү Самат Бөрүбаев.
Булак: Баракелде.

 

БШК президенттикке талапкер 5 адамдын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн жана ишенимдүү адамдарын каттоо боюнча токтом кабыл алды.

 

Жыйында белгилүү болгондой, Курманбек Осмоновдун ишенимдүү адамы болуп 6 киши, Алмазбек Атамбаевге 32 адам, Камчыбек Ташиевге 100 адам, Адахан Мадумаровго 1663 адам, Кубанычбек Исаковго 16 адам катталды.
Мындан тышкары, А.Мадумаровдун БШКдагы ишенимдүү өкүлү болуп бир адам катталды жана А.Атамбаевдин бир ишенимдүү өкүлүнүн ыйгарым укуктары токтотулду.
Булак: Баракелде.

 

Президенттин кызматына талапкерлер Алмазбек Атамбаевдин, Адахан Мадумаровдун жана Анарбек Калматовдун, Өмүрбек Суваналиевдин үгүт баннерлери жана сүрөттөрү бир түндө белгисиз адамдар тарабынан алынып салынды, деп билдирди Майлуу-Суу ШИИБнин башчысы Заирбек Масиров 6-октябрда «Баракелдеге».

 

Анын айтымында, мурдагы күнү түнкүсүн бул талапкерлердин үгүт баннерлери борбордук көчөлөрдөн мыйзамсыз алынган. «Азыркы учурда 5 адамдан турган ыкчам мобилдик тобу түзүлүп, иш алып барууда. Талапкерлердин 4 чоң баннерлери, Суваналиевдин штабындагы сүрөтү алынып салыныптыр. Азыр бул боюнча материалдарды чогултуп жатабыз, эгерде күнөөлүү адамдар табылып калса, кылмыш ишин козгоп, прокуратурага беребиз. Биздин баамыбызда, бул хулиганчылык кадамдар. Тиешелүү чаралады көрүп, күнөөлүүлөрдү тапканга аракет кылабыз», - деди ал.
Ал эми «бул окуяга башка талапкерлердин адамдары тиешелүү эмеспи?» деген суроого З.Масиров мындайча жооп берди:
«Ата Журттун» балдарын чакырып сүйлөштүк, алар эч кандай мыйзам бузууларга барбайбыз деген сүйлөшүү болгондугун айтышып, андай кадамдарга барбагандыгын белгилешти», - деди ШИИБнин башчысы.
Айта кетсек, А.Атамбаевдин эки баннери эле калып, калган талапкерлердин баннерлери жулунуп кеткен.
 
Булак: Баракелде.

БШКга бир катар кысым көрсөтүүлөр болуп атат, деп билдирди төрага Туйгунаалы Абдраимов маалымат жыйында.

Анын айтымында, талапкерлигин каттоодон баш тартуу боюнча чечимине нааразы болгон талапкерлер сотко кайрылып, кайрадан каттоону талап кылышты жана Жогорку Кеңеш каттоону улантуу боюнча токтом кабыл алышты.
«Бул маселени парламентке салышып, депутаттар мага бир катар суроолорду беришти. Жыйынтыгында контролдук текшерүүнү токтотуп, каттоону улантуу тууралуу токтомун чыгарып ийишти. Талапкерлер тарабынан да депутаттар тарабынан да кысым көрсөтүүлөр болуп атат. Бирок, кандай болгон күндө да биз моюн бербейбиз жана мыйзам боюнча өз ишибизди аткара беребиз», - деди Т.Абдраимов.
Ошондой эле, ал Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежесин бир нече жолу бузган «Саясат-пресс» гезитине эскертүү бергендигин айтты.
Ал билдиргендей, талапкер А.Атамбаев менен Ө.Суваналиевдин үгүт материалы ушул гезитке жарык көргөн. Бул боюнча талапкерлерге эскертүү берилген. «Ал үчүн талапкерлерге эле эмес, материалды мыйзамсыз чыгаргандыгы үчүн ошол ММКга да эскертүү берилиш керек эле. Азырынча бул басылмага эскертүү эле бердик, дагы кайталай бере турган болсо, аккредитациядан ажыратабыз», - деп айтты БШК төрагасы.
 
Булак: Баракелде.

 

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов маалымат жыйын өткөрүп, контролдук текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу билдирди.

 

Анын айтымында, сегиз талапкер сотко кайрылган. Сот БШКнын чечимин жокко чыгарып, ага ылайык чүчүкулак аркылуу кол топтоо баракчаларын контролдук текшерүүдөн өткөрүү чечимине келишкен.
Анын жыйынтыгында Т.Колубаев, А.Айтикеев, Т.Бакир уулу, Н.Түлеевдин талапкерлиги катталып, Т.Үмөталиеванын, К.Арабаевдин, У.Сооданбековдун жана С.Дыйкановдун талапкерлигин каттоодон баш тартты.
«Биз текшерүүнү чүчүкулак аркылуу жүргүздүк. Жакшы папкалар, б.а кол тамгалар туура толтурулган баракчалар туш келип калган талапкер болду. Талапка ылайык, 30 миң кол чыккандыктан аталган талапкерлерди каттадык. Ал эми дагы деле жакшы жыйынтык чыкпай, начар толтурулган 4 талапкер өткөн», - деди төрага.
Анын айтымында, негизги каталар даректер толук толтурулбагандан болгон. «Дагы деле өтпөй калган талапкерлер сотко кайрылып атышат. Бирок, биз мыйзам чегинде гана иш жүргүзүүгө укуктуубуз», - деди ал.
«Жаңылары 11 күнгө кечигип калдык деп атышат. Бирок, теңчилик бирдей болбой калган күнү да шарт бирдей берилиши керек. Бул башка маселе, шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мүмкүн эмес», - деп кошумчалады.
 
Булак: Баракелде.

Боршайком Салмоорбек Дыйкановду, Токтайым Үмөталиеваны, Калыбек Арабаевди жана Уланбек Сооданбековду президенттикке талапкер кылып каттоодон баш тартты. Бул тууралуу чечим БШКнын бүгүнкү отурумунда кабыл алынды.

 

Алар өзүлөрү боюнча тиешелүү сандагы анык кол топтой албай калганы айтылды. Шайлоо 30-октябрда болот. Катталган талапкерлердин саны 24.
Булак: Азаттык.

 

Борбордук шайлоо комиссиясы өз иш-аракетин мыйзамдуулуктун чегинде аткарып жатат, деп маалымдайт БШК өз билдирүүсүндө. Анда айтылгандай, башка мамлекеттик органдар дагы, анын ичинде Жогорку Кеңеш өз иш-аракетин мыйзамдуулуктун чегинде алып барышы керек.
 
КР Конституциясынын 62-беренесине ылайык, КР президенти болуп, мамлекеттик тилди билген жаран шайлана алат, президенттикке талапкер болуп, шайлоочулардын 30 миңден кем эмес колтамгаларын топтогон адам каттала алат.
 
БШК А.Айтикеев, У.Сооданбеков, А.Абышев, К.Арабаев, С.Дыйканов, Т.Үмөталиева, Н.Түлеев, Т.Бакир уулу, Т.Колубаевди каттоодон баш тартты, анткени алар туура келген керектүү сандагы колтамгаларды тапшыра алышкан жок. Аталган жарандар Биринчи май райондук сотко кайрылышты жана сот БШКнын иш-аракетин туура эмес деп эсептеп, жокко чыгарган. БШК бул чечимди мыйзамсыз деп эсептеп, Жогорку сотко арыз жолдогон. Тилекке каршы, Жогорку сот Биринчи май райсотунун чечимин күчүндө калтырды. Аталган талапкерлер соттордун чечимдерин туура эмес түшүнүшүп, каалаган нерсесин чын деп Конституциянын жана мыйзамдын талаптарын көз жамдымда калтырып, коомчулук жана ЖК депутаттарын адаштырып, БШКны түрдүү митингдер жана кылмыш иштерин козгоо менен коркутуп, Комиссияны мыйзамды бузуп, аларды президенттикке талапкер кылып каттоого мажбурлап жатышат.
 
Муну менен катар алар БШКны соттордун чечимдерин аткарбай жатат деп айыптап жатышат. Буга байланыштуу БШК Биринчи май райсотуна кайрылды жана сот чечимин түшүндүрүп берүүнү өтүндү. 2-октябрда сот түшүнүрдү: БШКнын токтомдору туура эмес деп табылып, жокко чыгарылды. Болду. Ал эми бул чечимдер БШКны кандайдыр бир иш-аракеттерди жүргүзүүгө милдеттендирбейт. Биринчи май райсотунун токтомуна ылайык, БШК өз иш-аракетин мыйзамдарга ылайык жүргүзүшү керек.
 
Жогорудагыларды эске алуу менен БШК мамлекеттик органдарды, анын ичинде ЖК депутаттарын шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишпей-киришпей турууга чакырат.
 
Бардык демократиялык өлкөлөрдө бир негизги эреже сакталат: саясий күрөш мыйзамдуулуктун чегинде цивилдүү формада, каршылаштардын укуктарын урматтоо менен өтүшү керек.
 
Акыры шайлоочулар гана Кыргызстандын башчысы ким болоорун чечишет, деп жазылган БШКнын билдирүүсүндө.
 
Булак: Баракелде.

Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйынында президенттикке талапкер 4 адамды каттоо боюнча токтом кабыл алынды.
 
Талапкерлер Төрөбай Колубаев, Турсунбай Бакир уулу, Нариман Түлеев жана Акбараалы Айтикеевдин талапкерлиги катталып, күбөлүк тапшырылды.
 Ошондой эле, Токтайым Үмөталиеванын, Калыбек Арабаевдин, Улан Сооданбековдун талапкерлигин каттоодон баш тартуу токтому кабыл алынды.
 
Булак: Баракелде.

Кыргызстан президенттик шайлоону ачык өткөрүү жагынан Борбор Азия мамлекеттери үчүн үлгү болушу керек. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте журналисттер менен жолугушууда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун баш катчысы Ламберто Заньер билдирди.
 
Ал кыргызстандыктарды шайлоого катышып, өлкөдөгү демократиянын мындан аркы өнүгүүсүнө салым кошууга үндөдү. Заньер алдыдагы президенттик шайлоонун жакшы өтүшү өлкөдөгү тынчтыктын жана коомдогу ишенүүчүлүк мамилелердин калыптанышына да зор өбөлгө болоорун айтты. Президенттик шайлоо 30-октябрда болот. Өлкө башчысынын кызматы үчүн ат салышып жаткандардын саны 19 адам.
 
Булак: Азаттык.

Топтолгон колдордун эсептелиши аяктай элек, учурда соңку салыштырып-ирээттөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди. Ал эми БШКнын маалымат кызматынан билдиришкендей, 6 октябрьда саат 10до БШК жыйыны болуп, текшерүүнүн жыйынтыгы расмий жарыяланат.
 
Үч күндөн бери Боршайком президент болом деген 8 адамдын чогултуп келген колдорун кайра эсептеп жатат. Эгер 30 миңден кем эмес кол топтоду деген чечим чыгарылса, ал адам талапкер болуп катталат жана шайлоого катышуу укугун алат. Буга чейин ал 8 адамдын топтогон анык колдорун БШК 30 миңге жетпейт деп чечимин чыгарган.
 
Булак: Азаттык.

Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин "Азаттыкка" маалымдашынча, Токтайым Үмөталиеванын БШК боюнча берген доо арызын бүгүн Бишкектеги Биринчи Май райондук соту канааттандырган жок. Талапкер болуп катталам деп БШКга кайрылган Үмөталиева кол топтоо боюнча документтердин кайрадан текшерилиши мыйзамсыз деп сотко кайрылган болчу.

 
Үмөталиева жана дагы 7 адам тил сынагынан өтүп, шайлоо күрөөсүн койгондор. Бирок 30 миңден кем эмес анык кол топтолушу керек деген шарт боюнча БШК менен чырлашуусу али күнчө аяктай элек. Шайлоого катышуу үчүн үгүт кампаниясынын 11 күнү өтүп кетти. Шайлоо 30-октябрда болот. БШК топтолгон колдорду текшерүүсүн дагы эле улантууда. Комиссия өз ишин мыйзам чегинде аткарып жатканын айтууда.
Булак: Азаттык.

 

Элге пайда бере турган шартта бийлик менен макулдашууга барабыз. Мындай оюн президенттикке талапкер Кубанычбек Исабеков бүгүн журналисттер менен жолукканда билдирди.

 

 Анын айтымында, бийликтегилер БШКнын каттоосунан өткөн талапкерлерге шайлоого катышуудан баш тарткандыгы үчүн өкмөттөн кызмат орундарын сунуштап жатышат.
“Мага дагы министрлик кызматты беребиз дешти. Бирок мен мамлекетти кыйын кырдаалдан чыгаруу максатында президенттик шайлоого катышып жатам”,-деди К. Исабеков.
Белгилей кетсек, аталган талапкер бүгүн Марат Иманкулов, Алмамбет Матубраимов, Роман Оморов, Алмазбек Каримов, Султанов Марат, Курманбек Осмоновдор менен бирге, бийлик административдик ресурстарды колдонуп жаткандыгын жар салган билдирүүгө кол койгон эле.
 Ошол эле учурда Кубанычбек Исабеков эгерде бийлик аталган саясатчылардын ичинен бирөө-жарымына кызматташууну сунуштаса, мындай сунушту алар чогуу карап, талдап көрөөрүн айтып, элге, өлкөгө пайда алып келе турган сунуштан баш тартпай тургандыгын кошумчалады.
 

Президенттикке талапкелердин айрымдары бийликти административдик ресурстарды колдонуп жаткандыгына айыптоодо. Бул тууралуу талапкерлердин бирөөсү Кубанычбек Исабеков журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

 

 “Азыртадан эле мамлекеттик мекеме-уюмдардын кызматкерлерин “белгилүү талапкерге добуш саласың” деп кыйнап жатышат. Минтип элдин кыжырына тие беришсе, нааразычылык күчөп, үчүнчү төңкөрүшкө алып келет”,-деди ал.
К. Исабековдун айтымында, шайлоо өнөктүгү башынан эле кыйшык жолго түшкөндүктөн, бийликтин иш-аракетине нааразы болгон 7 талапкер алдыдагы президенттик шайлоодо бийлик тарабынан административдик ресурстардын колдонулушуна каршы билдирүүгө кол коюшту. Мындай билдирүүнү жасагандардын арасында Марат Иманкулов, Кубанычбек Исабеков, Алмамбет Матубраимов, Роман Оморов, Алмазбек Каримов, Марат Султанов, Курманбек Осмонов бар.
 
Булак: Кабар.

 

 

2-октябрдан бери Токмокто, Кантта, Балыкчыда жана Нарында президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун шайлоо баннерлери өрттөлүп, айрылган фактылар катталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Мадумаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Бекибай Мамытов билдирди.
 
 Боршайком бул боюнча арыз келип түшкөнүн, аны жумушчу топ карап чыккандан кийин милицияга жана прокуратурага маалымат берилээрин "Азаттыкка" маалымдашты. "Биз андай ишке баргандарды издеп кармоого укугубуз жок. Муну тиешелүү органдар териштиришет" деди БШК мүчөсү Нурмамат Ашымов.
 
 Адахан Мадумаровду президенттикке талапкер кылып "Бүтүн Кыргызстан" партиясы көрсөткөн.
 
Булак: Азаттык.

 

 

Адахан Мадумаровдун үгүт баракчаларынын жана жарнамаларынын тытып ыргытылып алынып салынышы- провокациялык кадамдар, деп билдиришет бул талапкердин штабынан. Бул тууралуу kginfo.org сайты жазат.

 

Алардын айтымында, Чүй жана Нарын областтарынын бир катар райондорунда жакынкы күндөрү Мадумаровдун үгүт жарнамаларына сыр төгүлүп, үгүт баракчалары тытылган. Мындай көрүнүштөр Токмок, Нарын жана Кант шаарларында дагы болгон. Ал эми Сокулукта «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын штабы күйгөн.

 

Булак: Баракелде.

 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ишине нааразы болгон президенттикке талапкерлер койгон талаптар аткарылбаса, бүрсүгүнү, 6-октябрда, Ак үйдүн алдына митингге чыгышат. Мындай маалыматты “Кабар” агенттигине ЖК депутаты, КР президенттигине талапкер Турсунбай Бакир уулу билдирди.
 
 “БШК демократияга, мамлекеттин келечегине коркунуч жаратууда. Убагында Курманбек Бакиевди бийликке алып келген Туйгунаалы Абдраимов көнгөн адатынча мыйзамсыз жолдор менен шайлоону өткөргөнү жатат”,-деди депутат.
 
 Анын айтымында, президенттик жарышка катышуучу талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк берүү, шайлоону мыйзамдын чегинде өткөрүү талабы менен президент Р. Отунбаевага жана төрага А. Келдибековго кайрылган.
 
 Т. Бакир уулу бүгүн-эртең БШК тараптан оң жооп болбосо, ар кандай шылтоолор менен катталбай жаткан 7 талапкердин жактоочулары 6-октябрда Ак үй алдына чоң митингге чыгууга даяр тургандыгын айтып, бул митингге аймактардан адамдар катышпай тургандыгын кошумчалады.
 
 Эскерте кетсек, ушул тапта БШКнын алдында “ЭрК” партиясынын 100гө жакын өкүлү алдыдагы президенттик шайлоодо партиянын атынан катышканы жаткан талапкер Т . Бакир уулун каттоо талабы менен митингге чыккан.
 
Булак: Кабар.

Бишкек, «Саясат kg». Бул тууралуу КР Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов 3-октябрда өлкө президентин шайлоо учурунда коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу боюнча күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен болгон жолугушууда айтты. Ө. Бабанов ушул айдын соңунда мамлекетибизде маанилүү саясый окуя күтүлүп жаткандыгын белгиледи. Мындай маалыматты КР Өкмөтүнүн маалымат саясаты бөлүмүнөн билдиришти.

 
«Биздеги өлкө президентин шайлоону өткөрүүгө бүтүндөй дүйнөлүк коомчулуктун көңүлү бурулууда. Андыктан баарыбызга жогорку уюштуруучулук деңгээлдеги таза, ачык жана демократиялуу шайлоону өткөрүү тапшырмасы жүктөлгөн. Биз шайлоо мезгилинде коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылышыбыз керек. Бул милдетти аткаруу үчүн күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн координациялоочу ыкчам штаб түзүлөт», - деди ал.
 
Жыйындын жүрүшүндө ички иштер министри Зарылбек Рысалиев катышуучуларга бул багыттагы жүргүзүлүп жаткан иш чаралар тууралуу маалымат берди. Ал шайлоо алдындагы үгүт компаниясында айрым жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлердин кадыр-баркына доо келтирген маалыматтарды атайлап жарыялап жатышкандыгын билдирди. Ошондой эле терс маанайдагы маалымат интернет жана телевидение аркылуу негизсиз жана далилсиз эле таратылып жаткандыгын кошумчалады. ИИМ жетекчиси маалыматтык күрөштөгү кылмыш-укуктук жана криминалдык абалга баа берүү жок экендигин кошумчалады. Бирөөнү каралаган маалымат, манупиляция, жеке оюн таңуулоо өңдүү көрүнүштөргө юридикалык баа берүүнүн жоктугу укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүндө кошумча кыйынчылыктарды жаратарын белгиледи ал.
 
“Анткен менен бизде калыс жана ачык-айкын шайлоо өткөрүү үчүн коопсуздукту жана тартипти камсыз кылууга күч жана каражат жетишет”, - деди министр.
Жыйындын катышуучуларына Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, өзгөчө кырдаалдар министри министр Болотбек Борбиев маалымат беришти.
Ө. Бабанов жыйналыштын соңунда катышуучулардын көңүлүн дагы бир ирет бул шайлоо-мамлекетибиздин турмушунда өтө маанилүү окуя экендигине жана өнөктүк учурунда коомдук коопсуздук менен тартипти камсыз кылууга бурду. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу юстиция министрлигине терс маанайдагы маалыматтык-психологиялык материалдарга юридикалык баа берүү үчүн мыйзам долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.
 
Талкуунун жыйынтыгында президенттик шайлоо учурунда коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн ыкчам аракеттенүүчү штаб түзүү чечими кабыл алынды.