Президенттик шайлоо

 

БШКнын мүчөсү Нурмамат Ашимов 4-октябрда журналисттерге билдиргендей, учурда БШКда Турсунбай Бакир уулу менен А.Айтикевдин кол топтоо баракчаларын текшерип жатат.
 
Анын айтымында, кечээ, 3-октябрда Т.Үмөталиеванын, Н.Түлеевдин, У.Соодонбековдун, Т.Кулубаевдин, К.Арабаевдин жана С.Дыйкановдун кол топтоо баракчалары текшерилген. Ал эми жыйынтыктары бүгүнкү текшерилген талапкерлердин кол топтоо баракчалары менен чогуу айтылат.
 
Булак: Баракелде.

 

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы атайын билдирүү таркатып, анда бардык мамлекеттик органдарды жана депутаттарды комиссиянын ички ишине кийлигишпөөгө чакырды. Билдирүүдө айтылгандай, БШКнын башкы принциби көз каранды эместик болуп саналат. Шайлоо мыйзамына ылайык, бул органдын ишине кийлигишип, басым жасагандар жоопко тартылат.
 
 Билдирүүдө, президенттикке талапкерлигин коюп, БШК каттоодон баш тарткан депутаттар шайлоо маселесин Жогорку Кеңешке көтөрүп чыгуу менен мыйзамды бузуп жатканы айтылган. Ошондой эле БШК мыйзам чегинде иштеп жатканы, Биринчи май райондук сотунда жана Жогорку Сотто утуп чыккандар соттун чечимин калкка туура эмес түшүндүрүп жатканы белгиленген.
 
 25-сентябрга чейин БШК 30 миң адамдын анык колун топтой алган жок деген негизде тогуз адамды талапкер кылып каттоодон баш тарткан. Тогуз адам сотко кайрылып, биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор алардын пайдасына чечим чыгарган. 30-сентябрда талаштуу жагдайды Жогорку Кеңеш да талкуулап, 9 адамдын шайлоого катышуу укугун калыбына келтирүү боюнча Боршайкомго тапшырма берген.
 
 Мындан улам БШК өткөн жекшембиде айрым талапкерлер үчүн тил сынагын өткөрүүгө мажбур болгон. Кечээ Боршайком соттон уткандарды каттоодон мурда алардын кол топтоо баракчаларын үч күндүн ичинде кайрадан текшерип чыгарын кабарлады. Бул жагдайды сотто утуп чыккандар сынган алып, БШКга нааразы болуп жатышат.
 
Булак: Азаттык.

Россиядагы Кыргызстандын 500 000 жараны президенттик шайлоого катыша албайт. Бул тууралуу бүгүн тышкы иштер министринин статс-катчысы Асеин Исаев журналисттерге билдирди.
 
 “Жыл мезгилине жараша Кыргызстандан Россияга иштөө үчүн кеткен адамдардын саны өзгөрүп турат. Кээде алардын саны 700 миңге чейин жетет. Акыркы маалымат боюнча, Россияда жашап, иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын 25 миңи гана элчиликте каттоого турган”,-деди статс-катчы.
 
 Анын айтымында, мурдагы шайлоолордо көчмө шайлоо участоктору уюштурулуп, мөөнөтүнөн мурда шайлоого уруксат берилип келсе, бул жолкусунда андай мүмкүнчүлүктөр дагы жоюлуп калды.
 
 Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 30-октябрында өтө турган ппрезиденттик шайлоодо дүйнөнүн 23 өлкөсүндө жашаган кыргызстандыктар үчүн 29 добуш берүү участоктору ачылган.
 
 Ал эми Россияда жашаган кыргызстандыктар Москвадагы элчиликте, Екатеринбургдагы консулчулукта жана Новосибирскидеги өкүлчүлүктө добуш бере алышат.
 
Булак: Кабар.
 

Акылбек Жапаровдун президенттикке талапкерлигинен баш тартпай турагандыгы маалым болду, деп билдирди «Баракелдеге» Жогорку Кеңештеги өздүк булактар.
 
Айта кетсек, «Кабар» агенттиги  депутат Акылбек Жапаров президенттикке болгон талапкерлигинен баш тартат деп кабарлаган.
 
Өздүк булактардын айтымында, бул маалымат жалган жана ан төгүндөөгө Акылбек Жапаровдун жардамчылары кайрылуу даярдап жатышат.
 
Булак: Баракелде.

Соттор Боршайкомдун ишине кийлигише албайт жана анын кадамдары боюнча түшүндүрмө берүүгө укугу жок. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Соттор БШК чыгарган чечимдердин мыйзамдуулугун гана аыктай алышат.

 
 Кол топтоо маселеси боюнча БШК менен чырлашып жаткан 8 адам президенттикке талапкер болуп каттала албай жатышат. Жогорку Сот бул маселеге байланыштуу түшүндүрмө бериши керек деп айтылган. Мурдараак Жогорку Сот анык кол топтой алган жок деп маарадан четтетилгендер боюнча БШКнын чечими туура эмес болгон деген болчу.
 
Булак: Азаттык.

БШКдагы башаламан оюндарды 2-3 таасирдүү күчтөр уюштуруп атат, деп билдирди президенттикке талапкер Токтайым Үмөталиева 3-октябрда АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйында.

Анын айтымында, президенттик шайлоону өткөрбөй коюунун максатын көздөп, БШК мүчөлөрүн колдонуп жаткан 2-3 күч болуп жатат. Алар: батыштын күчтөрү, президенттин өкүлдөрү жана «Ата Мекен» партиясы.
«Президент менен «Ата Мекен» партиясынын өкүлдөрү шайлоону өткөрбөй коюунун аракетин көрүп атат. Эгерде шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып калса, аларга шарт түзүлүп калат», - деди ал.
Анын айтымында, шайлоо өтпөй калса, президент кетип, ордуна спикер келет. «Азыр коалиция ичинде да ыр-чыр болуп, бир калыпта болбой калды. Спикерге президент мүмкүнчүлүк бере албай калса, анда коалиция ыдырайт дагы, бийликке башкаруучу оппозициянын өкүлдөрү келет. Конституцияда ошондой жазылган. Азыр оппозициядан таасирдүүрөгү эле Өмүрбек Текебаев. Анын кызыкчылыгы мына ушунда болуп атат», - дейт Т.Үмөталиева.
«Мына ушул күчтөр бизди жарга такап, БШКны колдонуп, ар кандай саясий оюндарды уюштуруп жатышат», - деп кошумчалады Т.Үмөталиева.
Булак: Баракелде.

 

Өлкөдө шайлоону болтурбоого кызыкдар саясый күчтөр жок. Болгону, талапкерлер ортосундагы атаандаштык гана бар. Мындай оюн президент Роза Отунбаева "Биринчи радиого" берген интервьюсунда билдирди. Президенттин айтымында, шайлоонун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бир катар жыйындар өткөрүлдү.

 

Аларга күч түзүмдөрүнүн, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүдөрү катышышты. Роза Отунбаева былтыр кыйла татаал шартта референдум да, парламенттик шайлоо да өткөнүн эскертти.

 

 Учурда БШК менен талапкер болуп каттала албай жаткандардын ортосундагы чырлашууну президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратууга кызыкдар күчтөрдүн аракети катары баалаган ойлор айтылууда. Шайлоо 30-октябрга белгиленген.
Булак: Азаттык.

 

Депутат Акылбек Жапаров президенттикке болгон талапкерлигинен баш тартат, деп маалымдайт «Кабар» агенттиги.

 

Анда айтылгандай, бул тууралуу агенттиктин кабарчысына депутатка жакын өздүк булактар билдирди. Бирок А.Жапаров кимди колдой тургандыгы азырынча белгисиз жана кеңири маалыматты А.Жапаров эртең маалымат жыйынында айтат.
Булак: «Кабар» маалымат агенттиги.

Топтолгон колдорду кайрадан текшерип чыгуу тууралуу БШКнын бүгүнкү чечими мыйзамсыз. Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттикке талапкер болуп катталам деп БШКга арыз менен кайрылган Токтайым Үмөталиева билдирди. Бул оюн ал бүгүн бере турган пресс-конференцияда да ачыктамакчы.

 

 Токтайым Үмөталиеваны жана дагы сегиз адамды 30 миң кол топтой алган жок деген негизде БШК тил сынагына киргизбей койгон. Бирок Жогорку Сот БШКнын анткенге далили жок болчу деп чечим чыгарган. Кийинчерээк Жогорку Кеңеш да ушундай эле мазмунда токтом кабыл алган. Жыйынтыгында сегизи тил сынагынан ийигиликтүү өтүп, бирөө өтө албай калган. Аталган адамдардын баары 100 миң сомдук күрөөсүн тапшыргандар.
 Мыйзам боюнча 100 миң сом тапшырып, 30 миңден кем эмес кол топтоп, тил сынагынан өткөндөр талапкер болуп катталууга тийиш.
 Бүгүн БШК жогоруда аталган сегиз адамдын топтоп келген колдорун кайра текшере баштады.
 Шайлоо 30-октябрда болот. Үгүт иштеринин башталганына бир жумадан ашты. Расмий катталгандардын саны 20 талапкер.
 
Булак: Азаттык.

 

Марат Султанов президенттикке талапкерлердин арасынан 7-8 адам менен сүйлөшүүлөр болгондугун жана бирдиктүү талапкерди колдоо боюнча сунуштар айтылгандыгын ачыктады. Бул маалыматты ал 3-октябрда маалымат жыйынында билдирди.
 
«Эң негизги 7-8 талапкерлердин ортосунда сүйлөшүү болгон. Кыргызстандын биримдиги үчүн кандайдыр бир талапкердин тегерегинде чогулуп, аны алдыдагы шайлоодо сүрөп колдоо сунушу болгон. Аны регионалдык, тууганчылык принциби боюнча эмес, бирдиктүү көз караштары дал келүү боюнча колдоо болгон. Бирок, бул сунушту колдоого талапкерлер макул болбой коюшту», - деди Султанов.
 
Булак: Баракелде.

КР Президенттигине талапкер Марат Султанов өз талапкерлигин Нариман Түлеевдин пайдасына алып салды. Бул тууралуу экс-талапкер М. Султанов Бишкекте уюштурган басма сөз жыйынында билдирди.
 
 “Президенттикке бара турган И. Масалиев, Исабеков, Оморов, А. Матубраимов, М. Иманкулов,Ө. Суваналиев болуп үчүнчү күч катары биригип, бир талапкерди көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк.
Биринчилерден болуп мен өз талапкерлигимди Түлеевдин пайдасына алып салууну чечтим. Биз жердештик, туугандык принцип боюнча эмес, мамлекеттин келечегин куруу боюнча бирдей принциптерди көздөгөндүгүбүз үчүн бириктик”, - деп айтты М. Султанов.
 
 Ал Түлеев саясатчы катары гана эмес, өзүн жакшы менеджер катары дагы шаар жетекчиси, “Кыргызтемиржол” ишканасында иштеп жүргөндө далилдегендигин кошумчалады.
 
Булак: Кабар.

БШК өз жыйынында президенттикке талапкерлер К.Арабаев, Т.Колубаев, У.Сооданбеков, Т.Бакир уулу, Н.Түлеев, Т.Үмөталиева жана А.Айтикеевдин кол топтоо баракчаларын кайрадан контролдук текшерүүдөн өткөрүү маселесин карады. Бул тууралуу жыйындан «Баракелденин» кабарчысы билдирди.
 
Жыйында БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов кол топтоо баракчалары чүчүкулак аркылуу талапкерлердин көзүнчө тандалып алынып текшериле тургандыгын жана кол тамгалар тактоого алынмайын, талапкерлер катталбай турганын билдирди.
 
Мындай билдирүүгө талапкерлер өз каршылыгын билдиришти. Ал эми Т.Үмөталиева кол тамгаларды кайрадан текшерүүнү «популизм» деп атады. Башка бир катар талапкерлер протоколдор фальсификациялык жол менен жасалгандыгын жана аларда бир топ орфографиялык каталар орун алгандыгын белгилешти. Мисалы, «Сооданбеков» дегендин ордуна «Мооданбеков» деп жазылган. Мындан улам, эки тараптын ортосунда талаш-тартыш, кайым айтышуулар болуп кетти.
 
Кол тамгаларды текшерүүгө каршы болгон талапкерлер жыйындан чыгып кетишти. «Өз алдыбызча конференция берип, БШКнын мындай иштерин коомчулукка ачык жарыялайбыз», - дешти алар.
 
Учурда БШКда чүчүкулак аркылуу кол тамгалар басылган папкалар тандала баштады.
Булак: Баракелде.

Президенттикке талапкер болуу үчүн арыз берген Акбаралы Айтикеев, Токтайым Үмөталиева, Уланбек Cооданбеков, Калыбек Арабаев жана Нариман Түлеев бүгүн тил сынагынан ийгиликтүү өттү. Мамлекеттик тил комисссиясы Аскарбек Абышев “кыргыз тилин билбейт” деген чечим чыгарды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы маалымат таратты.
 
 Сынак эрежеси боюнча президент болгусу келгендер үч тапшырма аткарат: жарым саат ичи шайлоо программасын кыргыз тилинде жазып, андан соң ал тууралуу оозеки айтып берет жана көркөм окуу боюнча тескөөдөн өтөт.
 
 Президент болууну каалаган бул адамдарды алгач БШК жарыштан четтеткен эле. Бирок аларга байланыштуу БШК токтомун сот жокко чыгарган соң, тил комиссиясы сынак алуу мөөнөтү бүткөнүнө карабай кайра чогулду.
 
 БШК 30-октябрга белгиленген президенттик шайлоого буга чейин 20 адамды талапкер катары каттаган.
 
Булак: Азаттык.

 

Президенттикке талапкер Ө.Суваналиевдин шайлоо штабы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү боюнча мыйзамдардын талаптарын бузган деген БШКнын талапкерге берген эскертүүсү боюнча 19-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна даттанган.
 
БШК басма сөз кызматы билдиргендей, сот талапкер Ө.Суваналиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Турдалиеванын доо-арызын канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алган жана жогоруда көрсөтүлгөн эскертүүнү жараксыз деп таап, БШКга Ө.Суваналиевдин мыйзамдарды бузбагандыгы жөнүндө 22-сентябрда саат 18.00гө чейинки мөөнөттө БШКнын расмий сайтына расмий түрдө жокко чыгарууга милдеттендирген.
 
БШК 25-сентябрда Жогорку сотко көзөмөлдөө даттануусун жиберди.
 
Булак: Баракелде.

 

Бишкек, "Саясат.kg". Президентикке талапкер Камчыбек Ташиев кечээ, 1-октябрда Ысык-Көл облусунда болгон жолугушууга чейин Ак-Суу районундагы Кыдыр акенин күмбөзүнө барып куран окутуп, бата түшүрдү. Айылдын аксакалдарынын батасын алып, караколдуктар менен кездешти. Жолугушууда талапкер “Кыргызстанды өнүктүрүүнүн 7 кадамы”,- деп аталган өзүнүн шайлоо алдындагы программасын шайлоочуларга тааныштырып, суроолорго жооп узатты.

 
Шайлоочулар талапкердин түндүк-түштүккө караманча каршы чыгып, элди бириктирүүгө жан үрөп келген сапаты үчүн колдой тургандыгын айтышты. Өз кезегинде Камчыбек Ташиев эгер эл колдоп, шайлоодон жеңип чыкса, президенттик бийликти элге иштетээрин айтты.
 
Жолугушууга катышкан карылардын да, жаштардын да айтымдарында, бардык эле талапкерлер жакшы ойлору менен келип жатышат, бирок алардан айырмаланып, Камчыбек Ташиевди “кыргыздын намысы дегенде ичкен ашын койгон мекенчил” катары таанышкандыгын белгилешти. 
 
Кийинки жолугушуу Түп районунда улантылды. Талапкердин Кыргызстан элинин биримдиги, ынтымагы, бийликтеги кемчилдиктер, келечек багыт туурасындагы жүрөк түпкүрүнөн чыккан сөздөрү түптүктөрдүн жан-сөөгүн агарткандай болду. Аксакалдар бийликте отуруп, мамлекетти мите курттай жегендерден тазалоо керектигин белгилешти. “Канча жылдан бери укпаган акыйкат сөздү мына бүгүн сиздин оозуңуздан угуп олтурабыз. Программаңыздын реалдуу экенин байкадык. Биз сизди колдойбуз, аламан жарышта жеңип чыгышыңызды тилейбиз”,- дешти түптүктөр.
 

 

 

 

 

 

 

 

“Чындык чыркырап турган жерде, акыйкаттык бут алдыда тебеленип турса, мамлекеттин эртеңи коркунучка кабылса, мен эч качан четте карап тура албайм. Акыйкаттык үчүн акырына чейин күрөшөм”, - деген оюн президенттикке №1 – талапкер Камчыбек Ташиев Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургундары менен болгон 1-октябрдагы жолугушууда билдирди. Жолугушууга келген элди талапкер өзүнүн программасы менен тааныштырды.
 
 Өлкөбүздөгү көйгөйлүү маселе болгон социалдык маселелер боюнча суроолор узатылды. Бул аймактагы жолугушууга атайын Аксы районунан да келген жарандар катышты. Шаардын аксакал тургуну медициналык тейлөөнүн абдан начар болуп бараткандыгын, акчаң жок болсо, сокур ичеги болуп келсең да дарыгерлер тарабынан көңүл бурулбай жаткандыгын айтып, президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев бул жаатта кандай чараларды көрө тургандыгын сурады. Талапкер жооп иретинде өзүнүн президенттик кызматка киришердеги 7 кадамынын ичинде дал ушул медициналык көйгөйлөр да бар экендигин билдирди. Жараткандын колдоосу менен жеңиш колго тийе турган болсо, медициналык тейлөө өлкөбүздүн бардык жарандары үчүн бекер боло тургандыгын айтып өттү.   

 

30-сентябрь күнү саат 16:00 до Жети-Өгүз районунун борборунда талапкер К. Ташиев менен жергиликтүү тургундардын жолугушуусу болду. Эгемендүүлүк колубузга тийгенден бери бийлик башына келгендер элдин мүлкүн өз үй-бүлөсү үчүн гана пайдаланып, аны менен бирге кен-байлыктарыбызды чет мамлекеттердин кызыкчылыгы үчүн көбүрөөк иштетип жаткандары карапайым элдин да тынчын алып жаткандыгы бул жолугушууда байкалды.
 
Эл арасынан “Кумтөр” компаниясы тууралуу суроо узатылып, ага жооп иретинде К. Ташиев кен байлыктарды пайдалануу боюнча бизде чоў калпыстыктар кетип жаткандыгын белгиледи. Өткөн жылы эле Кумтөр кенинен 17,5 тонна алтын өндүрүлүп, анын баасы 700 млн. доллар болгон. Бул каражаттын 200 миллиону чыгымдарга кеткен. Түшкөн пайдасы жарым млрд. доллар болсо, биздин мамлекетке тие турган өлчөмү 160-170 млн. доллар болушу керек эле. Ал эми биздин өкмөт болгону 4 млн. доллар гана акча алган. Пайдасынан түшкөн акчанын бир пайызын да ала алган эмеспиз. Ошондуктан азыр мамлекетке түшө турган пайданы 30 млн. долларга жеткирүүгө далалат кылып жатабыз.
 
“Эгерде мыйзам боюнча пайданын 33 пайызын бербей турган болушса, бизге андай инвесторлордун кереги жок. Сарамжалдуу иштете албасак, биз кендерге тийбешибиз керек. Ал кендерди элге пайдасы тие турган учур келгенде бизден кийин келе турган муундар иштетет. Бир пайыздык пайда үчүн кендерди башкаларга карматпайлы. Биздин кендер менен башка өлкөлөр байып жатышат. Байлыктын ээси болгон кыргыз эли бүгүн жарды болуп отурат” –деди Камчыбек Ташиев. Жети-Өгүздүк мекендештерибиз да эл камы үчүн күйүп-жанган Камчыбектей уулу бар экендиги менен сыймыктанышаарын жана алдыдагы шайлоодо жаркын келечек үчүн добуш беришерин айтышып, ак бата менен узатышты.

 

Белгилүү казак журналисти жана абройлуу «Деловая неделя» экономикалык жумалыгынын башкы редактору биздин өлкөдөгү саясий процесстерге сырттан көз жүгүртүп, суроолорубузга төмөндөгүдөй жооп берди.
 
- Сиздин көз карашыңыздагы реалдуу талапкерлердин эки-үчөөнү атап берсеңиз. Алар кимдер жана эмне үчүн?
 
- Реалдуу талапкерлер экөө гана: түштүк кландарынын атынан чыккан Камчыбек Ташиев, канчалык айлантып карабайлы, Мадумаров ага, менимче, атаандаш эмес жана жеңишке жетишкен революциянын жүзүн чагылдырган аракеттеги премьер, түндүктүн өкүлү катары Алмазбек Атамбаевди атасак болот. Айтмакчы, ысымдары аталган талапкерлердин штабдарында экинчи турда ат салышууга даярдык көрүлүп жатат. Бул эң кооптуу учур болуп калышы мүмкүн, анткени, бөлүштүрүү аймактык белги боюнча жүрөт да, элита өкүлдөрүнүн жаңы согушуна алып келиши толук ыктымал. Албетте, ар убакта бир пикирге келишүү, макулдашуу варианты болуп келет – бирөөсү биринчи орунду кепилдик берилген экинчи орун үчүн бошотуп берет. Эсиңиздеби, Бакиевдик биринчи шайлоо. Ал убакта Орусия менен Казакстан Бакиев менен Куловду бирөөнү таасирине жараша жогорураак, экинчисин бийлик конструкциясы боюнча төмөнүрөөк карап, кийин аларды биригүүгө мажбур кылган. Бышып-жетиле элек саясий режимдердин реалдуулугу ушундай, бул “Тоолордун падышасы” оюнуна көбүрөөк окшош, башкача айтканда, “бирөө гана калуусу керек”. Өз убагындагы Кулов сыяктуу бара-бара ордун бошотууга тийиш, жеңилүүгө учурагандын ролун экинчи жолу эч ким алгысы келбейт.
 
Премьердик кызмат баарынан мурда шайлоодогу атаандашка эмес, Атамбаевтин фаворитин эмитен эле колдоого алып жаткан башка күчтөргө убада кылынгандыгын айтпаганда, азыркы Кыргызстандагы бийликтин өтө татаал конструкциясына карабастан, узак мөөнөттөгү келечегинде ачык-айкын көрүнүп тургандай, атаандашкан топтордун макулдашууга келиши да бийлик тандеми үчүн же жок эле дегенде бир бүтүмгө келүүлөрүнө бекем негиз болуп бере албайт.
 
Шайлоодогу өз ара сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө Орусия менен Казакстанды кошкондо баштагыдай эле коңшулаш мамлекеттер да таасир этише турган фактыны четке кагууга болбойт. Бирок, бул шайлоолор мурдагылардан принципиалдуу түрдө айырмаланып, мында бул өңдүү иштерге мурда-кийин аралашпаган Кытай да өз ролун ойноп коюшу ыктымал. Пекиндин Кыргызстандын түштүгүнө таасир этүүсү, Кытай республикасынан Ферганага кыргыз аймагы аркылуу темир жолдун өтүшү, мындан башка да көптөгөн факторлор өлкөдөгү бийликти бөлүштүрүүдө чыгыштагы коңшусунун ролун жогорулатып коюшу мүмкүн.
 
Аңгемелешкен Лейла САРАЛАЕВА, Chalkan.kg

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында кабыл алынган токтомго ылайык, БШК президенттикке талапкерлерди каттоо процессин улантат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Боршайком басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов билдирди.
 
 Анын айтымында, кол топтоо баракчалары жараксыз деп табылган тогуз адам: Турсунбай Бакир уулу, Токтайым Үмөталиева, Нариман Түлеев, Салморбек Дыйканов, Аскарбек Абышев, Калыбек Арабаев, Төрөбай Колубаев, Акбараалы Айтикеев, Уланбек Сооданбековдун талапкерлиги кайрадан каралат. Алардын ичинен кыргыз тил сынагынан өткөн үч талапкер: Бакир уулу, Колубаев жана Дыйканов катталат. Калгандар ушул жекшемби күнү кыргыз тили боюнча экзамен тапшырат.
 
 Бул чечимдер БШКнын кийинки отурумдарында каралып, бекитилгенден кийин күчүнө кирет.
 
 25-сентябрга чейин Боршайком 20 талапкерди каттоодон өткөрүп, учурда алар үгүт жүргүзүп жатышат. Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленген.
 
Булак: Азаттык.

 

Президенттикке талапкерлерлерди текшерген мамлекеттик тил сынагы максатына жеткен жок. Бул туурасында “Азаттыкка” курган маегинде мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөсү, Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жетекчиси Абдылдажан Акматалиев билдирди.
 
Анын айтымында, бул жолу талапкерлердин алдын ала берилген даяр материалдардын негизине жаттап келип, жооп бериши сынактын жөн эле эл көзү үчүн өткөрүлгөндөй таасир калтырды. Эң биринчи тил сынак 2001-жылы болгон. Кыргыз тил сынагында талапкерлердин жазуу, сүйлөө жана көркөм окуу боюнча сабаттуулугу текшерилет. 20 талапкер бул сынактан өтүп, каттого алынып, учурда үгүт иштерин жүргүзүп жатышат.
 
Булак: Азаттык.