Белгилүү казак журналисти жана абройлуу «Деловая неделя» экономикалык жумалыгынын башкы редактору биздин өлкөдөгү саясий процесстерге сырттан көз жүгүртүп, суроолорубузга төмөндөгүдөй жооп берди.
- Сиздин көз карашыңыздагы реалдуу талапкерлердин эки-үчөөнү атап берсеңиз. Алар кимдер жана эмне үчүн?
- Реалдуу талапкерлер экөө гана: түштүк кландарынын атынан чыккан Камчыбек Ташиев, канчалык айлантып карабайлы, Мадумаров ага, менимче, атаандаш эмес жана жеңишке жетишкен революциянын жүзүн чагылдырган аракеттеги премьер, түндүктүн өкүлү катары Алмазбек Атамбаевди атасак болот. Айтмакчы, ысымдары аталган талапкерлердин штабдарында экинчи турда ат салышууга даярдык көрүлүп жатат. Бул эң кооптуу учур болуп калышы мүмкүн, анткени, бөлүштүрүү аймактык белги боюнча жүрөт да, элита өкүлдөрүнүн жаңы согушуна алып келиши толук ыктымал. Албетте, ар убакта бир пикирге келишүү, макулдашуу варианты болуп келет – бирөөсү биринчи орунду кепилдик берилген экинчи орун үчүн бошотуп берет. Эсиңиздеби, Бакиевдик биринчи шайлоо. Ал убакта Орусия менен Казакстан Бакиев менен Куловду бирөөнү таасирине жараша жогорураак, экинчисин бийлик конструкциясы боюнча төмөнүрөөк карап, кийин аларды биригүүгө мажбур кылган. Бышып-жетиле элек саясий режимдердин реалдуулугу ушундай, бул “Тоолордун падышасы” оюнуна көбүрөөк окшош, башкача айтканда, “бирөө гана калуусу керек”. Өз убагындагы Кулов сыяктуу бара-бара ордун бошотууга тийиш, жеңилүүгө учурагандын ролун экинчи жолу эч ким алгысы келбейт.
Премьердик кызмат баарынан мурда шайлоодогу атаандашка эмес, Атамбаевтин фаворитин эмитен эле колдоого алып жаткан башка күчтөргө убада кылынгандыгын айтпаганда, азыркы Кыргызстандагы бийликтин өтө татаал конструкциясына карабастан, узак мөөнөттөгү келечегинде ачык-айкын көрүнүп тургандай, атаандашкан топтордун макулдашууга келиши да бийлик тандеми үчүн же жок эле дегенде бир бүтүмгө келүүлөрүнө бекем негиз болуп бере албайт.
Шайлоодогу өз ара сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө Орусия менен Казакстанды кошкондо баштагыдай эле коңшулаш мамлекеттер да таасир этише турган фактыны четке кагууга болбойт. Бирок, бул шайлоолор мурдагылардан принципиалдуу түрдө айырмаланып, мында бул өңдүү иштерге мурда-кийин аралашпаган Кытай да өз ролун ойноп коюшу ыктымал. Пекиндин Кыргызстандын түштүгүнө таасир этүүсү, Кытай республикасынан Ферганага кыргыз аймагы аркылуу темир жолдун өтүшү, мындан башка да көптөгөн факторлор өлкөдөгү бийликти бөлүштүрүүдө чыгыштагы коңшусунун ролун жогорулатып коюшу мүмкүн.
Аңгемелешкен Лейла САРАЛАЕВА, Chalkan.kg