Президенттик шайлоо

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-ноябрга чейин созулушу мүмкүн экенин, бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев билдирди.
 
 Анын пикиринде, президенттик шайлоо эки айлампа менен өтсө, дал ушул убакытка чейин созулушу мүмкүн. “Эгерде 25-сентябрга чейин премьер-министр Алмазбек Атамбаев президенттикке талапкер катары мандат алып калса, өзүнүн ыйгарым укуктарын убактылуу токтото турушу керек. Атамбаев президент болуп калса, парламентке ким маалымат берет? Ал мамлекет башчысы болуп калса, парламенттин жыйынына чакыра албайбыз. Ошол эле учурда өкмөт аткарган иштер боюнча маалымат да алышыбыз керек”, - деди депутат.
 
 Мыктыбек Абдылдаев премьер-министр жакынкы аралыкта убактылуу премьер-министрди көрсөтүп, анын иштөө шартын аныкташы керек деп эсептейт. Мындан тышкары ал Алмазбек Атамбаев ыйгарым укуктарын убактылуу тапшырганга чейин өкмөт аткарган иштер тууралуу Жогорку Кеңешке маалымат бериши керектигин айтты.
 
Булак: Кабар.

Президенттикке талапкер болууга арыз берген Т. Бакир уулу жана С. Дыйканов тил сынагынан өтүп жатышат.
 
 БШК бекиткен график боюнча бүгүн мамлекеттик тил сынагынан талапкелер Т. Бакир уулу , С. Дыйканов, Н. Түлеев, К. Арабаев, У. Сооданбеков жана Т. Үмөталиевалар өтүшү керек болучу. Бирок, акыркы төрт кандидат БШКнын чечими менен президенттик жарыштан чыгарылгандыктан, эки талапкердин гана мамлекеттик тилди билүү деңгээли текшерилап жатат.
 
 Эртең, 23-сентябрда Кыргызстандын президенттик кызматы үчүн ат салышууга чыккан А. Атамбаев, А. Жапаров, С. Дыйканов, А. Каримов и Ж. Токтогазиевдер БШКнын мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын алдында сынактан өтүшмөкчү.
 
Булак: Кабар.

 

Президенттик шайлоого катышам дегендердин саны 25 адам калды. Алардын экөө талапкер катары расмий катталды. Калган 23ү боюнча тиешелүү документтер текшерилип жатат, канчасы катталат, азырынча белгисиз.
 
Каттоо 25-сентябрга чейин жүргүзүлүп, ошол күндөн тарта үгүт иштери башталат. Шайлоо 30-октябрда болот. Талапкер болуп каттоодон өтүү үчүн 100 миң сомдук күрөө коюп, 30 миңден кем эмес кол топтоп, кыргыз тил боюнча сынактан өтүү зарыл. Алгач шайлоо жарыяланганда президент болом деп БШКга арыз жазгандардын саны сексенден ашкан болчу.
 
Булак: Азаттык.

 

КР президенттин кызматына талапкер Алмазбек Атамбаевдин шайлоо штабы 19-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тууралуу Мыйзамдын нормаларын бузууга жол бербөө боюнча жазуу түрүндөгү эскертүүсүнө карата Биринчи май райондук сотуна арыз менен кайрылды.

 

БШК басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 19-сентябрда сот аталган арызды канагаттандырып, бул эскертүүнү жокко чыгарып, БШКга болсо 22-сентябрь саат 18ге чейин расмий сайтында Атамбаев мыйзамды бузган жок деген төгүнгө чыгарууну жарыялоону милдеттендирди.
БШК өз кезегинде көзөмөл арызын КР Жогорку сотуна жиберди.
 
Булак: Баракелде.

 

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Токтайым Үмөталиеваны президенттикке талапкер катары каттоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алды. 

 

Жыйында БШК мүчөсү, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары Канат Абдукадыров президенттикке талапкер Токтайым Үметалиева кол топтоо тууралуу документтеринде тактыктар жок экендигин айтып, БШК каттоодон баш тарткандыгын айтты.
Т.Үметалиеванын ыйгарымдуу өкүлү Кирилл Степанюк талапкер 35 миң кол топтогондугун айтты. 
“Менин байкоочуларым менен БШК көз карандысыз комиссия түзүп, кол топтогон документтеримди кайрадан текшерип чыгышсын. Баардык талапкерлер үчүн талаптар, шарттар бирдей болсун”, - деп айтты Т.Үмөталиева.
Талапкер ага каршы акция уюштурулуп жаткандыгын билдирди. Ал эми БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Т.Үмөталиеваны сотко кайрылууга чакырды.
 
Булак: Кабар.

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү 20-сентябрдагы жыйынында талапкерлер Н.Түлеевди, А.Абышевди, У.Сооданбековду, К.Арабаевди президенттин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартты.

 
БШКнын мүчөсү, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары Канат Абдукадыровдун айтымында, бул талапкерлер кол топтоо нормаларын туура эмес толтургандыгынын натыйжасында баш тартуу сунушталып жатат. 
Жыйында Н.Түлеев 136 миң кол топтогону айтылды, бирок алардын көбү туура эмес толтурулган. «Мен Н.Түлеевдин бир папкасын текшергенде, бир папкадан 4500 кол толтуруу болгон, бирок алардын арасынан 145и эле туура толтурулган. Ошондуктан бир папкадан эле ушунча туура эмес толтурулган кол жазуулар чыкса, эмне болот», - деди БШК мүчөсү Жаркын Бапанова. 
Ошондой эле Н.Түлеевдин папкасынан 21 миң кол гана туура толтурулгандыгы маалым болду. Буга байланыштуу БШК аталган талапкерлерди каттоодон баш тартты.
 
Булак: Баракелде.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитети «Кыргызстандын президентин эркин, акыйкат жана айкын шайлоону өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун бир добуштан кабыл алды.

 
Комитеттин 20-сентябрдагы жыйынында демилгечи, депутат Акылбек Жапаровдун айтымында, үгүт иштери башталганда жогорку даражалуу кызматтарды ээлеп жаткан чиновниктер кызматтарынан кетүү талабы коюлган. Бул талап депутаттарга дагы тиешелүү, себеби депутаттар мамлекеттик кызматкерлер болуп эсептелет, деди ал. 
Анын айтымында, бул токтом долбоору президенттик шайлоону таза жана акыйкат өткөрүү үчүн кабыл алынып жатат.
 
Булак: Баракелде.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын курамын өзгөртүүдө.
 
Маалыматка ылайык Тоң, Ноокен, Аламүдүн, Жайыл жана Ысык-Ата райондорунун өкүлдөрү аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыга тургандыктары туурасында арыздарын беришкен.
 
БШК мүчөсү, жумушчу топтун жетекчиси Жеңишбек Акматовдун айткандарына караганда алардын орду резервдеги комиссия мүчөлөрү менен толукталмакчы.
 
Булак: Кабар.

Бүгүнтөн баштап Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлерди расмий каттоодон өткөрө баштады. "Азаттыктын" кабарчысы БШКдан маалымдашынча, алгачкылардан болуп "Ата Журт" партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровго президенттикке талапкердигин тастыктаган күбөлүктөр тапшырылды.
 
Талапкерлерди каттоо 25-сентябрга чейин жүргүзүлөт. Ошо күндөн тартып үгүт башталат. Президенттик шайлоо Кыргызстанда 30-октябрда болот. Ага катышам дегендердин саны 30га жакын адам.
 
Булак: Азаттык.

Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчиликтеринде жана өкүлчүлүктөрүндө түзүлгөн аймактык шайлоо комиссиялары календарлык планга ылайык Борбордук шайлоо комиссиясына чет мамлекеттердеги шайлоочулар тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу КР ТИМ маалымат кызматы билдирди.
 
Азыркы учурда КР биринчи-вице-премьер-министри Өмүрбек Бабановдун тапшырмасы менен ал маалыматтарды жарандардын катталуусу боюнча кошумча текшерүүдө.
 
Кыргызстандын чет мамлекеттерге чыккан көпчүлүк жарандары каттоодон чыккандыгын эске алып, алардын КРда акыркы мезгилде катталган жери көрсөтүлөт.
 
Булак: Кабар.

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 20-сентябрда кол топтоо баракчасын текшерүүнү жыйынтыктайт. Бул тууралуу БШК мүчөсү Жеңиш Акматов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
 
Анын айтымында, учурда 4 талапкердин кол топтоо баракчасы текшерилип, протокол кабыл алынды. БШКнын талапкерлердин документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү Азиза Ормушеванын берген маалыматы боюнча, Адахан Мадумаров 69 миң 853 кол топтогон, Камчыбек Ташиев – 83 миң 469, Өмүрбек Текебаев - 81 миң 80, Исхак Масалиев – 34 миң 260 кол топтошкон.
 
Булак: Баракелде.

БШКнын 20-сентябрда өткөн жыйында айтылгандай, кыргыз тили боюнча экзаменден бүгүнкү күндө 18 талапкер өттү.
 
Алар: К.Ташиев, А.Мадумаров, Т.Асанбеков, Ө.Суваналиев, К.Байболов, Ө.Текебаев, К.Осмонов, М.Султанов, И.Масалиев, А.Абдылдаев, Ө.Эгембердиев, М.Иманкулов, А.Калматов, Т.Колубаев, Ш.Медетбеков, К.Исабеков, А.Матубраимов, Р.Оморов.
 
Кийинки сынак 22-23-сентябрь күндөрү өткөрүлөт. Ал эми жалпы талапкердин саны бүгүнкү күндө 30 болду.
 
Мындан тышкары, БШК мүчөлөрү айыл өкмөт башчыларынын күбөлүктөрүнүн формаларын бекитти. Жыйындай айтылгандай, күбөлүккө «Айыл өкмөтү» деп жазылат.
 
Булак: Баракелде.

Президенттик шайлоо жакындаган сайын ажолукка ат салышмакчы болгондордун катары суюлуп жатат. Алгач шайлоого катышам дегендердин саны 80 адамдан ашса, учурда анын саны 50 талапкерге чейин кыскарып, 30 талапкер эле калды. Бул көрсөткүч шайлоо өнөктүгү башталганга чейин дагы бир кыйла кыскарышы мүмкүн.
 
«Фабула» гезитинин 20-сентябрда чыккан санында жазылгандай, учурда шайлоого ат салышмакчы болуп жатышкан көрүнүктүү төбөлдөрдүн ортосунда сүйлөшүүлөр, соодалашуулар жүрүп жаткан кези. «Айрым маалыматтарга караганда, Акылбек Жапаров, Өмүрбек Субаналиев, Адахам Мадумаров, Нариман Түлеевдер биригүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышканы айтылууда. Ал эми коомчулукта Өмүрбек Текебаев менен Камчыбек Ташиевдин жашыруун тандем түзгөндүгү кеп болуп келет. Марат Султанов болсо, Атамбаевге ыктап жатат деген сөздөр бар. Мына ушул өңүттөн алып караганда, шайлоого катышчу талапкерлер ич ара биригип отуруп, жыйырманын ар жак, бер жагындагы гана талапкер аламанга ат салыша тургандыгын серепчилер белгилешет», - деп жазат гезит.
 
Булак: «Фабула».

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Акбаралы Айтикеевди президенттикке талапкер катары каттоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алды.
 
Жыйында БШК мүчөсү, жумушчу топтун жетекчиси Жеңишбек Акматов президенттикке талапкер Акбаралы Айтикеевдин кол топтоо боюнча документтери талапка туура келбей тургандыгын айтып, БШК аны каттоодон баш тарткандыгын билдирди.Маалыматка ылайык бүгүнкү күндө президенттик кызматка 30 талапкер ат салышууда.
 
Булак: Кабар.

 

 

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүнкү жыйынында Камчыбек Ташиев жана Адахан Мадумаровду КР президеттигине талапкер катары каттады.
 
БШКнын мүчөсү, жумушчу топтун жетекчиси Жеңишбек Акматов А.Мадумаров жана К.Ташиев мамлекеттик тил сынагын ийгиликтүү тапшыргандыгын, шайлоо фондун түзүп 100 миң сом күрөө койгондугун эске алышып БШК президенттикке талапкер катары каттагандыгын билдирди.
 
БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов К.Ташиевдин өкүлүнө президенттикке талапкер деген күбөлүктү тапшырды. Ал эми талапкер Адахан Мадумаров күбөлүктү өзү келип алды. “Жакшылык болсун, президенттик шайлоо таза өтүшүнө ишенемин”, - деди А.Мадумаров.
 
Булак: Кабар.

 

 

Тил сынагынан кулап калганына нааразы болгон талапкер Арсланбек Малиев «Кыргызстанда мамлекет тарабынан жарандар кыргыз тилин билиш үчүн эч нерсе жасалган эмес» дейт. Бул тууралуу «Алиби» гезити 20-сентябрдагы санында жазат.
 
Мен мектепте да ЖОЖдо да орусча окугам, акыйкаттуу болуш керек да — деген өңүттөгү оюн билдириптир, дейт гезит.
 
Булак: «Алиби».

30-октябрь Президенттик шайлоо күнү, республиканын баардык шайлоо участкаларында “Таза шайлоо” ассоциациясынын 1,5 миңден ашык байкоочулары анын жүрүшүнө көз салышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ассоциациянын директору Айнура Усупбекова билдирди.

Анын айтымында, шайлоо күнү 1 миң 500 участокко бирден байкоочу жөнөтүлөт. “Байкоочулар шайлоонун таза, мыйзам чегинде өтүшүнө көз салышат. Өз алдынча протокол жүргүзүшөт, анын жыйынтыгы боюнча биз өз баабызды беребиз”-деди ал.
Бүгүнкү күндө ассоциациянын 55 мүчөсү республиканын баардык шайлоо участокторунда болуп, шайлоого даярдык менен таанышууда.
“Таза шайлоо” ассоциациясы көз карандысыз уюм, ал 2010-жылы парламенттик шайлоодо да байкоо жүргүзүп анын өтүшүнө өз баасын берген.
 
Булак: Кабар.

«Таза шайлоо» ассоциациясы бейөкмөт уюму алдыдагы президенттик шайлоо боюнча көз карандысыз байкоо жүргүзүү ишин баштады. Бул тууралуу аталган уюмдун аткаруучу директору Айнура Усупбекова 19-сентябрда АКИpressте өткөн маалымат жыйында билдирди.
 
Анын айтымында, 14-сентябрдан тарта көз карандысыз узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүү үчүн республика боюнча 55 байкоочу аймактарга жиберилди. Алар шайлоо алдындагы абал боюнча жана шайлоо процессинин жүрүшүн байкоого алып, 2 ай бою өз ишмердүүлүгүн улантат.
 
«Таза шайлоо» ассоциациясы бул 2 ай ичинде аймактык шайлоо комиссияларынын курамын текшерип, анын деңгээлин аныктоо, шайлоочулардын тизмесин түзүү ишинин жүрүшүн көзөмөлдөө, ММКлардын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча ишмердүүлүгүн байкоо, БШКнын ишмердүүлүгү, талапкерлердин жашыруун үгүт иштерин жүргүзүүсүн жана шайлоо күнү добуш берүү процессин байкоо боюнча мониторинг жүргүзөт.
 
«Бүгүнкү күндө кээ бир аймактык шайлоо комиссияларында бир катар көйгөйлөр болуп жатат. Мисалы, комиссиянын резервинде киши жок же комиссиянын курамында фамилиясы бар экенин билбеген адамдар кездешип жатат. Айрым жерлерде комиссия курамында иштөөдөн баш тартып жатышат. Мындан тышкары, азыр жашыруун үгүт иштери жүрүп жатат. Штабынын алдында бир катар талапкерлердин сүрөтү илинип турат. Ушуга окшогон айрым жашыруун үгүт иштери жүрүп жаткандыгы байкалып жатат. Мындай фактылар боюнча БШКга билдирүү жиберебиз», - деди узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүү боюнча координатор Э.Автандил.
 
Анын айтымында, республика боюнча байкоо жүргүзүү иши милдеттендирилген 55 байкоочу мониторинг боюнча жума сайын маалымат берип, 2 айда 8 жолу отчет беришет.
Булак: Баракелде.

 

Бүгүнкү күнгө карата президент болом деп Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылгандардан 30 адам калды.
 
18-сентябрда мамлекеттик тил сынагынан Арсланбек Малиев өтпөй калган. Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев БШКга арызын кайра чакыртып алган.
 
30 миңден кем эмес кол топтоп, 100 миң сомдук күрөө коюп, кыргыз тил сынагынан өткөндөр гана президенттикке талапкер катары расмий түрдө БШКдан катталат. Үгүт иштери 25-сентябрдан тарта жүргүзүлөт. Шайлоо 30-октябрга белгиленген.
 
Булак: Азаттык.

 

 

 

Кыргызстанда президенттикке талапкерлердин мамлекеттик тил сынагын тапшыруусу бейшемби күнү улантылат. Алдыда 11 талапкер тил сынагын тапшырмакчы.
 
22-сентябрь күнү тил сынагын тапшыра тургандар:
 
- Нариман Түлеев, («7-апрель жаштар кыймылы» партиясы);
- Калыбек Арабаев, «Чолок-Туума» дыйкан чарбасынын жетекчиси;
- Уланбек Сооданбеков, убактылуу иштебейт;
- Турсунбай Бакир уулу, “ЭрК” партиясы;
- Сооронбай Дыйканов, «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын директору;
- Токтайым Үмөталиева, («Жашасын Кыргызстан» партиясы).
 
23-сентябрда тил сынагынан өтө турган талапкерлер:
 
- Алмазбек Атамбаев, («Кыргызстан социал-демократтар партиясы»);
- Акылбек Жапаров, Жогорку Кенештин депутаты;
- Аскарбек Абышев, «Кыргызспецэкспорт» ЖЧК башкы директору;
- Алмазбек Каримов, «ЮТС - Медиа» компаниясынын башкы директору;
- Таалайбек Токтоказиев, убактылуу иштебейт.
 
Булак: Кабар.