Кыргызстанда 12-майга карата коронавирус дагы 283 адамдан аныкталды.

Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 158, Ош шаарында – 14, Чүй облусунда – 75, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 18, Жалал-Абад облусунда – 5 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 289 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 197, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 52, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусунда – 1 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 755 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 472 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 204 бейтаптын абалы орто оордукта, 447 адамдын абалы оор жана 89 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 511 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 446 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 99 миң 316 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 92 миң 409 киши айыгып чыкса, 1 миң 675 адам каза болду.