Талас шаарында бюджеттик каражаттарды уурдоо фактысы аныкталганын УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, коопсуздук кызматы Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасында материалдык каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу жолу аркылуу акча каражаттарын уурдоо боюнча коррупциялык схеманы аныктады жана ага бөгөт койду.

"Мындан улам, аталган муниципалдык ишкананын жооптуу жетекчилерине жана кызматкерлерине кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Аудитордук текшерүүнүн алдын ала жыйынтыгы менен мамлекеттин кызыкчылыгына 6 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилгени такталды.

Азыркы учурда бул иштин бардык жагдайларын, ошондой эле коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.