Европа өлкөлөрүндө коронавирустун үчүнчү толкуну башталды.

Бул тууралуу Австриянын Саламаттыкты сактоо министри Рудольф Аншобер маалымдады.

Абал Франция, Германия жана Италия мамлекеттеринде да начарлап баратканы айтылат.

«The Guardian» басылмасы жазгандай, февралдын башынан бери Европада коронавирустун суткасына жаңы катталган учурлары рекорд жаратып жаткандыктан, кайрадан коменданттык саат жарыялап, айрым өлкөлөрдө локдаун киргизүүгө туура келген.

15-марттан тарта Италияда үчүнчү толкунга байланыштуу кайрадан катаал карантин калыбына келтирилди. Ооруканалар бейтаптарга толгону айтылууда. Өлкөнүн он облусунда мектеп менен дүкөндөр жабылган, ал эми ресторандар жеткирип берүү кызматын гана аткарып жатат.

Ал эми Франциянын Саламаттыкты сактоо министри ар бир 12-минута сайын интенсивдүү терапия бөлүмүнө бирден бейтап түшүп жатканын маалымдады. Вирусту жуктуруп алгандар көбөйгөн учур Польша, Венгрия жана Чехияда да катталууда.

Булак: Маралфм