Бишкек, "Саясат. kg".   Акыркы сутка ичинде коронавирус жана пневмониянын жаңы 241 учуру катталды.

Бул тууралуу республикалык ыкчам  штабынан билдирди.

Жаңы катталган учурлар:

  • Бишкек - 73 
  • Ош - 13 
  • Чүй облусу – 55 
  • Ош облусу - 22 
  • Талас облусу - 6 
  • Нарын облусу - 3 
  • Ысык-Көл облусу – 38 
  • Жалал-Абад облусу – 19 
  • Баткен облусу - 12 

Муну менен Кыргызстанда коронавирус жана  пневмония  илдетине чалдыккандардын жалпы саны  78 миң 151 адамга жетти.

Ал эми  сутка ичинде COVID-19 илдетинен 403 адам сакайып, ооруканадан чыгарылды. 

Алар:

  •  Бишкек – 119
  •  Ош шаары – 25
  •  Чүй облусу – 101
  •  Ош облусу – 28
  •  Талас облусу – 4
  •  Нарын облусу – 8
  •  Ысык-Көл облусу – 54
  •  Жалал-Абад облусу – 37
  •  Баткен облусу – 27

Республикалык ыкчам штабынын  маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпы 71 миң 270 адам коронавирус менен пневмониядан айыккан.

COVID-19 илдетинен 1 бейтап каза болду.

Маркум болгон бейтам Ош облусундагы ооруканада дарыланып жаткан.

Өлкө боюнча  коронавирус жана пневмониядан  жалпы 1317 адам көз жумду.

 

 

Ал эми бир суткада стационардан 3, үй карантининен 12 медкызматкер чыгарылган.